Сүйөркул Тургунбаев: Мезгилдин кайрагына өзүн чыңаган акын

Мезгилдин кайрагына өзүн чыңаган акын Өткөн доордун жетимишинчи-сексенинчи жылдарында кыргыз поэзиясынын асман-ырайын жаңыртып, шоокум-шарпа таратып, ургаалдуу бир толкун менен кирген калемгерлердин – Жолон Мамытовдун, Турар Кожомбердиевдин, Карымшак Ташбаевдин, Курбаналы Сабыровдун тобуна элибиздин байыртан берки көөнөрбөс, кыт куйгандай төл сөздөрүнө сугарылган чыгармалары менен Орозбай Көчкөнов кошулган эле. Акын чыгармачылыгынын алгачкы мезгилине мүнөздүү болгон жаштык демөөр, жашоо кумары, жарык дүйнө жарашыгы, өмүр сүргөн мезгили жана замандаштарынын жан дүйнөсүндөгү кубаныч-өкүнүчтөрүнүн купуя сырларын көркөм сөз кудуретине салып, образдуу ачып берүүдө ийгиликтерге жетишкен. Алгачкы “Бир түп дарак”, “Жарык дүйнө”, “Көрөңгө” аттуу китептеринен өрүш алган чыгармачылыктын толугу менен…..