Гүлзада Станалиева: Чегирткенин безилдегени

Чегирткенин безилдегени

(аңгеме)

Түнкү саат он. Блокнотуна үӊүлүп бир нерселерди чиймелеп жаткан. Капыстан чыккан телефондун үнүнөн селт этип чочуп кетти.

-Алоо?

-Мен эле Жанармын. Кандайсыӊ?

-Жакшы. Өзүӊ? – суз унчукту.

-Жолтоо болбодумбу?

-Жок…

-Кечээ Марс экөөбүз балкондо отуруп, сенин ырларынды окудук.

-Аа-а. Мурдагы ырларымдыбы. Азыр жазбай калгам да… билесиӊ.

-Ойго салды…

-Марс иштеп атабы?

-Ооба. Эмнеге?.

-Эмне эмнеге?

-Эмнеге жазбай калдыӊ дейм?

-Аа-а… Ыр менен акча таппайсыӊ да.

-Сонун ырлар. Улантсаӊ болмок. Сеникиндей талант ар кимге эле бериле бербейт да.

-Азыркы жумушумда ыр жазууга мүмкүн эмес.

-А эмнеге?

-Дайыма оюӊ жыйнактуу болуп, келгендерди бүт дитиңди төшөп угуп, жооп берип турушуӊ керек, – колундагы блокноттогу тизмени карап, айрымдарынын тушуна белги коюп атты.

-Ошентсе да… Болбойбу, эмне мурдагыдай илхам келген учурлар.

-Болсо да, анын кереги жок. Жумушка жолтоо болот, – тизмеге бирөөнүн аты-жөнүн кошуп жазды.

-Кантип?..

-Ырды соо туруп ооруп, өзүндү тыӊшап, өзүӊ менен өзүӊ калып жазышыӊ керек да. А менин азыркы жумушумда антүүгө болбойт. Ар дайым жылмайып, кабак-кашым дебей, келген кардарлардын бирин да кыя кетирбей көӊүл буруп, талаптарын угуп… айтор, колдон чыгарбай кармап калышым керек. Ар бир кардардан жыйырма пайыз – менин акым. Бардык чыгымдарымды, жада калса, апамдардын тамак-ашын, коммуналдык төлөмдөрүн да кенен-чонон ошол жыйырма пайыздан чыгарам. А сен ыр жаз дейсиӊ.

Калеми колунан түштү. Блокнотун да ары жылдырып койду.

-Түшүнөм сени. Бирок, кечээ окуган ырларыӊдан кийин көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Ушунчалык сезимтал жан элеӊ. Ошол сезимтал дүйнөӊдү жыйырма пайызга айырбаштап койгонуӊа өкүнөм. Мага капа болбо. Бирок ушундай.

-Ии, койсоӊчу. Андан көрө айтчы, Марстын иши кандай? Кызматынан көтөрүлдүбү? Айлыгы бир аз көбөйөт эле да көтөрүлсө, – блокнотун кайра колуна алып, тизмеге көз жүгүртө баштады.

-Жакшы эле иштери. Ошондой го. Азыр деле кудайга шүгүр дейт.

-А мен англис тилин үйрөнүп атам. Англисче жакшы сүйлөп калсам, чет элдик кардарлар менен иштеше баштайм. Анда деле жыйырма пайызын беришет. Бирок, чет элдиктердин жыйырма пайызы көп болот. Алда канча көп. Квартира сатып алсам дейм, буюрса. Практика жетишпей атат да. Болбосо, тез эле үйрөнмөкмүн тилди.

-А сен англис жазуучуларын оку да. Пайдалуу да болот, рахат да аласыӊ. Сен алардын баарын орус тилинде окуп чыкпадыӊ беле. Эсиӊдеби, баарыбыздын оозубузду ачырып айтып берчүсүӊ. Мен сенден кийин окудум да көбүн. Хэмингуэйди, айрыкча, берилип айтчусуӊ. «Чал жана деӊизин»

-Ошентсем да болот, – деди тигинин сөзүн бөлүп, калемин колуна кайра алып. – Бирок килейген китеп окуганга убактым жок. Сүйлөшүү клубдарына эле барып атам. Тез сүйлөп кетишим керек, – тизмеден чет элдик фамилиялардын астын чийип атты.

-Сен өзгөрүп кеттиӊ. Мурдагыдай эле сени менен сүйлөшүүнү эӊсеп телефон чалам. Бирок эмнегедир мурдагыдай сүйлөшө албайбыз.

-Сүйлөшүп эле атпайбызбы, – деди ал тизмеден көзүн алып.

-Сен өтө алыстап кеттиӊ бизден.

-Алыстаган жерим жок. Убакыт жок. Билесиӊ да, эл аралык компанияда бир мүнөт да тынч коюшпайт, – туруп балкондун эшигин ачты. Сырттан кирген жагымдуу шабада залды каптап, анан коридор менен барып ашкананы көздөй агылды.

-Алар сени жок кылышты. Ыр да жазбай калдыӊ. Сүйлөгөнүӊ да мурункудай эмес.

-Балким. Бирок, бул ишке, билесиӊ да, Марс экөөбүз документ тапшырып, мен өтүп кеткем. Бул иш болбосо, апамдар кантмек эле азыр. Өзүм да жүрмөкмүн сандалып, гезиттин арзыбаган айлыгын айлап күтүп.

-Билем. Ушул ишке да Марска караганда жакшы жазганыӊ үчүн, ажаат ачып сүйлөгөнүӊ үчүн өтүп кеткениӊди да билем. Бирок, кайра ушул иште сен жазганыӊды да таштадыӊ, сүйлөгөнүӊ да өзгөрдү, өзүӊ да азыр башкасыӊ, таптакыр башкасыӊ.

-Сен мени ушинтип эле жекире бересиӊ, – эшикти кайра жапты. Эмелеки жагымдуу шабада тып токтогонго бөлмөлөр заматта тумчуга түшкөнсүдү.

-Мейли, мейличи… антпейин… кечир… Кийинки ишемби Марстын туулган күнү. Келесиӊби? Мен өзү ушуну айтайын деп чалгам.

-Көрөйүн. Бирок так айта албайм. Эмки ишемби чоӊ көргөзмө уюштурабыз. Эл көп келет. Канчада бошойм, билбейм, – колуна тизмени кайра алып, сөзүн бүтүрөр бекен деп тигини күтүп калды.

-Мен сенден бир нерсени өтүнөйүн дегем.

-Эмнени?

-Марска арнап, же алыстап бараткан жаштык күндөрүбүзгө арнап ыр жазчы, келбесеӊ да… Туулган күнүнө белек болсун.

-Койчу, жанды кыйнабай.

-Жөн эле уйкаштырып жазып көрчү.

-Жок! Жаза албайм!

-Эмнеге?!

-Кыйнабачы… Макул ээ… Ишемби күнгө чейин. Мен бошоп барганга аракет кылам. Ошондо сүйлөшөбүз ээ, калган сөздү.

-Ыр жазып көрөсүӊбү?

-Жок.

-Ии-и, жазбасаӊ кой… Анда ишемби көрүшөбүз. Мейли.

-Буюрса. Ооба. Жакшы жат.

-Сен да…

Телефонун өчүрдү да, диванга ыргытты. Көргөзмөгө келе турган маанилүү кишилердин тизмесин түзүп жаткан блокнотун да жапты. Туруп, балконго чыкты. Жылдыздар жайнап чыгыптыр. Эмелеки шабададан ныпым жок. Мемиреген таза абада кайдандыр безилдеп сайраган чегирткенин үнү угулат. Эртеӊ эрте турушу керек эле. Саат 11ден кеч калбай уктап калышы керек эле. Болбосо, эртеӊ менен чарчаӊкы көрүнүп шалпайып калат. Андай көрүнүүгө абройлуу компаниянын менеджерине такыр болбойт. Бирок бу саам мунун баарынын мааниси калбагандай сезилди. Ал көптөн бери жылдыздарды да, түндү да, төртүнчү кабаттын балконуна чейин даана угулуп жаткан чегирткенин чырылдаганын да укпай, көрбөй, сезбей калганына таӊ калды. «Барсыӊбы, чегиртке?» деди акырын эрдин кыбыратып. Чегирткенин «чыр-чыр» дегени күчөгөндөй болду. «Мен да бармын, угуп атасыӊбы? Мен да бармын!..» деди ал үнү каргылдана тээ ылдыйдагы жол четинде өскөн узун-кыска чөптүн калдайган караанына тигилип… А ылдыйда жан кишинин көзүнө чалдыкпай, мемиреген ушул жылдыздуу түн менен кошо төртүнчү кабатта сенек болуп катып турган сөлөкөттү кошо терметип чегиртке безилдеп жатты…