Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракеси эл аралык деңгээлде белгиленди

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракеси эл аралык деңгээлде белгиленди Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракеси Анкара шаарында эл аралык деңгээлде белгиленди. Мааракелик салтанат акындын адабий жана маданий ишмердүүлүгүн чагылдырган слайд-шоу менен башталып, андан ары акындын чыгармачылык изденүүлөрүнө арналган түркиялык адабиятчы, профессор Нежие Ата Йылдыздын доклады менен улантылды. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев окуп берген Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун мааракелик куттуктоосу айрыкча толкундануу менен кабыл алынды – салтанат күбөлөрү орундарынан туруп кол чабышты. ТҮРКСОЙ баш катчысы Дүйсен Касеинов өз сөзүндө Кыргыз эл акыны Кожогелди толугу менен…..