Бейшебай Усубалиев: 4975     

4975                                                                                          (аңгеме) Досум Кубан Мамбеталиевге Баян Асылбекович чочугансып ойгонду. Эмнеден чочуду? Эстей албады. Чочугандай көрүнсө керек. Ушинтип ойлоп койду. Турду да, адаттагыдай эле, жуунду: “Бетимде эле тактар көбөйүп баратат, – деди санааркай, маңдайындагы күзгүгө тигиле. Анан негедир кайдигер:– Боордон дешет го”… Үйдө киши барбы дегендей, кулак түрүп калды. Жан жоктой. Кечээ үйдө байбичеси экөө эле калганы эсине түштү. “Алар болгондо… – деди ичи жылый жылмая, –эмгиче үйдү үч көтөрүп…” Неберелерин айтып жатканы; алар кечээ эле өз үйлөрүнө тарап кетишпеди беле. Байбичеси кайда кеткен? Эстеди, негедир жылмая кетти. Адаты да, дайыма толугу менен…..