Абдыжапар Эгембердиев: Санааркап келип мен бүгүн, Санааркап кеттим кайра эле…

Ачык болсун асманы!         

1.
Күндөр келди калк түйшүктөн кыйналган,
Көңүл ооруп, күлкү кетип, ый калган.
Кээ бирөөнүн төрт тарабы төп болуп,
Башы айланган бакыт менен жыргалдан.

Күндөр келди ичтен бузуп ириген,
Ташыркаткан тексиздиктен чириген.
Каар менен кең ааламга жар салып,
Ачуу сөздү айткың келет дилиңен.

Күндөр келди жаны күйгөн эчендин,
Күнү тууган жандими, кур чечендин.
Кутурушуп Абыкелер, Көбөштөр,
Бар байлыгын ээлеп алган Мекендин.

2.
Жан багууга арга издеп бекерге,
Чилдей тарап, көбү кеткен чет элге.
Мында бирөө ичерге суу таппаса,
А бирөөлөр кечүү таппайт кечерге.

Шылуундар көп, чириген бай теңесек,
Андайларга берүү керек эл эсеп.
Айто-ор, азыр жөө туманга чулганып,
Ачык жолун айтпай турат келечек.

Дейин десең – санааны кой, бүткүлө!
Дейин десең – жакшы күндү күткүлө!
Тумоо деген балээси да жармашып,
Алат кылды кокуй күндүн үстүнө.

3.
Жаратканым элге тынчтык, нан берсин,
Үйсүзгө үй, тамсыздарга там берсин.
Ууруларга талап жаткан өлкөнү,
Абийир берсин, ыйман менен ар берсин.

Иш оңолсун, жылалычы алдыга,
Мара чукул, жакын эле ал – мына.
Жик түшүрбөй журтубузга жүдөгөн,
Бөлбөйлү аны байлар менен жардыга.

Кытай карыз кыйнап турат болжолу,
Изденели, табылаттыр оң жолу.
Көрпенделер сала берип колдорун,
Кут өлкөнү кулатпаса болгону.

Бийик кетип тоолору да, аскары,
Таза болуп ар бир таңдын атканы.
Жакшы күндөр тийип дайым багына,
Ачык болсун элибиздин асманы!

 

Бир чындык

Агарган чач кайра экинчи карарбайт,
Карыккан көз кайра балбал жана албайт.
Өмүр деген кымбат экен ушунча,
Адам пенде кетсе кайра жаралбайт.

Арам оокат болгон менен бай кылбайт,
Адал эмгек азбы-көппү тайгылбайт.
Жаштык деген колго турбас нерсе экен,
Бир кеткен соң сыздасаң да кайрылбайт.

Куураган тал кайра бүрдөп көгөрбөйт,
Суу куйбаса көл да соолуп төмөндөйт.
Ата-эненин баркын-баасын билбеген,
Кадыр күтүп, калк сыйына бөлөнбөйт.

Бакыт бир кез мелт-калт болуп төгүлбөйт,
Бакыт бир кез издесең да көрүнбөйт.
Аккан дайра миң тарамдап бөлүнүп,
Кээде атайы бурсаң дагы бөлүнбөйт.

Жакшы ой дайым келе бербейт башыңа,
Жакшы турмуш турбайт дайым чачыла.
Ажал келсе бар-жогуңду эске алып,
Карап койбойт карыңа да, жашыңа.

Бүт сулууну ала албайсың сүйгүзүп,
Бүт түйшүктү ала албайсың үйгүзүп.
Келер күнүң улам кызык көрүнөт,
Кеткен күнүң улам көздү күйгүзүп.

 

Өмүрдүн өлчөм, баасы…
Энем Бурулкандын жаркын элесине

1.
Кабагыңдан нур чачырап,
күнүң Күн да, көлөкөң Ай.
“Ымырт түндө төрөгөм” деп,
көп айтчу элең, энекебай.

Быжыраган сансыз жылдыз,
билигиндей алсыз шамдын.
Моюн созуп шыкаалашкан,
айнегинен жапыз тамдын.

Август түнү чабалактап,
толгоо коштоп, кейип неден.
Эгинзарды үч көтөрүп,
дуулап чыккан чегирткелер.

…Кабагыңдан нуруң жанбай,
күнүң түн да, көлөкөң Ай.
“Ымырт түндө жоготком” деп,
кантип айтам, энекебай?!

Айныгансып азабыңдан,
Акыл-эсим алсыз менин.
Баш калаадан Көлдү беттеп,
алып барам жансыз дениң.

Тагдыр түшкүр тынбай агып,
ордуна түк келбейт белем.
Керек десең ойлонбостон,
бир өпкөмдү бербейт белем.

Быжыраган жылдыз да жок,
кара булут тосуп мүлдө.
Караан болбой куурап кал ай,
кемтиги көп арман дүйнө.

2.
О-о шум тагдыр, кубанычтан кайгың көп,
Оңго-солго бөлүштүргөн сызыктай.
Эки көзүм бирин сайып соолутуп,
Бир канатым кыйып түштүң кылычтай.

Жанталашсам табамбы деп арга издеп,
Жалоорутуп көп адамга киргиздиң.
Өтө албаган жазуусунан жазмыштын,
Бечара бир жан экеним билгиздиң.

Көз жаш төгүп, жерден боорум ала албай,
Каңырыгым түтөткөнүм бир эби.
Келегой деп, барагой деп балдарын,
Куттуу үйдүн кутун сактайт ким эми?!

Кайып болгон караанын көп издетип,
Жаңырыктай алыс тартар аты улам.
Бырыш баскан кимдин сүйүп жүзүнөн,
Буурул тарткан кимдин сылайм чачынан?!

Күтөр атам, күтөр бир туугандарым,
Өмүр болсо миң кайрылып келермин.
Серепчилеп, бирок, жолум караган,
Кайдан табам жан мээримин энемдин?

Түптүн суусу аза жайын билгенсип,
Ташка урунуп тынчый албай көбүрөт.
Келген сайын бейитиңе жаш төгүп,
Жүрөгүмдү сыздатармын көп ирет.

 

Балалык

Балалык өттү айылда,
Бала элем жармач бүлөдө.
Ай нурун төкчү кайыңга,
Үлбүрөп таңда Күн өбө.

Чеги жок сындуу дүйнөнүн,
Бейкапар күндөр узады.
Ченемсиз каалап, сүйгөмүн,
Керемет дүйнө, музаны.

Аялуу карап малга да,
Сабалган, же бир союлган.
Санаага салчу анда да,
Сарыккан суулар моюлдан.

Керемет болуп кетчү күн,
Кыялым ташып кыяндай.
Буулугуп кээде кетчүмүн,
Көзүмдүн жашын тыя албай.

Кошулуп топко тез эле,
Түшчүдөй болуп жарышка.
Өскүлөң, тынчсыз кез эле,
Умтулуп турчум алыска.

Белгисиз бир күч азгырып,
Делөөрүп дайым турчу элем.
Баштагы ой недир жазгырып,
Чатакка жакын, курч элем.

Таңында туруп сөгүлчү,
Таңыркай карайм – агат кар.
Көзүмө ысык көрүнчү,
Көгөргөн чексиз тараптар.

Жыбылжып ырдын шоораты,
Жүрөктү эчен жибиткен.
Күттүргөн акын – ооба чын,
Кыялкеч ушул жигиттен.

Тагдырды болжоп болобу,
Батпайын бекер күнөөгө.
Турмуштун болбой коногу,
Жанымды салдым бүдөөгө.

* * *
Бийиктен түшкөн мөлтүр суу,
берметтей күнгө жалтырап.
Сездирип салкын илебин,
аскага тийип жанчылат.

Манаттай күйүп кыр жапкан,
жел өпсө тоонун гүлүнөн.
Капчыгай өңдүү гүүлдөп,
алдастайт менин дүнүйөм.

Алыста жүргөн жан курбум,
жарымы окшоп өзүмдүн.
Көзүмдөн учуп карааны,
өрүктөй болуп эзилдим.

Көргөзбөй коюп таптакыр,
же тагдыр мурда туш кылбай.
Көкүрөк – санаа, көңүл – өрт,
камоодо калган туткундай.

Кыйылып көрүп жаныңдан,
кызарып кирген кечиңди.
Жыйсам деп келип бир азга,
жоготуп кеттим эсимди.

Күү чалган чакан капчыгай,
көңүлгө жакын жай беле?!
Санааркап келип мен бүгүн,
санааркап кеттим кайра эле.

* * *
Кечээ эле жалындаган жүрөгүң,
Бүгүн капыс муздаганга күйөмүн.

Тап калчу эле өчкөн оттун артында,
Сенин жүзүң суу сепкендей салкын да.

Жолукканда бейтааныштай карадың,
Муңайым, суз жанып турчу жамалың.

Колду шилтөө оңой болсо сезимге,
Мен жаңылгам сени сүйгөн кезимде.

Эми кайдан назың эңсеп кол сунуу,
Болбогондой эч бир сезим толкуну.

Эскерүүлөр, өкүнүүлөр, башкалар,
Бийлик кылып мени кыйла башкарар.

Чындыгына көзүң жетип катаңдын,
Өзүңдү өзүң жектээриң чын качандыр.

Бирок, анда суу дагы жок, сай да жок,
Өткөндөргө кайгыруудан пайда жок.

* * *
Какканын сезип жүрөктүн,
Денеде жалын от ойноп.
Кеталбай турдук бөлүнүп,
Кеч күзгү кайың токойдо.

Кең дүйнө болуп керемет,
Кебимдин таппай кыябын.
Калкылдап барам кайдадыр,
Каркыра болуп кыялым.

Шуудурап күмүш бариктер,
Жел жүрсө муздак сыдырым.
“Сагынам сизди, агай” деп,
Жалооруп чыкты шыбырың.

Көңүлгө түшүп көп санаа,
Көзүңдүн жашын кулатып.
Колдоруң булгап канаттай,
Карааның турду узатып.

* * *
Келем дейсиң, келер жериң –
миң чакырым аралык.
Келбе деймин, келбе деймин,
алыс бойдон калалык.

Таарынасың телефондон,
аның деле анык эп.
Дилдиреген үнүңдү угуу,
азыр мага каниет.

Эки көзүм төрткө айланып,
көрүү деле ойдо го.
Эскертерим бирок сага,
сезим менен ойнобо.

Түшүп келип алаканга,
күйгүзөт Күн табынан.
Мен сүйүүнү сүйгөн менен,
корком андан абыдан…

Келем дейсиң, келер жериң –
миң чакырым аралык.
Келбе деймин, келбе деймин,
алыс бойдон калалык.