Борис Саченко: Нан

Нан

(Белорусия)

Бул окуяга көп болду. Согуш эми гана бүткөн кез эле.

Апам каердендир бир нан алып келди. Аны колуна алып, узак тигилип тиктеди, колунда чындап нан – эч нерсе аралаштырылбаган, ундун өзүнөн жабылган буудай нанды кармап турганына ишенбей, акырын жыттап көрдү. Мештин отканасында бышырылган нан. Апам нанды жөн гана экиге бөлдү: бир бөлүгүн мага берди, экинчисин столдун үстүнө коюп, дасторкондун чекесин кайрып жаап койду.

–Анысы Толикке, – деди апам. – Токойдон кайтса, жейт…

Өзү тешени алып, картошканы түптөө үчүн чарбакка чыгып кетти.

Курсагым аябай ачкан болчу. Апам берген нанды бир паста жеп бүтүрдүм. Бирок курсагым тойгон жок, кайра напсиме от түштү. Жайымда отура албай калдым – керебеттин астына сугулам, короого чуркап чыгам, кайта келем. Чыдамым кетти. Столдун жанына барып отурдум, бүктөлгөн дасторконду ачтым. Апам Толик агама коюп койгон нандын бөлүгүн колума алдым. Нанды жеймин деген оюм жок болчу. Жөн эле нанды дагы бир жолу колума кармап көргүм келди. Кокустан назарымда апам мага бергенине караганда чоңураак бөлүктү агама алып койгондой туюлуп кетти. Мен нандан бир чымчым сындырып алдым. Бир тиштем чыгар-чыкпас бөлүкчөсүн оозума салдым. Чайнай баштадым. Чайнаганымды жутканымдан соң манжаларым ыктыярсыз дагы бир тиштемди жулуп алганын байкабай калдым. Бир тиштем эле…

Эсиме келсем, колумда болгону бир тиштем нан калыптыр…

–Ий, мен эмне кылып койдум? Апам менен агам эмне дейт эми?

Шашып-бушуп ошол бир тиштем нанды столго коюп, үстүнө дасторконду тарттым. Бирок нандын баарын жеп коюу каалоосу ушунчалык күчтүү эле, өзүмдү кармап тура албадым. Столго кайра жакындадым, отуруп, нанды алып оозума салдым.

Агам токойдон күндөгүдөй кеч, караңгы түшкөндө кайтты. Ал токой чарбасына ажыратылган жерде кечке эмгектенип, оокат кылуу үчүн акчага иштечү. Үйүбүздө жегенге эч нерсе жок. Ошол түнү агам ачка жатты. Ал түнү менен уктай албай, ары жак – бери жагына оодарыла берди: ким билет, балким апам агам үчүн сактаган жана мен жеп койгон нан көз алдынан өткөндүр?

Апам да, Толик агам да мага унчукпады. Ошол кеч да, андан кийин да эч нерсе дешпеди. Алар чоң эле, мен бөбөк элем.

Учурда мен, агам жеши керек болгон, бирок мен жеп койгон ошол бир бөлүк нанды, агам ач калган түндү эстесем, өзүмдү коёрго жай таппай каламын. Бул сыяктуу эскерүүлөр болбостугу үчүн, ошол окуяны түп-тамырынан унутуп, оюмдан чыгарып салуу үчүн бардык нерсени берүүгө даярмын. Ошол күнү мен ачка калып уктабай чыксам, миң эсе абзел эле! Нанды мен эмес, агам жеп койгонуна мен макул элем!

Анын эч бир айласы жок! Өткөндү артка кайтарып, өзгөртүүгө болбойт. Канчалык каалаганың менен эсиңден өчүрүп таштай албайсың. Жок, айласы жок…

Которгон: Гулнора Холматова