Садык Алахан: Асанбек Стамовдун повесттери

Асанбек Стамовдун повесттери (үчүнчү макала) Жыйнакка акыркы болуп 1968-жылы журтчулукка тартууланып, кийинки мезгилде автор тарабынан кайра редакцияланган “Кеч күздө” повести кирген. Чыгарма адабий сында белгиленип жүргөндөй А.Стамовдун “чыгармачылык өнөрканасындагы кескин сапаттык секирик” болду. Повестте, эскертип кеткендей, азырынча автордун негизги изилдөө объектиси болуп калып жаткан жаш адамдын өмүрүндөгү оош-кыйыш учурлар, турмуштан өз ордун табуудагы алгачкы кубанычтар менен кайгылар баяндалып, чыгарманын сюжеттик багыты бирде кадыресе учурдагы окуяны сүрөттөө аркылуу өнүксө, бирде повесттин баш каарманы болгон лирикалык персонаж Акылбектин өз турмушу жөнүндө студент кезиндеги курбусу Садырга аңгемелеп берүүсү аркылуу өсүп олтурат. Баяндоонун бул толугу менен…..