КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков Ташкентте

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Нурлан Калыбеков жана КР Эл акыны, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин Өзбекстан эл акыны, Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик гимнинин автору Абдулла Ориповдун 80 жылдык мааракесине катышуу үчүн Ташкентке жөнөп кетишти.

Өзбекстандын даңазалуу акыны Абдулла Орипов 1941-жылы Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунда жарык дүйнөгө келген. Дээрлик 20 жыл Өзбекстан жазуучулар союзун башкарган акын 2016-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Хьюстон шаарында дүйнөдөн кайткан.

Өзбекстан эл акыны, Өзбекстандын Баатыры Абдулла Ориповдун 80 жылдык мааракеси бүгүн 10-декабрда мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленет.

2016-жылдын 14-декабрында өлкө башчылыгына шайланган Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 2017-жылы Өзбекстан жазуучуларына жаңы имарат куруп берген жана А.Навои атындагы улуттук паркка адабият аллеясын ачкан.

Жолугушуу жана поэзия кечелерин өткөрүү үчүн 150 киши бата турган залы бар 2 кабаттуу Өзбекстан жазуучулар союзунун имаратында “Жахон (дүйнөлүк) адабияты”, “Шарк юлдузу”, “Ёшлик” (Жаштык) журналдарынын редакциясы жана “Чыгармачылык” коомдук фонду жайгашкан.

Ал эми адабият аллеясында 20дан ашуун акын-жазуучулардын статуялары коюлган.