Сүйөркул Тургунбаев: Абдысаламдын бейнеси (Эскерүү)

Абдысаламдын бейнеси

(Эскерүү)

Ар бир өнөр адамынын өмүр тагдыры, чыгармачылык жосуну, изи, жараткан жаратмалары менен көркөм өнөр ааламына калтырган мөөрү кайталангыс, өзүнчө дүйнө. Дээр-зээнине табият талант уялаткан Абдысалам (ред.Абдырахманов) да биз жашап жаткан ушул чымчыкчаар дүйнөгө Лейлек жергесинин өрүкзарлуу ысык кыртышында бинаа болуп, тириликтин аркы-берки кырларын, кубулмалуу сырларын, кыйма-чийме, кыл көпүрө, жол-белестерин, турмуш базарларын аралап, кубат-дараметинин жетишинче изилдеп билип, аңдаганын ар кыл боëктор, көркөм, жанжигерге жугумдуу, маин сөздөр менен өз замандаштарынын жана өз маңдайына туш келген замандын бейнелерин ак кагазга, сүрөт полотнолоруна чегерип кетти. Эми биз Абдысаламдын сүрөткөрлик дүйнөсүн көзүнүн тирүүсүндө чыгарып кеткен «Бешбейне», «Бешбейне-2» куудул китептеринен жана документалдуу видеотасмаларынан, көптөгөн полотнолорго түшүрүп кеткен сүрөттөрүнөн гана билебиз.

Жазган аңгеме-эсселерине жана чогуу жүргөндө өзү жөнүндө айткан баяндарына караганда Абдысалам бала кезинде абдан оюнкараак өскөн. Козу-Баглан дайрасынан таш «секиртип», жылмакай, жалпак таштарды суу үстүнөн кайытып ыргытышкан, ким канча кайытса чоңойгондо ошончо катын алат деп, анан ылайга бармактарын матырып, аял жасашып (А.Абдыкалыков тарткан «Бешкемпир» киносундагыдай) да ойношчу экен. Айылдагы мектепти, окуткан эжейлерин тажатып, «күйдүрүп» жүрүп бүтүрүптүр. Сабатсыз, молдо чалыш Абдрахман атасы катын ал деп кыйнаптыр. «Окуп-чокуп алайын, борборго барайын десем, атам: «Борборуңду ушу жерден көрсөтөм» – деп, караңгы кампага камап алып сабачу дейт.

«Чырайлуулардын баары борборго окууга кетип, айылда бучук-чучук эле кыздар калды» – десем: «Бучук-чучугун урасыңбы, ала бер, төрөгөндөн кийин сулуу болуп калат» – дейт. Айтымында Абдысаламдын апасы жаш чагында айылдагы сулуу зайыптардан экен. Бир жолу апасынан: «Атама кантип тийдиңиз эле?» – деп сурап калат. Апасы: «Атаңын кайындап койгон жери бар экен, аны таштап коюп, мага жуучу жибере берип, акыры таятаңдын да, менин да башымды айландырган» – деп жооп берет. «Көрдүңбү, чала сабат молдо мендей кезинде бирөөнүн башын айландырганга уста болгонун» – дейт Абдысалам. Ошондон кийин Кокон медресесинде молдолукка окуп жүрүп, анан шайтан азгырып, Бишкектеги «күнөөкөрлөр» (сүрөтчүлөр) окуусуна окуп кеттим» – дейт. (Молдолор сүрөтчүлөр окуусун «күнөө окуу» дейт экен.) Бул окууну да илең-салаң (араларында короо шыпырып, заводдо иштеп жүрүп, беш жылдык окуусун он жылда араң бүттүм деп, «Жоголгон сүрөт» аңгеме-эссесинде жазганы бар. Бул аралыкта түрдүү-түрдүү адамдарга жолугуп, турмуштун ар кыл жактарын таанып, көзү ачылат. Үйлөнүп, орустун тоокканадай үйлөрүндө жашайт. Он жылча Кыргыздрамтеатрында сүрөтчү болуп иштейт. Аерден бир бөлмө тар үй алып, бала-чакасы менен он жылча өмүр өткөрөт. Кийин жетимиш-сексенинчи жылдары «Кыргызстан маданияты» газетасында көркөм сүрөтчү болуп, көп жыл биз менен иштеди.

Газетада чыккан сүрөттөрү, жазган эсселери аркылуу Абдысалам эл-журтка кеңири таанылды. Газетанын көркөм жана кызыктуу чыгышына Абдысалам тарткан карикатуралары менен көп салым кошту. Ал ар бир сүрөткө сылык, маданияттуу күлкү кыстарып, шашпай, мазмундуу тартууга жетишээр эле. Көркөм чыгарманын авторунун же андагы кейипкердин турпатын ачкан таамай штрихтерге усталыгы менен бирге иштеген коллегаларын таңгалтчу. Абдысаламдын калеминен жаралган ар бир чыгармадан жумшак, сыпайы юмордун илеби уруп турат десек жаңылышпайбыз. Анын Теңир жараткан табияты ошондой эле. Ал турмушка, коомго, заманга, улуу-кичүү пенделерине келеке жагынан эмес күлкү жагынан гана карачу. Ушул касиеттери менен ал ХХ кылымдагы даниялык атактуу карикатурист-сүрөтчү Херлуф Бидструпке кандайдыр бир деңгээлде окшошо түшчү. Бирок ар бири өзүнчө кайталангыс оригиналдар. Бидструптан айырмачылыгы – Абдысалам кистинин гана эмес, сөздүн да сүрөткери, өзүнүн эли-журтуна боору ооруп, жан тартып, сөз, күлкү менен аң-сезимин козгоп, сынчылдык, күйгөндүк менен жазгандыгы жагынан (мисалы «Ай өкмөт, ай өкмөт», «Бузуку тоок», «Кутурган иттер» ж.б аңгеме-аскиялары) Василий Шукшинге, ал эми күлкү коштоп философтонгон хохмач-тамашачылдыгы боюнча Кубат Жусубалиевге да жакындашат.

Эми Абдысаламдын чыгармачылыгын кадырлаган калемдештери, жердештери, жалпы эле маданий коомчулук анын атындагы фонд уюштуруп, даярдалып калган кол жазмаларын, тартылып калган кино тасмаларын чыгарып, эл-журтка жеткирүүгө, сүрөттөрүнүн көргөзмөсүн уюштурууга аракеттенсе изги иш болор эле.

“Акындарга аздек сөз” китебинен