Дүйшөн Жапаров: Өлсөм дагы начар жашап көбүңдөн, Мен жарыкка чыгам кайра көрүмдөн

*****

Башкачасың башкалардай өңдөнбөй,

Күндөн жерге таамп түшүп өнгөндөй.

Сени көрсөм жайнай түшөт көңүлүм

Жаңы баскан жаш баланы көргөндөй.

 

Айланчыктайм жакшы ыры бар барактай,

Сезсең боло кайра-кайра каратпай.

Кымбат кездер тонолбосун мезгилге,

Жалбырагын шамал жулган дарактай.

 

*****

Эркте болбой жаш жүрөктүн көнмөгү,

Жолоочудай каны каткан чөлдөгү.

Чаңкап келип мен үйүңө киргенде

Үнүңдү угуп өзүңдү бир көргөнү

 

Сүйлөбөдүң келгенимди жактырбай,

Жамалыңдан күлкү элесин таптырбай,

Жан дүйнөмдө айлап, жылдап терметкем,

Жан жыргаткан бир сезимди жакшы ырдай.

 

Турдуң дагы билбейм, эмнени эстедиң?..

Капыс эле: “эмне келдиң, кет” дедиң.

Билген жоксуң көңүлүмдүн бир кылы

Дал ошондо чарт үзүлүп кеткенин.

 

Келечеги келишпеске кез келип,

Жабыркаган жашоо күнү чектелип

Тынчтык бербей мыжыгууда жүрөктү,

Таманыңда калган сүйүүм тепселип.

 

*****

Жалгыз бөлмө, жапыс кепеге,

Жакын келген адам изи жок.

Калаа аны калган унутуп,

Калаада да анын иши жок.

 

Окчун басып аны айландым,

Ойлойм: неге мынча арбалдым.

Ээси бар, деп, балким, эски үйдүн,

Эсим чыгып, ары таң калдым.

 

Жалкы көзү чылпак терезе,

Жаман карайт жарык дүйнөнү.

Чыгат жөтөл бирөө бар өңдүү,

Чын элеби? Ушул үйдөбү?

 

Сыртынан бек кулпу илинип,

Сынайт эшик көзсүз тигилип.

Өз көзүмдү өзүм танбасам,

Өлгөн бирөө алган тирилип.

14.04.1989-ж.

 

*****

Тыялбай жатып алкыңды,

Тыйгың келет калкыңды.

 

*****

Канат кылгын катуу күндө ырыңды,

Санат кылгын урпагыңа сырыңды.

Сан тагдырлар татаалдашкан ушунча,

Сабак кылгын ушул укмуш кылымды.

 

*****

Зар ыйлатты жакшы кезин, жаштыгын,

Отко кармап, кылга байлап тагдырын.

Өзүн-өзү аттай сабап келаткан,

Акындардан айрыбасын жакшы ырын.

 

Мен жанымды дурус багам көбүнөн,

Жер калбасын жылдыз учкан көгүнөн.

Айрыбасын энесинен баласын,

Ошол өңдүү Ала-Тоону Көлүнөн.

 

Кызыкка карк бири өткөн биринен,

Ошентсе да дүйнө жалган, бири кем.

Баатырынын башын кесип алса да,

Асты элди айрыбасын тилинен.

 

Керек эле шашуу, шашуу, үлгүрүү,

Жан алгычы мага буруп дүрбүнү.

Жетип келип жерге көөмп салгыча,

“Эми ырыңды жазып жат” – деп бир күнү.

 

*****

Айдайын десем чигит жок,

Шайлайын десем жигит жок.

 

*****

Солкулдайсың тескейдин ышкынындай,

Жүралбайсың тийишпей, ышкырынбай.

Сенин жашооң жүзүңдөй жылма болсо,

Менин жашоом мээнин быткылындай.

 

Кооптуу иш эч качан жасабайсың,

Баскан изиң аркаңан тазалайсың.

Өзүңдү-өзүң ошентип өчүрөсүң,

Тулкуң менен турган бир катадайсың.

 

Жоголбодум, чачылып, кайда калып,

Кесек элем кетипмин майдаланып.

Бирок сен да баалайсың мени унутпай,

Келген үчүн көп жерде пайдаланып.

 

*****

Кайнаган базар. Түрткүлөп

Кайырын сурап түрк жүрөт.

 

*****

Эми канча күн жүрөбүз билбеймин,

Таштап кетпей жанымда жүр өлгүчө.

Сенден калып мен өзүмдү ким деймин,

Жанымды алсын мени сенден бөлгүчө.

 

Апаат болсом Ат-башыга көмөрсүң,

Анан жалгыз жолуңду улап жөнөрсүң.

Каңырыгың түтөр ыйлап буркурап,

Муздак, бырыш маңдайымдан өбөрсүң.

 

Аяк- башым бууба эркин таштайын,

Көзүм түшүр, көөдөнүмдү ачык кой.

Моло орнотуп көрүнөөгө дапдайын,

Күнгөйүнө мына минтип жазып кой:

 

Коркунучта колдоп жүрөр арбак бол,

Жаман жолдо бутум сынса балдак бол.

Мизим сынса аскаларга урунуп,

Кайра чыңап, кайрап турар кайрак бол.

 

*****

Өлсөм дагы начар жашап көбүңдөн,

Мен жарыкка чыгам кайра көрүмдөн.

Жер жүрөгүн тыңшоо үчүн жакындан,

Үрөн өңдүү топуракка көмүлгөн.

 

*****

О дүйнөдөн качып атайы,

Эмне издеди экен биерден.

Дайра буруп тозок отуна,

Же бейишти өрттөп жиберген.

 

*****

Сүйөм деп кантип айтам, эмне пайда,

Сүйүүмдү ала жатам таппай айла.

Жүзүмдүн бырыштары аз кезинде,

Жүрүппүз эки бөлөк башка жайда.

 

Жазгырып сени жолдон буралбаймын,

Жаңырып кайра баштан куралбаймын.

Болгону бардыгымдан белги берип,

Алдыңдан андан-мындан булаңдаймын.

 

Куу тагдыр жаныма өтөр таштан болуп,

Аргасыз алаксырмын жазган болуп.

Жана бер жылдыз болуп бийигимде,

Калайын сен аркылуу асман болуп.

 

Таң

Токулуу,

Кареги жолдо турат,

Кандайдыр ойдо турат,

 

Мамыда

Карагер жорго турат

 

Арыда

Караан болуп атам жүрөт.

Кара курсак камы да

 

Кабакта

Керкашка кашаң жүрөт

 

Сабакка

Шашмалап Асан жүрөт.

 

Уйкусуз түн

Жапжалгыз жатамын.

Ыргытып санаадан бардыгын,

Жазамын!

Учкаяк күндөрдө

Ушунча шашамын.

Шылдырап суу агат арыкта.

 

Уланып баскан жол, тарыхка

Ыңаалап ымыркай

Ыр түшөт жарыкка,

Түрсүлдөп жүрөгүм

Түпөйүл сүйүнөм

Түйшүгүн мойнума

Түбөлүк үйүнөм.

 

Бүгүндөн эртең оор,

Эртеңден бүрсүгүн.

Бүлбүлдөп сезимге урунат,

Бир короо ыр айдап жүрчү күн.

 

Көрсө:

Билбептирбиз эң биринчи жолкуда,

Турмуш деген туман баскан жол тура.

Дөөлөт деген дайым бөксө чөйчөктө,

Мээнет деген болот тура толтура.

 

Катуу турдук кара жанды үрөдүк,

Ажыраштык акыр арга түгөнүп.

Бакыт деген баштан учуп заматта,

Бактысыздык калат тура түбөлүк.

 

Бирок дале өчүрбөйлү үмүттү,

Даба бардыр жууй турган күйүттү.

Жалган дүйнө бардык эле башта бар,

Жалгыз эле бизди жандап жүрүппү.

 

Жашоо деле жалаң шордон туралбайт,

Көз жаш деле дайым сайран куралбайт.

Энчи берер элге бакыт тилейли,

Элди эч нерсе өз түсүнөн буралбайт.

 

Басам жалгыз, кетем сенден айрылып,

Басынбагын, көп ыйлаба кайгырып.

Ыргытпагын кокус отко тааныбай,

Ырга айланып келгенимде кайрылып.

 

*****

Салаа- салаа санааларга агылып,

Жалдама үйдө жалаң шейшеп жамынып.

Жамгыр жаным ырас болду келгениң,

Жалгыздыкта жатканымда камыгып.

 

Кенен ачып тереземдин айнегин,

Кенен сездим кемерсиген жай демин.

Жалбырактар шыбырашып жатышты,

Жагып калды экен менин кай жерим.

 

Башбагалек дүйнө бар дейт башка бир,

Бол жамгырым, мени ал жакка баштап ий.

Дагы күчө тамчы тамсын кепемен,

Дал төбөмө чагылганың таштап ий.

 

*****

Бар алынча сага деген ырларым.

Махабатым, карниетим, ыйманым.

Бактылуудай сезип кетем өзүмдү

Бар экен деп кайгысына ыйлаарым.

 

Өмүр чиркин өрдү карай азгырып,

Өттү баштан канча окуя, жашчылык.

Турпагыңдан кагылайын тууган жер,

Тура турчу дагы үстүңдө бастырып.

 

Кантсе дагы мен алдыңда жармачмын,

Канча ыйлатты, канча каргап, кармаштым.

Сен бил мени, жок кылсаң да Ата-Журт,

Сени менен келбейт тагдыр алмашкым.

 

*****

Алыс кетти, арып-ачты, тонолду,

Айлар айга, жылдар жылга тоголду.

Ырыскысын ысырапка калтырып

Ыр артынан ээрчип кетип жоголду.

 

Жөө эринбей алыстарды ат баргыс,

Жылдап, айлап кабар жеткис, кат баргыс

Алдан тайып келди бир күн айылга,

Аппак баштуу болгон кезде жапжалгыз.