Президент С.Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде, ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземге катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө быйыл Кыргызстанда маанилүү окуя — өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленерине токтолду.

Анын айтымында, отуз жылдык саясий тарыхыбыз ар кандай окуяларга бай болду, бирок кыргыз эли башкы максаттан — мамлекеттүүлүктү чыңдоо мүдөөсүнөн тайбай, тынбай изденип келе жатат, себеби, элдин көксөгөнү — стабилдүүлүк, тартип жана өнүгүү.

Мамлекет башчысы сыйланып жаткандардын арасында ар түрдүү тармактардын — саламаттык сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл-чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн сиңирген эмгектерин канааттануу менен белгиледи. Президент алардын эмгеги кандай гана заман, кандай гана бийлик болбосун, замандаштарга үлгү, келечек муун үчүн өрнөк болорун кошумчалады. Алардын арасында академиктер Дүйшө Кудаяров, Мамбет Мамакеев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, жазуучулар Самсак Станалиев менен Советбек Байгазиев жана башкалар бар.

Садыр Жапаров ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы турууда өз өмүрүн тобокелге салып, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн алпурушкан ак халатчан врачтардын каармандыгын өзгөчө баса белгиледи.

Мындан сырткары, ал маданият менен адабият чөйрөсүнүн таланттуу уул-кыздары кол куушуруп отурбай, улуттун урматы үчүн кара жанды карч уруп, чаалыкпай мээнеттенип келишкенине, рухий дөөлөттөрдү жаратууга салымын кошуп турушканына токтолду.

Президент Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучуларын мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ийгилик жана бакубатчылык каалады.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сыйлыктар 125 адамга тапшырылды. Алардын арасында врачтар, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу Жарлыктарга 2020-жылдын август айында кол коюлган.

(Маалымат Президенттин басма сөз кызматынан алынды)

Улуттук жазуучулар союзунун төмөндөгү мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды:

  1. Кыргыз эл акыны Омор Султанов III даражадагы Манас ордени менен;
  2. Жазуучу Советбек Байгазиев Кыргыз эл жазуучусу ардак наамы менен;
  3. Акын-жазуучу Самсак Станалиев Кыргыз эл жазуучусу ардак наамы менен;
  4. Акын, котормочу Тазагүл Закирова Кыргыз эл акыны ардак наамы менен;
  5. Бурул Асакеева Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен;
  6. Акын-жазуучу Жыпара Иабаева Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен;
  7. Акын-котормочу, КРУЖС төрагасы Нурлан Калыбеков Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен;
  8. Акын Маматибраим Бостонкулов Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен;
  9. Акын-жазуучу Зинакан Пасаңова Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен;
  10. Акын-жазуучу Түгөлбек Оторбаев Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен;
  11. Акын, журналист Махабат Молдалиева Президенттин Ардак грамотасы менен;
  12. Акын, журналист Мирлан Самыйкожо Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Урматтуу сыйлык ээлери, алган сыйлыгыңыздар кут болсун!