Төлөгөн Мамеев: Ажайып бир сулуулук бүтүп калган, Алайга – бүркүттөрдүн мекенине

Алай Тоолорду көктү челген алайдагы, Бир көрсөң унутпайсың далайга аны. Тоолордун жыйын курчу жериби дейм, Борбордук Азиянын ал аймагы.   Жапжакын турганга окшойт асман ага, Жуурулуп, дене болуп таштар ага. Жылдыздар булуту жок ачык түндө, Жаткансыйт уялашып аскаларга.   Карасам чокуларды ойлор учуп, Тургансыйт көктү тиктеп ойлонушуп. Таң алды сапар тартат уктап калган, Булуттар зоокалардан ойгонушуп.   Таң алды жылдыздар да жымыңдаган, Шамалга чыдай албай тыйылбаган. Болушат көздөн кайым уядагы, Балдарын таштап коюп чырылдаган.   Төмөндө ак жал дайра күр-шар этет, Арча өскөн анын өйүз-бүйүзүнө. Ай конуп турганга окшойт жаңы толугу менен…..