Тайир Аширбай: Абдилаат Доор (поэма)

Абдилаат Доор

(поэма)

Төрт саптарды,

Өрт саптарды,

Сегиз саптарды,

Сары жөжөдөй

Чакан дастанды

Жазып жүрүп,

Сөздүн тамырын

Казып жүрүп,

Өң- турпаттан

Азып- тозуп,

Акын болду

Абдилаат Доор.

 

Абдилаат Доор –

Баш тамга менен,

Ай тамга менен

Жазылган акын.

 

Калемчен болуп,

Казатка келди.

Сөз менен ооруп,

Азапты жеңди.

 

Абдилаат Али уулунун

Кичи мекени –

Лейлек аймагы,

Жердин каймагы.

 

Лейлек –

Илек- илектин,

Изги тилектин,

Ачык жүрөктүн,

Замзам, мүрөктүн

Түнөгү.

 

Шылдыр, шыр үн чыгат,

Лейлектен күн чыгат.

Булактын добушун

Эч болбойт кулпулап.

 

Көптөгөн көсөмдөр,

Ак таңдай чечендер,

Кеп-сөзгө чеберлер,

Уз, устат, зергерлер,

Ырчылар, сынчылар,

Албандар , палвандар,

Дөөлөр, шаалар

Лейлектен чыгышкан.

 

Абдираим Шама,

Молдо Маасали,

Молдо Кундуз,

Молдо Жармат,

Сали ырчы,

Избасар акын,

Эржигит ырчы,

Дыйкан ырчы,

Курбаналы Сабыр,

Нууман Саади –

Ак- Суунун,

Козу- Багландын

Ширин, шекер Шербеттери,

Акак, мончок Берметтери,

Абдилааттын агалары,

Тагалары Лейлектеги.

 

Лейлектик Абдилаат

Отту сүйгөн Жолонго,

Оттор күйгөн тоолорго,

Сүйөркулга, Оморго

Ини болду.

Жергемдеги

Ыр майдандын,

Ыр майрамдын

Күнү болду.

 

“Алга”, “Ата- Журт”,

“Ата- Журт Лейлек”

Басылмасын,

Табышмактуу тагдырдагы

Таң каларлык табылгасын

Жыйырманчы кылымдан

Жыйырма биринчи

Жана да миңинчи

Кылымга чейин

Узак, Ууз, Ак Башкарды.

 

Атак – даңкы,

Кадыр- баркы,

Насил – наркы,

Чама – чаркы,

Чери, жарпы

Таш жарды.

 

Абилаат Доорду

Асмандагы

Айга, Күнгө

Теңебейбиз.

 

Ыгын таап,

Нугун таап,

Катуу, шаттуу

Жемелейбиз,

Жылуу- жумшак

Тебелейбиз.

Шул, дал ушул

Сакадай бою сары алтын,

бою дары алтын

Кишиде

Кенедей кемтик бар.

Кемчилиги,

(мүмкүн, артыкчылыгы) –

Сыйлыкка, бийликке,

Байлыкка, айлыкка,

Ардак наамга,

Дардак наамга,

Майда барат мартабага,

Тийди- качты даражага

Желип- жортуп жүгүрбөдү,

Бий- бектерге жүгүнбөдү.

Илең- салаң ийилбеди,

Бүжүрөйүп бүгүлбөдү.

 

Башкаларга багынбады,

Жагалданып жагынбады.

Каарын төгүп таарынбады,

Заарын чачып жарылбады.

Бир күлүп,

Жүз ыйлаган.

Жүз ыйлап,

Миң туйлаган

Жазга окшош

Бул акындын

Абдан өжөр,

Кыйла кежир

Адаты бар.

 

Капталында

Эки эмес,

Эки жүз миң

Канаты бар.

 

Саргарган сандык толо,

Көгөргөн кеңдик толо

Сансызынчы

Санаты бар!

 

Абдилаат Доор –

Экинчи Рамис.

Мацуо Басё,

Янис Райнис.

 

Бир карасаң:

Франческо Петрарка.

Гитарын черткен

Гарсиа Лорка.

 

Алдына сен барсаң,

Төгүлөт, чачылат.

Ашыгат, шашылат,

Артыкбаш ачылат.

 

Кабылан, жолборстой

Сүрдөнтөт, качырат.

Оргума сыяктуу

Обого атылат.

 

Оо, анын

Үчтүктөрү,

Үч саптары

Жапон элинин

Хоккусу эмес!

 

Жапон хоккусунун,

Хайкусунун

Тубаса турпаты

Мындайча:

Биринчи сап – беш,

Экинчи сап – жети,

Үчүнчү сап беш

Муундан турат.

 

А өзүбүздүн

Абдилаат Доордо

Таптакыр башкача,

Тамчыдай таптаза.

 

Абдилаат акындын

Үч бурчтуу тумары,

Өмүргө, көңүлгө

Өрүлгөн кумары

Эч качан түгөнбөйт.

 

Айры бут адамды,

Шилтенген кадамды,

Гүлдөгөн бадамды

Жиби жок жүгөндөйт.

 

Эх, анын

Үч саптары,

Ыргактары,

Күү бактары,

Ыр бакчасы

Тээ кайыптан,

Түп башаттан,

Туу чокудан,

Кыл чокудан,

Ак мөңгүдөн

Келе жаткан

Жаңырыктар,

Жаңы рухтар,

Жаңылыктар,

Жалпылыктар,

Чексиздиктер,

Түпсүздүктөр,

Эбегейсиз

Эпсиздиктер,

Өлбөстүктөр,

Өчпөстүктөр,

Бүтпөстүктөр,

Күркүрөөлөр,

Шаркыроолор,

Жаркыроолор,

Аркыроолор …

 

Абдилаат Доор –

Төрт сап ырдан

Үч эм ырга

Кемиген акын.

 

Саманчынын

Жолундай

Өйдөгө сүңгүп,

Тереңге чыгып,

Кеңейген акын.

Шондуктан,

Ошондуктан

Теңирге жакын!

 

Эмесе, анын

Ыр бейнесине,

Нур чөйрөсүнө,

Дүр- дүйнөсүнө

Дүрбүнү салып,

Дүрбөлөң кылып,

Көрөлү.

Ар бир сөзүн

Таразалап,

Талдап, тандап,

Аста кармап,

Өбөлү.

 

*****

Акындан үч ыр:

Биринчи ыр;

Торпок кайтарып,

тоого жеттим,

Карагат, козу кулак,

бүлдүркөн.

Торпок болуп,

өзүм да оттоп кеттим.

 

*****

Экинчи ыр;

Бир пияла чай сунулду:

Билериктүү колуңдан,

Билгиликтүү боюңдан.

 

*****

Үчүнчү ыр;

Чүрпөмө

Тар өтүк бутка,

тар пейил жанга жабыр,

Жашооңдо дайым

жадыра, жазыл.

Ажайып ааламга

келгенсиң азыр.

 

*****

Акынды ачууга,

Жыйганын чачууга,

Жаңгактай чагууга,

Маңызын табууга,

Силкинтип кагууга

Үч ыры жетиштүү!

 

Эң күчтүү ырлар

Эч кайда кетпейт.

Залкардын баары

Абдилаат Доорго

Эгерим жетпейт.

 

Анткени, ал жазган

Үч саптар кыргыздын

Ааламдык жытына,

Ак калпак кутуна,

Атына, затына

Камырдай жуурулган.

 

Жылаңач жүрөктөн

Кылычтай суурулган

Ал ырлар – Алп ырлар!!!

Доор акындын,

Сайдын ташындай

Оор акындын

Дили, дити

Барпы апыздын,

Туяк ырчынын

Ай чырайлуу авазына,

Ажарына, дидарына,

Базарына, мазарына

Үндөшкөнсүйт.

Ичкилик кыргыздарынын

Ичке, ничке, ипичке

Кыраатында,

Шооратында

Сүйлөгөнсүйт.

 

“Ана шу” деген ырына

Астейдил кезек беребиз.

Кыпчактар айткан саз менен

Кыраңдан тезек теребиз.

Чагатай тапкан наз менен

Чагатка чыгып көрөбүз .

 

*****

Ана шу

(Абдилаат Доордон

ары эски,

ары жаңы ыр)

Кыз баланын ий,

Соносу,

Кыр-адырдын эй,

жоносу.

Кызарып бышар горосу,

Кызыктырар ий, ана шу.

 

Кыз баланын ий,

Сараси,

Курч кымыздуу эй,

сабасы.

Тал чыбыктай танаси,

Тамшандырар ий, ана шу.

 

Кыз баланын ий,

Соносу,

Куш илгирдин эй,

тогосу.

Сыр аякта бел ашы,

Суктандырар ий, ана шу.

 

Кыз баланын ий,

Сараси,

Кылгырат наз эй, карашы.

Кабылдап ышкы, жарасы,

Какшатат жанды ий, ана шу.

 

*****

Албетте,

Өрүкзарлуу өрөөндөгү,

Айгүл гүлдүү кыр- дөңдөгү

Ыр жазгандын,

Сыр казгандын

Баары, баары –

Абдилаат Доордун

Уулдары, кыздары.

Көктөмдөрү, жаздары,

Назымдары, наздары.

Көл үстүндө көйкөлгөн

Өрдөктөрү, каздары …

 

Алардын арасында,

Каректин карасында,

Калың көч катарында,

Ыр дүйнө сапарында

Мен дагы жүргүм келет,

Жарыкты сүйгүм келет.

Ай өңдүү кайгырсам да,

Күн сымал күлгүм келет!

 

Бергенден бере элеги,

Көргөндөн көрө элеги,

Тергенден тере элеги

Көп акынга,

Төгөрөгү төп акынга,

Келечеги кең акынга,

Жеңижокко тең акынга

Мына минтип,

Айткым келет:

Абдилаат Доор, жаша,

Жүрөктүн толтосунда.

Урпактын ортосунда,

Турпактын торкосунда.

Кала бер эл эсинде,

Калкыңдын элесинде.

Он сегиз, он сегиз миң

Ааламдын сересинде.

Тайир Аширбай, акын, Лейлек району.