КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков Ташкентте

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Нурлан Калыбеков жана КР Эл акыны, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин Өзбекстан эл акыны, Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик гимнинин автору Абдулла Ориповдун 80 жылдык мааракесине катышуу үчүн Ташкентке жөнөп кетишти. Өзбекстандын даңазалуу акыны Абдулла Орипов 1941-жылы Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунда жарык дүйнөгө келген. Дээрлик 20 жыл Өзбекстан жазуучулар союзун башкарган акын 2016-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Хьюстон шаарында дүйнөдөн кайткан. Өзбекстан эл акыны, Өзбекстандын Баатыры Абдулла Ориповдун 80 жылдык мааракеси бүгүн 10-декабрда мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленет. 2016-жылдын 14-декабрында өлкө башчылыгына толугу менен…..