Мусакун Сатыбалдиев: Дүмүр

Дүмүр Кышкы тоо. Бардык тарап акка тунуп, кандайдыр бир жымжырттыктын оор салмагына басырылгандай тунжурайт. Бийиктеп отуруп, асманга туташып кеткен сымал көрүнгөн тоо боорундагы жыш карагайлар ак тон кийген жоокерлердей былк этпей, сөөлөт күтүшөт. Алар ушул турушу менен эле адамдын жан-дүйнөсүнө бир тазалыкты, улуулукту, ыйыктыкты билгизбей, акырын тамчылатып тургандай. Анан ошол тамчылар тирилик, турмуш, тагдыр деп аталган көйгөйлөргө толгон нерселердин көкүрөккө катмарлана жыйылган кара тактарын агартып, кез-кези менен жан сыздата ооруткан дартты айыктырып жаткансыйт. Ушу саам бардыгы унутулуп, али жашоо, дүйнө жүгүнө биротоло тепселе элек жүрөгүнө бычактай тийген ачуу сөздөр, денесин толугу менен…..