Сью Чжу: Жылдыздуу түнгө урундум, убакыт талкалаган

Сью Чжу – Жаңы Зеландиялык кытай акыны

Сью Чжу – акын, сүрөтчү, заманбап эл аралык поэзиянын жайылтуучусу, WPMдин континенталдык координатору. Нажи Нааман Адабий фондунун атайын өкүлү жана All Souls Poetry уюмун негиздөөчүлөрдүн бири. Ырлары 20дан ашык тилге которулган. Дүйнөлүк антология китептеринин мукабаларын көркөмдөгөн сүрөттөрүн айрым адамдар коллекция кылып чогултуп жүрүшөт.

Сью Чжу, Носсида дүйнөлүк поэзия сыйлыгын (ЮНЕСКО-2021, 2022), “Наджи Нааман” адабий сыйлыгын, мыкты чет элдик автор катары “Premio Internazionale di Poesia I Colori dell’Anima” сыйлыгын (2022-ж.) “Рабиндранат Тагор” атындагы, италиялык “Ил Мелето ди Гуидо Гоцзано XI” эл аралык адабий сыйлыгына, ж.б. ондогон кытай жана дүйнөлүк адабий сыйлыктарына ээ болгон.

Ал, “32nd Medellin” эл аралык поэзия фестивалына, “The 16th Festival Mundial De Poesia 2022” (Венесуэла), “The 48th Karamanov Poetry Festival 2021” (Македония), жазуучулардын V Эл аралык жолугушуусу “LA LUNA CON GATILLO” (Аргентина), “Панорама” Эл аралык адабий фестивалы (Индия, 2020-ж.), Бенидорм жана Коста Бланкадагы IV-эл аралык поэзия фестивалы сыяктуу, бир нече абройлуу Эл аралык поэзия фестивалдарынын катышуучусу.

Сезгичтик

Ай нурунун астында, аккан суунун үстүндө,

бардык жерде бар туюлат, бирок жок өзү эч жерде,

затпы десең, жанбы десең, бир сыр сымал өзүнчө.

Жоруганың да бекер, эместей ал эч нерсе.

Кайдансың, сен? Эмнеге?..

 

Аймалайт тынбай желаргы, сезип гүлдөр ачылганын.

Кубанычтан жарылса асман, нөшөрлөйт заматта дагын.

Күүгүм ченде орун алган ач жолоочу ашкананын

Түтүнүнө ышталууда, түтүктөн чыгып каптаган аны.

 

Кардуу муз тоо этегинде каакым уругу өндү, дагы.

Кайда барсаңыз да жаралуу бар бул жашоого:

Балыктар туш келди сүзүп кубалашып ойноодо.

Назик жалбырактар күн шооласынан азыкка толо,

Метеориттер жерди өбөт нурдуу жылдар өтсө ободо.

 

Сен тагдырдын мээримдүү бир жанысың

Капыс отургузулган талдын көлөкөсү сыңар.

Колдон суурулду өз ара мамиле, намысың,

Гүл ачылса, көпөлөк жандап учуп кеткен чыгар.

 

Сен – чагылган, күркүрөгөн көз ирмемге көктө жай.

Бул – түбөлүктүүлүк, учурунда келген айттырбай.

Же эрте өлүм кокусунан келген суратпай.

 

Кызыма

Кат жазып узун, жиберем арнап белегим.

Өлкөдө алыс, он алты жашта карегим.

Алманын тандайм эзелки мыкты түрүнөн,

Кай жерде өскөн, белгилеп баарын түсүнөн.

 

Алманын бири алыскы чыгыш Эдемден,

Бу алтын алма, шөкөттүү тойдон, от күйгөн.

Жети эргежээл бу, айнектен кемпир киргизген.

Сократ классынан бар, ага жасалма кирген.

Бири Врумдун күтүү теориясындай,

Үзө алат аны бой созуп катуу секирген.

Мунусун Чарльз көңүлкош ыргытып ийип,

Ойго тунган Ньютонду эске келтирген.

А бири чексиз Сахара чөлүн кезиптир.

Бириси жашыл бакчада өскөн жеринен,

1942-жылы сүйүү урматына делинген.

А бул, экөөбүз багып, өстүргөн алма, эркем.

Бул алмалар буркурап турган жыттары,

Айланышат кыямга, эч теңдешсиз даамы.

 

Эркин жүргөн сага жагат, достошуп

Бактылуу саякатыңда, унутулгус болуп.

 

Гортензия

Алар чогуу өсүшөт,

рахаттана бирге болгонго,

күн нурун да тең бөлүшөт,

жеңил канаттуулар да аларга

конууну абдан кызык көрүшөт,

бал алган бар, урпактарын багууга.

 

Маркум атам жакшы көрчү аларды,

азык берип, сугарганды,

соолубайт, жыттуу дечү,

сүйлөшүп өзү менен өзү:

учурбайт желекчесин шамал дагы.

 

Мен акыркы болуп гүлдөдүм.

Шашып секире аштым дубалдан,

башка өлкөдөн орун алдым,

өз бакчама уругун сээп салдым.

 

Эми туурап атамды,

ар желегин аяп аяр караймын

мага тааныш сыяктуу.

Бакча ээсинин көзүнө

кайсынысы эч алмашкыс жакыны

көрүнөөрүн билбейм дагын,

бар болгону, аарыга, көпөлөккө,

анан атама окшой баштадым.

 

Жаркырак тампыздар балалыгым эске салды

Жылдыздуу түнгө урундум,

убакыт талкалаган.

Аркы жээкте үнүн баскан

балыкчылар кайыгы парустарын түшүрүп.

Катуу уйкуга кеткенсийм капыстан.

Сары кирпич төшөлгөн жолдо жүрүп

чаар бугуну кубалайм артынан.

Алмуруттун гүлүндөй жаады кар сампарлаган.

Бассейнге түштүм анан,

шабдаалынын түсү сымал,

миң футтай терең абдан.

 

Боштуктан куру калдыраган

учактардын үнү угулду кырлардан.

Канаттары сынык учактар улам

абага көтөрүлүп, булуттарды апкелгиси келди анан,

жамгырды жаратууга, жер эңсеген, чаңкаган.

Дарыялар ташыганда ойгонушкан.

Куураган жалбырактар маанайды түшүрөт анан.

Тампыздар жаркыраган терезеге учат тыштан.

Шек санабай калдым саякатыма, тышкары уйкудан.

 

Эми Ай да ичке жана ап-арык.

Жыпар жыттуу гүлдүн жытына толгон

чыйыр жолдо бара жатат балалык,

түндүк тарапты көздөй чымырканып,

кийимдери көз жашынан суу болгон.

Которгон: Алтынай Темирова, акын, драматург, котормочу