Жазуучулар союзунун төрагасы эл аралык форумга катышууда

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында “Евразия борборлорунун жазуучулары” Эл аралык форуму өтүп жатат. Форумга катышкан Испания, Монголия, Египет, БАЭ, Таджикистан, Украина, Турция, Азербайджан, Израиль, Өзбекстан, Армения, Россия ж.б. өлкөлөрдүн жазуучуларынын катарында Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков жана жаш калемгер Перизат Алмаз кызы бар. Форумдун темасы “Дүйнөлүк адабият: стереотиптерди жоюу”.