“Арашанда” А.Осмоновдун аллеясы ачылат

Урматтуу акын-жазуучулар!
Кымбаттуу поэзия ышкыбоздору!

Кыргыз Республикасынын акын-жазуучуларынын Адабий фонду жалпыңыздарды келе жаткан 21-март – “Нооруз” майрамыңыздар менен куттуктайт! 21-март – кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун да туулган күнү экенин жакшы билесиздер. 21-март ошондой эле – Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнү.
Мына ушул майрамдарга карата баарыңыздарды жазуучулардын “Арашан” чыгармачылык үйүнүн аймагында “Алыкул Осмонов” аллеясын түптөп, көчөт олтургузуп, бак тигүүгө жана “Ноорузду” чогуу майрамдоого чакырабыз! Эмгек менен эс алууну айкалыштырган бул салтанат-майрамга улуу-кичүү акын жазуучулар, жаш таланттар менен Алыкулдун поэзиясынын күйөрмандарынан тартып, кыргыз адабиятынын окурмандары, каалоочулардын бардыгы катыша алышат.
Өз алдымча, өз атымдан, өз көчөтүмдү ала барып олтургузам дегендерге каршылык жок.

Дареги: Аламүдүн району, “Арашан” айылы.
Күнү: 20-март, 2024-жыл.
Убактысы: саат 9.00дөн кечикпей КР Улуттук жазуучулар союзунун имаратынын жанына чогулмай.
Байланыш телефондор: 0770 99 88 88; 0700 60 61 05.

Кыргыз Республикасынын акын-жазуучуларынын Адабий фонду Алыкул таануу илимий Борбору

P.S. “Арашанга” бак тигүүгө баргысы келгендердин бардыгы алдын ала жогоруда көрсөтүлгөн телефондор аркылуу аты-жөнүңөрдү билдирип, катталып койсоңуздар. Кишинин санын алдын-ала тактап алуу биз үчүн абдан маанилүү.
Уюштуруу тобу.