Азербайжан Парламентинин депутаты, жазуучу Ганира Пашаева жазуучулар союзуна келди

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Парламентинин маданият комитетинин төрайымы, депутат, ф.и.д., жазуучу Ганира Пашаева менен жолукту.

Жолугушууга Ганира айым менен бирге Азербайжан Парламентинин депутаттары: илим, билим жана саламаттык сактоо комитетинин мүчөсү, мамлекеттик жана саясий ишмер Мушвиг Фазиль оглы Мамедли, экономикалык саясат, өнөр жай жана ишкердик боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, мамлекеттик жана саясий ишмер Али Ахмед оглы Масимли, “Нефес” коомдук бирикмесинин төрайымы Фиренгиз Балакишаева, Эл аралык “Евразия” басма сөз фондунун жетекчиси Үмүт Рехимоглу Мирзаев катышты. Ал эми Улуттук жазуучулар союзунан төраганын орун басары К.Кадыракунов, акын Жедигер Саалаев, жазуучу Ж.Моңолодоров, Ж.Акаева, А.Исмаилов, Ж.Турсунбаевдер болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө төрага Н.Калыбеков эки элдин ортосундагы адабий кызматташтык байланыш чыңдалып жатканын билдирди. “Карабах аңгемелери”,  китеби кыргыз тилинде жарык көрүп, эки ирет бет ачары өткөрүлгөндүгүн маалымдады. Китептин чыгышына көмөк көрсөтүп, адабий алаканын бекемделишине Ганира айымдын салымы чоң экендигин белгиледи.

Ганира Пашаева өз сөзүндө 2023-жылы Азербайжандын Шуша шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданият шаары” деп жарыялангандыгын айтып, мунун алкагында Азербайжан Республикасы боордош өлкөлөрдө (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан ж.б.) маданий иш чараларды уюштуруу ниети бар экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда төрага Н.Калыбеков Ганира Пашаевага ыраазычылык барагын тапшырды. Ал эми Ганира Пашаева жазуучулар союзуна компьютер жана принтер белек кыларын убада кылды.