Борис Саченко: Нан

Нан (Белорусия) Бул окуяга көп болду. Согуш эми гана бүткөн кез эле. Апам каердендир бир нан алып келди. Аны колуна алып, узак тигилип тиктеди, колунда чындап нан – эч нерсе аралаштырылбаган, ундун өзүнөн жабылган буудай нанды кармап турганына ишенбей, акырын жыттап көрдү. Мештин отканасында бышырылган нан. Апам нанды жөн гана экиге бөлдү: бир бөлүгүн мага берди, экинчисин столдун үстүнө коюп, дасторкондун чекесин кайрып жаап койду. –Анысы Толикке, – деди апам. – Токойдон кайтса, жейт… Өзү тешени алып, картошканы түптөө үчүн чарбакка чыгып кетти. Курсагым аябай ачкан болчу. Апам берген нанды толугу менен…..