Тайир Аширбай: Абдилаат Доор (поэма)

Абдилаат Доор (поэма) Төрт саптарды, Өрт саптарды, Сегиз саптарды, Сары жөжөдөй Чакан дастанды Жазып жүрүп, Сөздүн тамырын Казып жүрүп, Өң- турпаттан Азып- тозуп, Акын болду Абдилаат Доор.   Абдилаат Доор – Баш тамга менен, Ай тамга менен Жазылган акын.   Калемчен болуп, Казатка келди. Сөз менен ооруп, Азапты жеңди.   Абдилаат Али уулунун Кичи мекени – Лейлек аймагы, Жердин каймагы.   Лейлек – Илек- илектин, Изги тилектин, Ачык жүрөктүн, Замзам, мүрөктүн Түнөгү.   Шылдыр, шыр үн чыгат, Лейлектен күн чыгат. Булактын добушун Эч болбойт кулпулап.   Көптөгөн көсөмдөр, Ак таңдай толугу менен…..