Жазуучу, драматург Мар Байжиев оорудан улам каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КР Эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалла-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тили жана адабият бөлүмүн бүтүргөн. 1962–1964-жж. Москвадагы Жогорку сценардык курста окуган. «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, Кыргыз КСРинин маданият министрлигинин репертуардык коллегиясынын башкы редактору. 1971–1975-жж. «Литературная газетасынын» Кыргызстан боюнча өз кабарчысы болгон. 1961-жылдан КСРБ Кинематографисттер союзунун, 1966-жылдан КСРБ Жазуучулар бирлигинин мүчөсү. М.Байжиев орус жана кыргыз тилдеринде жазып, сынчы, котормочу катары да таанылган. 1961-жылы «Каракурт» аттуу сатиралык аңгемелер жыйнагы жарык толугу менен…..