Догдурбек Юсупов: Кантип жетем

(Балдар үчүн) Неберем Нурсултанга Тардай ага болсо дагы жол кенен, Окшош мага чаптагандай кол менен. Топту көрсө томолонуп жөнөгөн, Атын айтпай дароо эле гол деген.   Чыгарам деп бүт бардыгын бураган, Түздөн көрө жерге жакын ураган. Оюнчугу жайнап жатса өзүнүн, Бирөөнүкүн жаны калбай сураган.   Билсе дагы жаман сөздү тилдеген, Айтканыңды кулагына илбеген. Түшүнсө да бүт бардыгын, а өзү “Гол” дегенден башка сөздү билбеген.   Бала тура тууруңа кут кончу, Колуңа кол, а бутуңа бут болчу. Тили чыкты “апа” эмес, “гол” менен, Болобу дейм чоңойгондо футболчу…   Кантип жетем -Бөбөгүңдүн толугу менен…..