Президент С.Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде, ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземге катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө быйыл Кыргызстанда маанилүү окуя — өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленерине токтолду. Анын айтымында, отуз жылдык саясий тарыхыбыз ар кандай окуяларга бай болду, бирок кыргыз эли башкы максаттан — мамлекеттүүлүктү чыңдоо мүдөөсүнөн тайбай, тынбай изденип келе жатат, себеби, элдин көксөгөнү — стабилдүүлүк, тартип жана өнүгүү. Мамлекет башчысы сыйланып жаткандардын арасында ар түрдүү тармактардын — саламаттык сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл-чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн сиңирген эмгектерин канааттануу менен толугу менен…..