Алик Акималиев: Менде генийликтин жерпайы бала чагыман эле бар болчу.

Эч жасалмасы жок, турган-турпаты менен акын Алик Акималиевдин ар бир маеги окурманды өзүнө тартып алат. Окуган сайын окугуң келет. Аттиң, көзү тирүү болгондо дагы далай кызыктуу маектерине, ырларына күбө болот элек. 2011-жылы Мамат Сабыров менен кызыктуу маектешүү болгон экен. Окурмандардын эсине кайрадан бир салып коюуну туура көрдүк. Алик Акималиев: Менде генийликтин жерпайы бала чагыман эле бар болчу. -Алик, “Мен – ырдын падышасымын” деп айтып каласың. Үйдүн да падышасысыңбы? -Жок, үйдүн падышасы эмесмин. Эч бир акын үйгө падыша боло албайт. -Эмне үчүн? -Себеби, үйдө каныша бар да. Алар сени жеңип коюшкан. толугу менен…..