Гүлзада Станалиева: Чегирткенин безилдегени

Чегирткенин безилдегени (аңгеме) Түнкү саат он. Блокнотуна үӊүлүп бир нерселерди чиймелеп жаткан. Капыстан чыккан телефондун үнүнөн селт этип чочуп кетти. -Алоо? -Мен эле Жанармын. Кандайсыӊ? -Жакшы. Өзүӊ? – суз унчукту. -Жолтоо болбодумбу? -Жок… -Кечээ Марс экөөбүз балкондо отуруп, сенин ырларынды окудук. -Аа-а. Мурдагы ырларымдыбы. Азыр жазбай калгам да… билесиӊ. -Ойго салды… -Марс иштеп атабы? -Ооба. Эмнеге?. -Эмне эмнеге? -Эмнеге жазбай калдыӊ дейм? -Аа-а… Ыр менен акча таппайсыӊ да. -Сонун ырлар. Улантсаӊ болмок. Сеникиндей талант ар кимге эле бериле бербейт да. -Азыркы жумушумда ыр жазууга мүмкүн эмес. -А эмнеге? -Дайыма оюӊ толугу менен…..