Сүйөркул Тургунбаев: Абдысаламдын бейнеси (Эскерүү)

Абдысаламдын бейнеси (Эскерүү) Ар бир өнөр адамынын өмүр тагдыры, чыгармачылык жосуну, изи, жараткан жаратмалары менен көркөм өнөр ааламына калтырган мөөрү кайталангыс, өзүнчө дүйнө. Дээр-зээнине табият талант уялаткан Абдысалам (ред.Абдырахманов) да биз жашап жаткан ушул чымчыкчаар дүйнөгө Лейлек жергесинин өрүкзарлуу ысык кыртышында бинаа болуп, тириликтин аркы-берки кырларын, кубулмалуу сырларын, кыйма-чийме, кыл көпүрө, жол-белестерин, турмуш базарларын аралап, кубат-дараметинин жетишинче изилдеп билип, аңдаганын ар кыл боëктор, көркөм, жанжигерге жугумдуу, маин сөздөр менен өз замандаштарынын жана өз маңдайына туш келген замандын бейнелерин ак кагазга, сүрөт полотнолоруна чегерип кетти. Эми биз Абдысаламдын сүрөткөрлик дүйнөсүн көзүнүн толугу менен…..