Темирбек Жолдубаев: Бүркүт (аңгеме)

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Темирбек Жолдубаевдин “Бүркүт” аңгемеси эл аралык адабий сыйлыкка ээ болду. Аталган аңгемени орус тилине Гүлнар Эмилова которгон. Авторлорду ийгиликтери менен куттуктайбыз. Чыгармачылык эргүүңүздөр артып, мындан да жогорку сыйлыктарга татып аман болуңуздар. Окурмандарга автордун “Бүркүт” аңгемесин окуп коюуну сунуштайбыз.           Бүркүт (аңгеме) Эл аралык адабий сынакта биринчи орунга татыктуу болгон чыгарма Чокусун аппак кар басып, асман тиреген тоолор көз жоосун алып, бир сыры бардай заңкайышат. Кокту-колотторунан көбүрүп-жабырылган аккан тоо сууларынын жогортон төмөн карай өркөчтөнө акканы жаш баланын оңко-чоңко атып ойноп келе толугу менен…..