Зинакан Пасаңова: Шайтан азгырыгы (аңгеме)

Шайтан азгырыгы

Аңгеме

Чоң базарга жакындаган сайын куурулган май токочтун, отко какталган шишкебектин, тандырга бышкан самсанын даамдуу жыты келип, Айымдын өзөгүн үзө тарта баштады. Бирок, чөнтөгүндөгү болор-болбос тыйынын ойлогондо кадам сайын жайнап турган тамак-аштан каректерин ала качат.

Мектепте окуу ачылардын алдында сооданын арааны жүрүп турган экен. Окуучу балдарына кийим сатып алуу үчүн айылдыктар малын, картөшкө-сабизин, май, курутун жапырт базарга алып чыгышып, арзанга пулдаган маал. Чайкоочулар жайлоонун майы менен курутуна жабыша калышып, колдон талашышса да жарым наркына сурашат. Айым да сары майы менен курутун өзү чамалагандан да арзан сатты. Акыры зарыкканда арзыбаган баага карматып, акча салынган кол баштыгын колтугуна бекем кыскан боюнча кийим-кечек базарына бет алды. Бешене тери менен тапкан түшүмүн бекерге бергендей ичи ачышып баратты. Эми тестиер уул-кызына бир сыйра кийим алууга акчасы жетээр бекен?

Ушинтип санааркаган аял өзүнө окшош жүдөө кийинген, мусапыр кебетеленген адамдарды, же колдорун жая тилемчилик кылып жүрүшкөн жаш балдарды, кары-картаңды, а түгүл кир баштыктарды асынышкан самтырак кийимчен лөлүлөрдү көзү чалып калса боор толгоп аяй тиктейт. Алардын саны мурдагыдан көбөйө түшкөнсүйт.

Базардын ичине кире бериште чоочун эркек анын жолун тосту:

-Ак жолтой көрүнөсүз, карындаш! Мынаны кармап коюңузчу, утуп калсам ажеп эмес.

-Бул эмне эле? – Айым бейтааныштын колундагы бир бүктөм кагазга кооптоно карады. Бирок, эркектин кийингени көзгө толумдуу, жашы салабаттуу көрүнгөндүктөн, “жок” деп басып кете алган жок.

-“Спринт” деген оюн болот, карындашым. Коркпоңуз, кармап эле коесуз. Утуш чыкса соога берем, – эркек ага куракташ болсо да үнүн жасап, “карындашым” деп жасакерлене сүйлөдү.

Айым кагаздын бир четин коомай кармап коюп, анан тезирээк узап кетишке аракеттенди. Эркек анын көзүнчө шашып-бушуп кагазды айрып, ичиндегисин окуду да сүйүнүчтүү үн катты:

-Оо! 250 сом уттум! Жүрүң, карындашым, сага да бир “спринт” алып берейин утушумду жууп.

Ал аялдын жообун күтпөй эле каруусунан мыкчый кармап жетелеп, ары жакта турган топту көздөй басты. Топтошкон эркектерди жарып өтүп, ортодо чакан тегерек үстөлдү кучактап олтурган аялга утуш чыккан “спринтти” көрсөттү эле, ал дароо 250 сом санап берди. Анан кагаз баштыкта жык үймөлөнгөн дагы ошондой кагаздардан бирди сууруп чыгып, Айымдын колуна карматты.

Аял колуна капыстан тийген олжосунан баш тартууга дарамети жеткен жок. “Мүмкүн, мен да акча утуп алармын” деген үмүткө алданды. Азыр эле анын көз алдында 250 сом утту го. Чөнтөгүндөгү ар бир тыйыны эсептелүү экенинде ошончо акчага сүйүнмөк. Бул азгырыктан колдору калтырай түштү. Эркек сунган “спринтти” ачкыча жүрөгү катуулап согуп, көздөрү ала-чакмак. Кагазды айрып, ичиндегисин сууруса “50” деген сан жарк этип, көзүнө оттой ысык көрүндү. Айым менен кошо “спринт” алган өзбек жигитке да 50 сом утуш чыгыптыр. Лотерея сатып олтурган семиз кара аял экөөнүн колдорундагы “спринтти” алып карап, анан көчүгүнө басып олтурган дермантин баштыктан тутам акча алып чыкты. Анын ичинен эки 50 сомдукту сууруп алып үстөлдүн эки четине койду да, анан арбаган кыймыл менен жүздүктөрдүн бир топ жашыл кагазын санап туруп ортого таштады.

-Мына акчаңар!, – деди экөөнү алмай-телмей тиктеп. – Дагы беш жолу ойнойсуңар! Утуш чыкпаса да мына бул 1000 сомду тең бөлүп аласыңар. А эгер беш жолкуга жетпей бирөөңөр оюндан чыгып кетсеңер, анда бул акчаны экинчи оюнчу алып кетет.

-Беш жолу ойносок утуш чыкса да, чыкпаса да 1000 сомду бөлүп алабызбы? – Өзбек жигит аялдын сөзүн ырастагысы келгендей дагы кайталап сурады.

Айым оюнчу шериги анын ырыскысын тартып алчудан бетер кызгана түштү:

-Ойнойм! – деди шашылып.

Мындай да жолу болорбу! Миң сом көзүнөн учуп турат. Адамды жолдон чыгаруучу шайтандын торуна түшкөнүн аңдаган жок. Канча жанды шордотуп, мал-мүлкүнөн ажыратып, акылын алган, тагдырын тайкы кылган кумар оюндун азгырыгына арбалганын биле элек. Өмүр бою бешене тер төгүп, жанды эзип иштеп таба албаган көп акча өзүнөн өзү эле алаканына түшүп жатса кантип баш тарта алат. Кумар оюндарын ойнотуучулар адамдын ушул сезимин кыянаттык менен пайдаланышарын кайдан билсин.

Айым экинчи “спринтти” 50 сомго сатып алаарын билгенде кичине тайсалдай түштү. Кайра тобокелдикке салды. Утса да, утпаса да миң сом алат турбайбы. Бул жолу алган “спринтинде” “банкрот” деген жазуу чыкты. Шаабайы сууй түшкөн менен эми оюндан баш тартууга болбойт. Анткени, оюндан чыкса төлөгөн 50 сому да күйүп кетпейби. Кийинки “спринтти” 100 сомго сатып алды. Дагы “банкрот”. Айым эми аргасы куруй түштү. Улам кийинки оюнга өткөндө күрөөгө коёр акчасы 50 сомдон көбөйүп турат экен. Шеригинин капчыгы калың окшойт. Үчүнчү жолкусунда да камарабай туруп күрмөсүнүн ички чөнтөгүнөн 150 сом сууруп чыгып, аялдан дагы “спринт” сатып алды. Оюнду жарданып тиктеп тургандар демдерин ичине алышып тымтырс.

-Беш жолудан ойносоңор гана миң сомду аласыңар. Ким чыгып кетсе куру жалак калат, акчасы да кайтарылбайт,- деп жаагын безеп ийди кумар ойнотуп жаткан аял

Бир аз убакытка олку-солку болуп тургандан кийин аял 150 сом берип дагы “спринт” алды. Эми ал утуп алууга үмүттөнбөй эле короткон акчасын кайтарып алууну ойлой баштады. Ишенгени аялдын сөзү. “Утпасаңар да бөлүп аласыңар” деп жатат го. Ошондуктан беш жолу ойноодон башка аргасы жок.

Өзүн жоготуп эндиреген Айым кимдир-бирөө далысынан акырын нукуп жатканын да элес алган жок. Артында тирелип турушкан эркектааналардын ичинен бирөөсү аны алаксыткысы келдиби, же тийиштиби, тынымсыз аяр түрткүлөп коет. Келиндин бүткүл дити оюнда болгондуктан бул ишаратты баамдай алгыдай эмес.

Үчүнчү жолу “спринтти” 250 сомго аларын укканда денеси муздай түштү. Жанында болгон акчасы ошого зорго жетет. Анын баарын берип коюп, утуш чыкпасачы?. Оюндан чыгып кетейин десе буга чейин берген акчасынан да кол жууйт. Санаасы санга бөлүнүп, ою тумандаган Айым бир чечимге келе албай турганда шериги эч буйдалбай чөнтөгүнөн 250 сомду сууруп чыгып, семиз аялга сунду.

-А мына, пул сиздики! – деди аял өзбек жигитке үстөлдүн үстүндө жаткан 1000 сомдук берекелүү акчаны түртүп. Ал ушуну эле күтүп тургансып акчаны иле тутамдап, топтон суурулуп чыкканча шашты. Келинге жанын кошо сууруп алгандай болду. Жигиттин артынан умтула басып, жеңинин учу колуна илиниптир:

-Бер, акчамды?! – деди кардыккан үнү менен. Жигит анысын чымын чакканчалык да көргөн жок. Бир силкип жеңин бошотту да, заматта көздөн кайым болду.

-Таап бер акчамды! – деп эми Айым оюндун ээсине кайрылды. Семиз аял бул окуяга эч тиешеси жоктон бетер тияк-быягын жыйыштырып укмаксан.

-Бербейсиңби! – Жаны кашая айтты келин.

-Эмне!? Ойногондон кийин аягына чыгыш керек да! Өзүңдө айып…

Айым айласы түгөнө эки жагын карады. Көз боёмо оюнду тамаша кылып карап турушкан эркектер эми аны кантээр экен дегенсишип мыскылдаша тиктешет. Өзүнө күйөр жан жоктугун көргөндөн кийин:

-Алдамчылар! – деп түтөй кетти. – Оюнуң башыңда калсын! Акмактар! Силерге каргыш тийсин! – Жүрөгү дал-далынан тилинип, ачышып сыздап жатты. Көздөрү ачуу жашка толду. Бирок, тамагын бууган ыйды зорго токтотуп, акылын  жыйды. Адамдын убалынан коркпогон кумарчылар менен акыйлашкандан пайда жок. Бир чети өзүнүн алданганына, экинчиден шылдың болгонуна аябай кемсингендиктен, тезирээк эле бул жерден узап кетүүгө шашты.

-Бекер ойнодуңуз да! Аркаңыздан түрткүлөсөм да токтобой койдуңуз…

Айым басары менен артынан жете келген арабакеч жигит өзү уттургансып күйүп-быша сүйлөдү:

-Булар билбеген кишини ушинтип алдашат. Ошол тургандардын баары – өздөрүнүн адамдары. Сизге шерик болуп ойногону да өздөрүнүкү. Көрдүңүзбү, оюнду улантсын деп атайын эрегиштирип жатты…

Айым “спринт” оюндун кызыгына бата баштаганда анын бөйрөгүнөн нукулаган ушул жигит экен. Ал аялдын баштыгын эки дөңгөлөктүү жыгач арабасына салып, катарлаш басканча кейигенин токтоткон жок. “Мени ким, эмне үчүн түрткүлөп жатат?!”, – деп ойлогонго да шаасы келбептир. Адамды шайтан азгырганда акылынан кошо ажыратып салат окшойт. “Кантип алдандым?” деп ызалыктын уусу жүрөгүн ачыштырып, көңүлүн жипкиртти. “Спринтти кармап коюңуз”, – деп жолун тоскон баягы адам болбогондо кумар ойноо оюна да келмек эмес. Көрсө ушинтип торго түшүрүшөт тура. Бечаралардын акыркы тыйынын кагып алышкан ушундай шумпайларга эмне үчүн Жараткандын жазасы жок?! Өзүнө да сыр көрсөттү окшойт. Бекер келе турган акчага кызыкпаш керек эле. Ыплас жол менен табыла турган дүйнөгө азгырылуунун оор сабагын алды.

Адамдардын кыянаттыгынан жабыркап түтөп турган жүрөгүн арабакеч жигиттин жан күйөр мамилеси да агарта алган жок. Эч кимди көргүсү да, сүйлөшкүсү да жок. Арабадан баштыгын алып, бөлүнө басты. Эмне кылаарын билбей, дарыя жээгиндеги олтургучка шалдая боюн таштады. Эми базарда кылар иши деле калган жок. Чөнтөгү курук, үйгө кайтууга жол киреси да аз. Башы дагы эле тумандап турат. Акылына эч нерсе келгидей эмес. Бир гана билгени: үйүнө куру кол барууга болбойт. Базарга жөнөгөнүндө уул-кызынын чечекейлери чеч болуп сүйүнүп калышканы көз алдынан кетпей жүрөгүн эзет. Балдарынын кубанычына кантип суу сээп томсортмок? Эртең алар мектепке эмне кийип барышат?

Ушундай көңүл чөктүргөн ойлорго эзилип, дарыянын киргилт агымынан көз албай телмирет. Эки жээги бетондолгон кууш сайда тереңи көрүнбөй окторулуп агып жаткан суунун агымы анын башын ансайын айлантты. “Күү-шаа” этип сүрдүү доошу басылбай жүрөктү сестентет. Айым дарыяны узакка тиктеген сайын  шүйкүм ойго да азгырылып кетти. Мына, азыр бул ажыдаардай оп тарткан терең сууга бой урат да, баарынан кутулат. Аны чыдамсыздык менен күтүп жатышкан балдарынын үмүтү, кубанычы таш капканын көрбөй, билбей калат. Жалгыз бойлуктун ачуу жана мусапыр тагдырынан кутулат. Бул жарык дүйнөнүн миң алакетке салган түйшүгүнөн жай алат.

Бул азгырык ойлор аны дарыянын иримине оп тартып, тирүүлүккө тушап турган жип уламдан улам кыскарып баратты. Эми ага сууга бой таштай турган акыркы мүнөт да келди.

Ушул маалда кулагына эркектердин каткырыгы шак угулду. Айым терең уйкудан ойгонгондон бетер башын силкип алды да, айланасына карады. Өзүнөн нараак жакта жол боюнда жашылча-жемиш сатып олтурушкан эки улан каткырып жатышыптыр. Алардын азоо күлкүсүнүн себебин оо бир топто аңдады. 200 сомдук акчаны ичке жипке байлап, жол ортосуна таштап коюшуп, пайлап турушат. Өтүп бараткан адам акчаны көрө калып, шашылып аларында уландар жипти тартып жиберишет. Жоктон табылган акчага сүйүнгөн кээ бири аны деле аңдабай акча жылган сайын колун созо артынан кошо ээрчигени өтө күлкүлүү эле. Балдар каткырып жиберишкенде гана алданганын билип, уялып тез-тез басып кетип калууга ашыккандар көп болду.

Айымдын өзөгүнө өрт кетти. Адамдын алсыздыгын кордогондон ырахат алышкан жигиттерди жек көрдү. Көкүрөгүндө тирелип турган ызасы менен ачуусу жарылып кетти. Ордунан тура калып жолдо жаткан акчаны тебелеп туруп, жибин үзүп-үзүп ыргытып, уландардын бетине ыргытты:

-Адамсыңарбы, же айбансыңарбы?! – деп тажаалдана чаңырып жатты, – Бети жоктор! Каргыш урсун силерди! Акчага какалып өлгүлө! Шорун тарткыла! Акмактар!

Өздөрүнө атырылган аялдын айбатынан сестене түшүшкөн жигиттер ага тең келүүгө даай алышкан жок. Же арсыз иштерин моюнга алыштыбы, осол болгон тейде:

-Жинди го! Оозуңа карап сүйлө! – демиш болушту.

Айым аларды, деги эле адамга кылтак салчу, арамдыкка азгырчу жүзү каралардын баарын кошуп каргап-шиледи. Ызы-чуу чыккан жерди дароо ороп калчу элден да айбыккан жок. Кайра алардан колдоо издегендей ар кимисине үмүттүү карап, бей-бечараларды алдап акча тапкандарга, мазактагандарга, ыйманын жеп алгандарга күйүп-бышып наалат айтып жатты.

Эч ким аны кубаттаган же жубаткан жок. “Бул аял сообу?” деген кызыксынуу менен карап турушту. Ар кимдин башына түшмөйүнчө башка бирөөнүн мүшкүлүнө боору ачымакпы? Айымдын тарамыштай болуп түйүлгөн кайгысы бара-бара жазылып, көксөөсү сууй түшүптүр.

Анан ал эмне болсо да көрөрмүн деп, турмуштун ушуга чейин көтөрүп келе жаткан дагы бир соккусуна ичтен даяр болгондой, автобекетке карай сенделе басып кетти.

2016-ж.