Сардарбек Рыскулов: Бүбүш апа

Бүбүш апа

(Болгон окуя)

Байгазынын кадыр-баркы атактуу Төрөгелди баатырдын көзү өткөндөн кийин эл-журтка даңазасы чыгып, төбөсү көрүнө баштады. Буга чейин жакын агасы Төрөгелди баатыр менен ага-ининин баласы (Төрөгелди баатырды ээрчип, бир чети иниси, бир чети жигити болуп жүрдү). Байгазы бала көрбөй жүрүп биринчи көргөн тун баласы Бүбүштү эркек балдардай кийиндирип, эркек балдардай тарбиялап өстүрдү. Бүбүштү аш-тойго, эл чогулган жыйындарга барганда да ат жабдыгы келишкен чыгаан жоргого, жакшы атка мингизип, жанындагы жигиттерине кошуп атайылап ээрчитип алчу. Бүбүш кыз болгону менен кыз каадасын күтүп колуна ийне саптап, сөөмөйүнө оймок илген жок.

Үй бурчунда кыздардай болуп куурчак ойноп, сайма саюу Бүбүштүн оюна келмек түгүл түшүнө да кирген эмес. Анын ордуна эркек балдар менен чүкө ойноп, кекилик, чил, кыргоолдорго тузак тартып, улам чоңойгон сайын упайга, ордого кызыгып жүрүп кийинчерээк катуу ордочу, чебер упайчы да болуп кетти. Кай бир күндөрдө атасынын теңтуштары келип тогуз коргоол, беш карта ойноп калганда тикирейип тиктеп олтуруп ошол оюндарга да ышкысын коюп, ошол оюндарды да катуу үйрөндү.

Байгазыга ага-инисинин оозу батпаса да өзүнө теңтуш курбу-курдаштары четин чыгарып айта коюшчу: «Байгазы баатыр көңүлүңүзгө албасаңыз өз оюбузду жашырбай айткыбыз келет. «Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы» – дейт эл оозунда. Бүкөндү (Бүбүштү) кыздардай кийиндирип, кыздардай тарбиялап үйрөткөнүңүз жакшы болгудай. Байкап жүрөбүз балдар менен урушуп калса да эркекче сөгүнүп, эркекче мушташа кетет экен. Кокус балдардын оозунан келин-кыздарды сөккөндөй сөз чыгып кетсе ыза болуп жүрбөсүн». Байгазы курбуларынын мындай сөзүнө терс жооп кайтарчу.

Илгертен бери биздин ата-бабаларыбыз эркек балдарын кандай үйрөтсө, кыздарын да ошондой үйрөтүшкөн. Найза сайганга, кылыч шилтеп, мылтык атканга, жаа тартканга эркек балдарынан да кыздары баатыр болуп, баскынчы жоодон элин сактап, кайра жылкы тийип атышып, чабышып, сайышып, салгылашып келип турган. Жаңыл баатыр, Кыз Сайкалдар эмне деген ченсиз баатырлар. Менин Бүкөйүм ошолордой болбосо да эркекче өсүп, эр азаматтардан калышпай, шайдоот, шамдагай, тың, чыйрак жүргөнгө үйрөнөт. Анын эмнеси жаман. Дээринде болсо аялдын жумушун барган жеринде үйрөнүп алат». Байгазы баатырдан бул сөздү уккандан кийин экинчи жолу үн чыгарышпай, үн чыгарышмак түгүл шыбырашпай да калышкан, айткан теңтуштары.

*****

Бүбүш он алты, он жети жаш курагына келгенде кыргый, куш салып, ал түгүл мергендерге кошулуп мылтык атып, кийик уулап, бийик тоолорго чейин чыгып, конуп-түнөп келип жүрдү. Аш-тойлордо улакка түшүп, бирме-бир өзү теңдүү балдардан калышпай улакты ат үстүнөн жулуп алып, нечен жолу марага алып келип таштаганда, эл чуулдап кыйкырык сүрөөнгө алып кол чапканда Байгазы баатыр кубанып калар эле. Кээ бир аттуу-баштуу карыялар: «Атаңдын көрү, бири кем дүнүйө деген ушул да. Байгазы баатырдын таалайына эркек болуп калса эмне? Даана Төрөгелди баатыр болмок экен» – дешип, бирин-бири карап кобурашып калышчу.

Байгазы баатырга сөз айта алышпай нечен менменсингендер апкаарып жүргөндө кадимки Шабдандын агалары Сооронбай тогуз чаар ат айдатып келип, Бүбүштү баласы Дүргө алып берүү үчүн кулагына сөйкө салып, куда түшүп калды. Сооронбай Байгазынын атасынан атасы кем эмес, өзүнөн өзү кем эмес даңкы десе даңкы, кадыры десе кадыры бирдей, нары экөө тең тууган. «Түбү бирге кошулат, учу бирге жазылат» дегендей Сооронбай Түлкүдөн болсо, Байгазы Үчүкөдөн. Экөөнүн тең арбагы асмандап, ташы өйдө кулап турган кези. Сооронбай Чүй боорун, Атаке, Сатыбалды элин билсе, Байгазы баатыр Кочкордо Темир, Болоттун элин билет. Экөө эт-кесмедей эзилип, «каймакка куймак куйгандай» болду да калды. Бул кабар Кочкор, Чүйдүн өрөөнүндөгү элге учкан куштай тез тарап кетти. Сооронбайдын куда түшүп кеткенин Бүбүш да сезип калды. Ага четин чыгарып айткандан ата-энеси айбыгышкан. Эркек бала катары эркелетип ою менен болуп жүрүшсө, сени күйөөгө бермек болдук деген сөз Бүбүшкө октой тийбейби. Ошондой болсо да кызга жеңе жакын дегендей, эртели-кеч жеңелеринен күбүр-шыбыр угуп, канча кылганы менен кыз экенине түшүнгөн Бүбүш кудалар кеткен күндөн тартып катуу ойго түштү. «Күйөөгө барат турбаймынбы, ата-энемдин төрүндө бейиштин төрүндөй тайраңдап эрке өскөн жаным туулган конушумдан ажырап, башка жайга, башка журтка которулуп, өмүрүм өткөнчө ошол жакта, ошол чоочун жайда болот экенмин го! Эч бир кымбат нерсеге айырбаштабай турган кайран жаштыгымдан, кайран күлгүн күндөрүмдөн түбөлүк ажырайт экенмин го? Экинчи ал күндөрүм эсимде калса да өмүрүмдүн мындан аркы сапарында кайталап жолукпай, жарк этип жанып кайрылып келбейт экен го!» – деп эстеген сайын жүрөгү зырп деп калчу болду. Кыз экени билинип күйөөгө барарына көзү жетип, башы байланып калса да мурунку эркекче мүнөзүн таштабай, ошол эле кыял, ошол эле жоругун кайра баштады. Кыз кыялына, кыз мүнөзүнө келиш Бүбүш үчүн оңойго турган жок. Өтө кыйын болду. Ал барган жеринде ийик ийрип, жүн тытып, ийне саптап, сайма сайып оокат кылам деген ой-санаасына да келген жок. Кайра мурунку кесибин улап атына минип, кушун салып, «машкесин» ээрчитип, жигит-жалаңы менен жүрүп кетчү болду.

Айылдагы ага-жеңелери, тели-теңтуш кыз-келиндер да, ал түгүл ата-энелери да сен буга чейин мындай жүргөнсүң, эми мындан ары мындай жүр деп оозу батып айта алышпады. Айтмак түгүл чет жакасы чыгаргандарга «Бүкөндү өз жайына койгула, качан гана күйөөгө барганда кыз экенин ошондо билсин» – деп коюшчу ата-энеси.

Бир жылы күзгү боз кыроодо Көкчолок тараптан жигиттерин ээрчитип өрдөк, кыргоолго куш салганы токой жээктеп Балбак болуш келип калды. Андан мурдараак ошол жээкте эки-үч жигити менен куш жайып Бүбүш жүргөн болчу. Буга чейин Бүбүш кушуна үч-төрт өрдөк, бир-эки коён алдырып алган. Балбактар туура бастырып Бүбүштөрдүн тобунун алдынан чыгышты. Эки топ бет маңдайлашып саламдаша кетишти. Сурашты, таанышты. Балбак Бүбүштү ат үстүнөн адеп көргөндө далайга чейин тиктеп калды. «Эркекпи-кызбы» дегенчелик кылып боолголоду окшойт. А деген жерде эле эркексиңби, кызсыңбы дегенге оозу батпады. Балбактын батына албасы да туура болчу. Анткени Бүбүш кыздай болуп эркектен жүзүн жашырып уяң карачу эмес. Кайра тике карап, теше тиктеп эркек жигиттердей мүнөзүн көрсөтүп туруп алчу. Экинчи жагы Бүбүштүн тула боюнда кыз-келиндер кийген кийимдердин ырымга бири да жок да. Бүбүш кушун кондуруп, жигит-жалаң менен токойго чыгаарда кийген кийимдерин караган-чер, чычырканак аралаганда тыттырбайын деп жаргак шым, жаргак кемсел кийчү. Башындагы тебетейинин арткы түрүмүн желкесине чейин кайрып салганда, түйүлгөн чачын тебетейдин түшүрүлгөн кырбуусу көргөзбөй басып калчу.

Эки топ ажырашпай кушту бирге жайыша турган болушту. Бастыра түшкөн жердеги топ чийдин арасынан «болт» этип бир коён кача берди. Эки куш тең жулунду. Бүбүш кушун салган жок. Сиз салыңыз дегенчелик кылып, Балбакты карап башын ийкеп койду. Улуусунтуп сыйлаганына ичинен ыраазы болгон Балбак кушун коё берди. Куш качкан коёнду узатпады. Бакыртып басып шыпырып, олтура калды. Балбак аттан ыргып түшүп, коёнду куштан ажыратып ала албай бушайман болду. Куш коёнду баштан бекем мыкчып жылдырбай турду. Коён кош аяктап арткы эки буту менен кушту канат-куйрукка тепкилеп жатты. Балбак чөнтөгүнөн кестигин сууруп чыгып, коёнду кекиртегинен мууздайм деп шашып жатып, куштун салаасына кестиктин мизин тийгизип алгандай болду. Куш «чыр» дей түштү. Жанталашкан коён куш эмес Балбакты да этек-жеңге тепкилеп жиберди. Алкымына кестик тийген соң көпкө чейин тоңкочуктап мөңкүп жаткан байкуш коёндун дирт-дирт деп жатып анан жаны чыкты. Аяк серппей сулк жатып калды. Бүбүш ат үстүндө туруп Балбактын коёнду куштун колунан ажыратып алганды биле элек экендигин байкап, ичинен тымызын жылмайып турду. Муну Балбак кайдан билсин, байкаган да жок.

Дагы биртике арылап бастырышканда жатакта жаткан бир коён аттардын туяктарынын дабышынан чочуп, сереңдеп тура качты. Бүбүш кушун шилтеди. Куш коёнго шак жабышып жетээри менен баштады. Коён каадасынча бакырып, куш менен жулкулдашып, бошонуп кетүүнүн аргасын таппай мөңкүп жатканда аттан ыргып түшүп Бүбүш мурда жетти. Куш баштап калганда кандай илбээсин болсо да кутулуп кете албайт. Кокус куш чабалдык кылып эле коё берип койбосо ажалы жетип, колго түшкөнү ошол. Бүбүш куш менен кармашып жаткан коёндун арткы эки бутун эки толорсугу менен бириктире кармады да артына кайрып, коёндун белин сындырып койду. Жанагы Балбактын коёнундай тыбырчылап тепкилемек турсун белинен ажырагандан кийин чыргаадай сүйрөлүп коён жансерек болуп калды. Анан коёнду шашпай мууздап, муздоо канынан бир-эки чокутту да коёндон кушту ажыратып алып, Болуштун канжыгасына байлап бергиле деп бир жигитке кол жаңсады. Бүбүштүн коёнду куштан ажыратып алган ыкмасын ат үстүндө байкап турган Балбак да, Балбактын жигиттери да бирин-бири тиктешип, Бүбүштөн сүрдөп делдейип турушту. Кеч кирип кетти. Кыбыладан соккон сыдырым шамал күчөп аягы катуу ызгаарга айланды. Куш салууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Адатта шамал жүрүп калганда алгыр канаттууларды мүнүшкөрлөр колдон чыгарышпайт эмеспи.

Анткени алар асманга көтөрүлгөндө качырганына жеткирбей шамал каңтарып кетет чалкалатып. Куш көкөлөп учуп бороон-чапкын менен кошо куюндай айланып, көзгө илээшпей капкайда караанын үзүп жоголот. Анан эр болсоң таап ал. Ошол кечки шамалдан кийин Балбак да, Бүбүш да жигиттери менен айыл-айылдарын көздөй бастырып кетишти.

Жолдо кетип баратып Балбак Абласандан сурады. (Абласан Балбактын бирден-бир жигити, Байгазыларга жакын тууган).

-Жанагы жаш бала эркекпи, кызбы? Аты-жөнүн билесиңби? Силердин элден көрүнөт? – Абласан күлдү.

-Билем баатыр, билем. Бул жаш жигит эмес, жаш кыз. Байгазы баатырдын жалгыз кызы, аты Бүбүш. Байгазы баатыр башка чукак болуп бала көрбөй жүрүп ушул кызды көргөн, ошондуктан төрөлгөндөн тартып эркекче кийиндирип, эркек баладай тарбиялаган. Байгазы баатырдын көзүнчө Бүбүштү кыз деп эч кимисинин оозу батып айта алышпайт.

-Мындан кийин аялы төрөдү беле?

-Төрөгөн, кечигип төрөгөн, төрөгөндө да Осмонаалы, Сыдыгаалы деген эки эркек баланы удаа төрөгөн. Алар жаш.

-Кызык – деди Балбак – эркектей сүйлөйт экен, жазганбай.

-Эмнеден жазгансын, кичинесинен тартып ошондой сүйлөп өскөн да. – Сен булар менен канчалык жакын туугансың?

-Баарыбыз Черикчи баатырдын балдарыбыз. Мен Жаныбек бийденмин. Байгазы баатыр Жаныбектин иниси Карамендеден.

-Жакын экенсиңер, андан ары үндөгөн жок Балбак. Ошондон үйүнө чейин ичинен күңгүрөнүп ойго батып барды.

Бүбүш тигилерден ажырап берилей түшкөндө жигиттеринен сурады:

-Жанагы кызыл сары чийкил жигит Балбак болуш деген ушулбу?

Ким дегендин баласы бул?

-Тааныбайсыңбы Бүкөй?

-Кайдан тааныйм буга чейин көрбөсөм.

-Кадимки Шамен баатырдын Байтерегинин уулу. Айтылуу «бала болуш» Балбак деген ушул.

-Анда жакшы экен, жүрөгүндө оту, көзүндө өртү бар тура. Болуш болгон менен куш салганды, куштун жемин ажыратып алганды билбейт тура. Өзү да, кушу да колго түшкөн коёндон тепки жешти. Борс-борс күлүп койду Бүбүш. Ал күлгөндөн кийин жигиттеринин баары күлдү.

-Кийинки коёнду сен кушуңан ажыратып алганды көргөндө ого бетер уят болду го.

-Мыш болду, мыш болду. – Баары каткырып күлүштү. Анан жигиттеринин бирөө сурап калды.

-Деги кушу кандай куш экен Бүкөй?

-Андай куш оңой менен чыгаан мүнүшкөрдүн колуна тийбейт да. Туйгундан кийинки «тунжур» деген куш ушул. Атаңдын көрү, менин колума тийсе кайран кушту коёнго салып кор кылбай тоодактан башкага көргөзбөйт элем. Канат-куйругун сындырбай тырмактарын курч алып жүрсө, бул куш тоодакты кекилик, чилден оңой алат.

-Кушунун тунжур экенин билбейт го анда?

-Кайдан билсин. Куштун колунан коёнду ажыратып алалбаган неме тунжур экенин, туйгун экенин билип коюптурбу. Коён анын болуш экенине карабай куш-мушу менен тепкилебедиби. Баары күлүп калышты. Ошондон кийин Балбак менен далай жолу куш салышып, өтө жакын болуп кетти Бүбүш.

*****

Балбак башка жакка баргандан да Бүбүш менен куш жайылганды адатка айлантып алды. Бир чети куштун кызыкчылыгы, экинчи андан да күчтүүрөөгү Бүбүштү көрүп туруу. Бүбүш да кушун алып чыкканда ошол тарапка барчу болду. Ал Балбак менен теңтайлашып куш салганды жакшы көрчү, эңсечү.

Ошондой күндөрдүн биринде куш жайылып жүрүшүп Балбак менен Бүбүш дагы бир жолу беттешип калышты. Куштарына экиден, бирден өрдөк, кыргоол алдырышып анан чоң суунун боюндагы, токой жээгиндеги жашаңга ат чалдырышты. Балбактын жигиттери да, Бүбүштүн жигиттери да тиги экөөнүн көзү бири-биринен өтүп, ээндикти самап жүрүшкөнүн билишчү. Учурдан пайдаланган алар суу бойлоп, балык-салык караган болуп, туш-туш жакка тарап кетишти. Көк жээкте Бүбүш менен Балбак ээн. Канча кылган менен эркек эмеспи, сөздү Балбак баштады!

–Бүкө – деди Балбак, буга чейин оозум батпай айта албай жүрдүм. Жолборстон сүрдөбөгөн баатыр – «кыздан сүрдөптүр» деген эл ичинде накыл сөз бар эмеспи. Кыз да болсоң сүрүң кабыландай экен. Биринчи көргөн күндөн баштап өзүмдү сенден пас алып жүрдүм. Кээ бир күндөрдө сага айтайын деп атайылап даярдап жүргөн сөздөрүмдү да сенин жүзүңдү көргөндө айта албай апкаарып, ошол сөздөрүм жүрөгүмдүн башында камалып, тумчуккан бойдон кайра өзүм менен кошо кетчү. Сени менен коштошуп кайра үйдү көздөй тартканда ошондо акылыма, ошондо кайратыма, ошондо эсиме келип «атаңдын көрү, ушинтип эле айтып салсам болмок экен» деп өзүмдү өзүм кекетип-мокотуп жүрдүм. Бул оюм күндүз ойлогон бойдон калса эмне, түн бою эсимден кетпей тынчымды алып, ичим бук болуп, бир балекет үшкүрүк жабышты да калды. Ошол үшкүрүк дартка айланып кетеби деп чочуйм Бүкөш. Балбак сөзүнүн аягына толук чыкпай бир аз дым боло түштү. Бүбүш бырс күлүп жиберди. Бүбүштүн күлкүсү анын билегинен күмүш билериги жерге түшүп кеткендей «шыңгыр» этип угулду Балбактын кулагына.

Бүбүш кыз болсо да жигитке сыр алдырган жок. Тигинин сүрдөп сөз айта албай жүргөнүн билгенден кийин чечкиндүүлүк кылды. Балбакты бир аз жылмайып карады да: – мен катардагы жөнөкөй адаммын да, кызмын да, сен эркексиң, жигитсиң. Кыздан корккон кысталактын жүрөгү – деген эл оозунда сөз бар эмеспи. Эмнеге коркуп, эмнеге жүрөксүйсүң? Өзүң болуш болсоң, кандан-бектен кайра тартпай нечен топтордо кашкая чыгып какшап сүйлөп жүрсөң. Тектүү жерден чыккан Шамен баатырдын уулу, атактуу Байтерек баатырдын уулу Балбак болуш болсоң, жүрөгүңө баракелде, жүрөгүң жүрөк эмес бекен. Жүрөгүң бая күнү кушуң менен өзүңү тепкилеген коёндун жүрөгүнөн анча деле өйдө эмес турбайбы. – Бүбүш каткырып күлдү. Бүбүштүн бул күлкүсү ого бетер Балбакты ыктап-ыктап, ого бетер ыгырып-ыгырып таштагандай болду. Балбак башын жерден өйдө көтөрө албай ылдый карады. «Каап ушул сөздү эмнеге айттым экен» дегенчелик кылып, мүңкүрөй түштү. Бирок Бүбүш тигинтип курчураак сөз кайрыса да канча кылган менен кыз эмеспи, Балбакты аяп кетти. Балбактын сөздөрү одоно болсо да, жүрөгүнөн тартып ички дүйнөсүн бүт эритип турду. Бyга Бүбүштөн башка кыз токтоно алмак эмес. Токтонмок турсун, өз боюн өзү таштап Балбактын кучагына жыгылып бермек.

«Кыздан корккон кысталактын жүрөгү» – деген сөздү уккандан кийин Балбактын дене бою чыйралып, эрдемсий түштү окшойт, оң жагында олтурган Бүбүштү имере тартып, кыса-кыса кучактап туруп бир-эки жолу өөп-өөп жиберди. Балбакка чейин Бүбүштүн оозунан эмес, энесинен башка бир да жан бетинен өпкөн эмес. Бүбүш да анчалык каршы болбой, ошону күтүп тургансып Балбакка ыктай боюн салды. Аңгыча камыш, талдар шуудурап баягы бириндеп кеткен жигиттердин биринин артынан бири көрүнө баштады. Алар чогулуп келишкенден кийин эки тарап тең эки жакка аттанып жүрүп кетишти.

*****

Балбак үйүнө жеткенче Бүбүштүн элеси көз карегинен кеткен жок. Жанындагыларга үн катпай өзүнчө терең ойго чөмүлүп баратканын жигиттери да байкап, Балбактын жүрөгүнө Бүбүштүн чок таштап кеткенин баары даана билип келатышты. Бүбүштүн өтө бийик да эмес, өтө жапыз да эмес шыңга бою, кара торусунан келген таптатынакай сулуу жүзү, оттой күйүп, балбылдап жанып турган мөлтүрөгөн курч көздөрү, ийненин учтарындай сайылган кирпиктери кабыргадай болуп жаңы жаңырган Айдын элесин берип турган жарашыктуу сулуу каштары, Чолпон жылдыздай жаркыраган жазы маңдайы Балбактын жанында өзү менен кошо келаткандай болуп элестей берди. Балбак ошол жолу үйгө кандай келип, кандай койгонун Акбалтырдын үйдөн чыга калып, аны ат үстүнөн колтуктап түшүрүп, эшик ачып үйгө кандай киргизгенин өзү да билбей калды.

Бүбүштүн да ичи уйгу-туйгу болуп, колундагы кушун күндөгүдөй өзү кондурбай жигиттеринин бирөөнө кармата берип, өзү алардын артынан бастыраар-бастырмаксан болуп, жайбаракат илкитип жүрүп олтурду. Оюна Балбактын чийкил кызыл жүзү жаңыдан тегиз учталып келаткан жарашыктуу кep муруту, сүйлөгөн сайын адамды өзүнө илеп тартып турган кыймыл-аракети, ачып-жумган сайын оттуктай жанган балбылдаган көздөрү Бүбүштүн кайра-кайра эсинен кетпей, жүрөгүн элеп-желеп элжиретип эзип келе жатты. Ошол кечтеги түн Балбакты да, Бүбүштү да тынч алдырып уктаткан жок окшоду. Көздөрү жумулуп бир аз чырм этип кеткен сайын Бүбүштүн түшүнө Балбак, Балбактын түшүнө Бүбүш кирип жаткандай болду. Ал жылы күздө Бүбүш менен Балбактын ортосу жакындагандан жакындап, бири-бирине билинбеген тартылуу күчтөр үстөмдүк кыла берди. Бул күч жигит менен кыздын ортосундагы сүйүүнүн чие байланган түйүнү болчу.

*****

Күндөрдүн биринде дагы ошол токойдун жээгинде куш жайылып жүрүшүп Балбак менен Бүбүш кенен-кесир сүйлөшүштү. Балбак жигиттер окчундап кеткенден кийин Бүбүштү бооруна тартып, алкымынан кайра-кайра жыттап, эркектик кылып бирдеме деди эле Бүбүш Балбакты төшкө түртүп, катуу кагып койду. «Нике буйруса ал кайда качмак эле, күң менен кулдай талаа-түстө будалашпайлы». Анан Балбак ырас эмеспи дегенчелик кылып сөз баштады: «Бүкөш, экөөбүздүн көптөн бери жакындашып жүргөнүбүздү Акбалтырга айтпай жашырып жүрчү элем. Бирок ал түгөнгүр канча кылган менен кыраакы аял эмеспи, билиптир. Баягы менин куу кана жигитим Абласандан кеткен көрүнөт. Кечээги түнү андан уккан-билгенин мага толук айтып салды. Мен да тана алган жокмун, чынымды айттым, канча кылган менен эстүү аял эмеспи, кабак бүркөгөндүн ордуна акыл айтты, чыртыган да жок.

-Эмне деди? Бүбүш уккан сайын Балбакка ыктай калып анын сөзүнө кунт коюп жатты.

-Эмне десин, жакшы оюн, жакшы тилегин айтты. «Менин келгениме да алты, жети жыл болуп калды. Төрөтүм кечеңдеп баратат. Өзүм да ойлоп жүргөм. Акыры түбү аял албай койбойт, бир жакшыга туш келсе экен деп, жаман аял болсо мени да, сени да кор кылып, өзү да кор болуп, же өзү билбей, же билгендин тилин албай үй-бүлөнүн ынтымагын кетирип, ызы-чуу түшүрүп чар учкандай кылып салат. Ал Байгазы баатырдын кызы жакшы киши болуш керек. Тек-жайы, төркүн-төөсү түптүү жер эмеспи. Кантип жаман болсун. Алсаң эле ошону ал. Эстүү аял күнүлөшпөйт, кайра колго кол, бутка бут болот. Мен тандап жүрүп бир кыз алып берейин деп жүргөм. Тандамалды өзүң тапкан турбайсыңбы, – деди.

-Анан сен эмне дедиң? – Бүбүш чыдай албай кетти окшойт удаа-удаа суроо бере берди.

-Мен эмне дейин, билгенимди билгендей, көргөнүмдү көргөндөй айттым. Эркекче кийинет экен, эркек жигиттердей сөгүнөт экен. Куш салат экен, мылтык атат экен, ордо, упай, тогуз коргоол, карта ойнойт экен дедим. Бүбүш күлдү, күлдү да дагы сурады: – Анан ал эмне деди?

-Ал эмне десин, элден мурда алып келчи, дээринде болсо аялдын ишин өзү эле үйрөнүп кетет. Үйрөнбөсө мен өзүм үйрөтөм. Алсаң эле ошону ал. Өзү да кара торунун сулуусу. Эркекче өскөн менен акылдуу кыз деп уккам. Апапак болуп мен сага эмне кылып бердим. Же төрөп төлүмдү бербесем. Коколой жалгыз жүргөндөн көрө Бүбүштөй эстүүгө туш келсек жаман болбойбуз. Сиңди кылып алам. «Эки жакшы туш келсе, ырыскынын жеткени, эки жаман туш келсе, ынтымактын кеткени» – дейт. Нике буйруп Байгазы баатырдын кызын алсаң, Темир тукуму ого бетер колтугуңа кирип келет, уучуң узарат. Байгазы баатырды жалаң эле Бүбүшкө ээлетпей, мен дагы ата кылып алам, аталарың менен теңтуш десе теңтуш, даңкташ десе даңкташ – деди.

Акбалтырдын бул оюн уккандан кийин Бүбүш анын өтө акылдуу, алдын ала күн мурун көрө билген, көсөм, ырыска шерик, телегейи тегиз келген аял экенине көзү жетти. Муңая башын жерге салып ойлонуп калды да, көптөн бери жүрөгүн өйкөп жүргөн оюн Балбакка токтолбой айта турган болду. Буга чейин бул сырды дагы алда кандай болуп кетет деп Бүбүш сактанып жүргөн. Бүбүштүн кабагы бүркөлүп, бир аз ойго түшө калганын байкаган Балбак жүрөгү бир нерсени сезгендей болду окшойт, токтоно албай сурап жиберди:

-Эмне? Эмнени ойлоп кеттиң, Бүкөш, бир аз бүркөлө түштүң да, айтчы… айтчы? – Балбак чыдабай кетти.

-Эмне ойлонмок элем. Өзүмөн мурда сени ойлоп жатам. Сенин көптөн бери мени сүйүп калганыңды да билип жүрөм. Бирок… деп, сөзүнүн ары жагын баштабай бир азга буйдала калды да анан чыдай албай өзөгүн өйүгөн оюн бугуп буулугуп жаткан өстөндүн ooзун шар ачкандай төгүп жиберди.

-Менин башым бош эмес Балбак мырза, байлануу. Кайындап койгон жерим бар. – Балбактын бүткөн бою дүр дей түштү.

-Ким ал, каякта?

-Ким болсо дейсиз, ал да чоң жер, силерден өйдө десе өйдө, акыры кем эмес, Чүй жакта. Атама даап, пас жер куда түшө алабы. Кадимки чоң Сооронбай – Шабдандын туугандары, мага күйөө болчу ошонун баласы Дүр деген. Балбак да oту өчкөн казандай бир азга дымый түштү.

Анан сөз баштады:

-Сенин көңүлүң менде болсо куда түшкөн жер куржалак кала бербейби. Экөөбүздүн баш кошкубуз келсе бир гана түн билет да. Кыздын барган жери жайлуу болсо Байгазы баатырга окшогон намыскөй тектүү жер артынан куугун жибербейт. Кыз бир түнөп калса илгертен калган ата салты «кызым жаман атты болуп калат» деп ордунан козгобойт. Анын үстүнө сен барып калсаң биз да кайта кайтарып берчү жер эмеспиз. Бүбүш бул сөздү уккандан кийин ылдый карап эки көзүнүн кычыгынан жаш тегеретти:

-Атамды кантип кыям, мени кыз дебей эркек баладай көрчү эле. Балбак бырс этип күлүп жиберди. – Мына кызык, эркек бала катары көрсө кайындайт беле сени. Бүбүш бул сөзгө жыгыла түштү. Балбак Бүбүштү дагы имерип бетинен, оозунан өптү.

-Капа болбо Бүкөш, баш кошобуз, бактылуу болобуз. Акбалтырдын оюн уктуңбу, ал акылдуу аял. Сенден бийлик талашпайт, күнүлөшпөйт. Келе колуңду. Бүбүштү дагы имерип өптү. Бүбүш бир аз көз жашы кылды да анан колун илең-салаң акырын сунду. Балбак дагы имере кучактап Бүбүштү өпкүлөп жиберди. Бүбүш да Балбакка боюн салып, мойнунан артыла түшүп алкымынан жыттады. Анан экөө тең ордунан козголуп аттана турган болушту. Тушоолуу аттарын өздөрү жетелей келип, өздөрү ооздукташты. Адегенде Бүбүш Балбакты аткарды. Сол колу менен ат жалын таянып туруп оң колу менен Балбакты ээрге олтургузуп баратып аттын аркы капталына эңкейте берип, кайра бери тартып ээрге олтургузуп койду. Бүбүштүн тамашага айлантып тийишкенин Балбак чын жүрөгү менен кабыл алып ичи ого бетер от боло түштү. Бүткөн бою ысып, кубанычы коюнуна батпай бутунун башынан төбөсүнө чейин чокко оронгондой жалындап кетти. Өзүнөн өзү дендароо болуп калганын сезбей да калды окшойт.

Бүбүш атына шапашуп минип, тиги жерде конуп турган эки куш эсинен чыгып кеттиби же атайылап коштошкусу келдиби Балбакка оң колун сунду. Балбактын эсине Бүбүштүн жанагы кылыгы түшө калды окшойт, аны ат үстүнөн эңшере тартып оодарып таштагысы келди. Бүбүш да Балбактын бул оюн биле коюп колун шып тартып алды да Балбакты чап билектен алды. Сол бутунун башы менен ошол жаккы үзөңгүсүнүн таманын ныктап тээп туруп Балбакты өзүн көздөй тартканда Балбак ээринен өйдө көтөрүлүп, ооп баратканын билген Бүбүш канча кылган менен журт башында турган эр азамат да, сыймыгы качат деди окшойт, Балбактын колун бошотуп коё берди. Балбак аттын капталына жете ооп-ооп барын кайра ээрине олтуруп түзөлүп кетти. Бүбүштүн абийир сактап сыйлаганын да Балбак билди. Ойлонуп калды, ичинен: «Кыз болбосоң коё кал, өткөн доордун учурунда төрөлсө Жаңыл мырза, Кыз Сайкалдын бири болмок экен. Кудай нике буюруп баш кошуп калсак болду». Аңгыча ары жактан камыштын шуудураган дабышы угулуп, кобураган жигиттердин үндөрү угулуп калды. Алар эчак келип караган-чердин арасынан далдаланышып бул экөөнүн тамашасын көрүп турушкан.

Балбак менен кол кармашып убадасы бүткөн менен Бүбүштү тумандаган терең ой чүмкөй басып санаасы санга, ою онго бөлүнө баштады. Анткени атасын кантип кыят, анын сөзүн кантип өлтүрөт? Батасын кантип бузат. Башы байлануу да. Анын үстүнө кара баскан Сооронбай оңой-олтоң кишиби, оңой-олтоң жерби? Байгазыдан манаптыгы да, атак-даңкы да, кадыр-баркы да кем болсочу. Ашса ашат, акыры кемибейт. Бүбүш тектүү жердин жалгыз эрке кызы болсо, Дүр да Сооронбайга окшогон залкар манаптын эрке баласы. Атасынан атасы, энесинен энеси кем бекен. Ушуларды ойлоп-ойлоп олтуруп Бүбүш түн уйкудан, күн тынымдан ажырады. Жүрөгү чийки май жегендей чиеленип өзөгүн өрт каптап жүрдү. Санаа курусун, бир чети Балбакты, бир чети Дүрдү эстеп олтуруп өңүнөн да азып, арыктап да кетти.

Ошондой күндөрдүн биринде көрүндүгүнө бир чыгаан күлүк ат жетелетип колуктусун көргөзгөнү жолдош-жоросу менен Дүрдү ээрчитип келип Сооронбай Байгазы баатырдыкына дүп этип түшүп калды. Байгазы баатыр кудасын кош колдоп тосуп колтуктап түшүрүп алды. Атактуу конокторго кызыр эмди тай союлуп, меймандостук сый-сыпааттар күн сайын күчөй берди. Аңгыча ушул айылдан бир чакан той башталып, ат чабылып калды. Баш байгесине төө баштаган тогуз кара сайылып, Сооронбай алып келген күлүк ат алда кайда чыгып келип, ташы өйдө кулап турган эки куданын зоболосу ого бетер бийик серпилип асмандай түштү. Тойго Кочкор өрөөнүнүн булуң-бурчтарынан эл көп чогулган. Тойдун табагы тартылгандан мурда Сооронбай менен Байгазы эшиктеги көк майданда жайылган көлдөлөң, шырдактардын үстүнө эки куда эрмектешип беш карта ойноп олтурушкан. Байгазы менен Сооронбайды көргөндөр да көрбөгөндөр да аларды тегеректешип бир чети оюндун кызыгына ышкылары түшүп үйүлүп-жабылып карап олтурушкан. Дүр менен Бүбүш аталарынын ийиндерин таянышып алардын карта жүрүп, карта баскандарын кызыга тиктешип, андай жүрбө ата, андай баспа, мындай бас дешип, аталарынын колдорундагы карталарын талашып, алардын эркине койбой жадатып жиберишти. Айла канча эркелер да.

Бир кезде Байгазы чыдабай кетти окшойт, карталарды чогултуп туруп Бүбүш менен Дүрдүн колуна кармата берди. – Me, балдар, силер ойногулачы, биз карап туралы – дегенде Бүбүш картаны таратардан мурда бир-эки чалып кийиштирди да Дүрдү тиктеди. – Кана, экөөбүз бекер ойнобойлук, башыбыздагы тебетейлерибизди сайышалы, үч чыкканда алып коймойдон болсун, болдубу, болду – деди Дүр. Эл ого бетер дүрбөп, эки баланын оюнуна кызыгышып, жабалактап калышты. Экөөнүн тең баштарында cyуcap тебетейлери бар болчу. Бүбүш аяң-буяңга келтирбей удаа үч чыкты да Дүрдүн башындагы тебетейин шак жулуп алып көчүгүнө басып койду. Дүр жыпжылаңбаш болуп, эки кулагын делдейтип, атасын айлана тегеренип бозоруп туруп калды. Ызаланды, кызарды, бирок тебетейин талашкан жок. Кантип талашат кыздын алдында жаткан тебетейди. Чокмороктоп үйүлүп-жабылган эл тескери бурулуп туш-тушка тарады. Сооронбай менен Байгазыдан ийменишти окшойт, алыстай түшкөндө гана сүбөөлөрү менен бүлкүлдөп күлүп кетишти.

Кечкисин Байгазынын айылындагы жакын туугандарынын келиндери күйөө-кызга атайылап арнап обочо тигилген ак өргөөгө Бүбүш экөөнү сүйлөштүрөлү десе ызаланып калган экен, караманча кашайып болбой койду Дүр. «Убара болбогула жеңелер, мен бул кызды албаймын» – так кесе айтты. Бүбүш менен Дүрдүн күндүзгү окуяларын жеңелери кайдан билсин. Бүбүшкө келишип: «күйөөң сени чанган го, эрке кыз, сүйлөштүрөлү десек асман-айдан түшүп, албайм деп койду» – дешти. Бүбүш ого бетер жантыгынан кетип борс-борс күлдү: «Албаса атасынын оозун урайын, менин да ага тийейин деген көңүлүм жок» – деп эркекче сөгүп коё берди. Келиндер бул окуяга аң-таң болушуп, экинчи Бүбүшкө да, Дүргө да кайрып сөз айта алышпай туруп калышты.

Канчалык күчтөсө да эки баланын ыгы келишпегенден кийин Сооронбай менен Байгазы бири-бирине нааразы болушпай ажырашты.

Төбөсүнөн ныгыра басып турган оор салмактан жепжеңил кутулгандан кийин Бүбүштүн жаны жай алып, үшкүрүгү басылып, бүткөн бою жеңилдеп калды. Экинчи санаасы – Балбак. Ал кайгы эмес, кубанычтын-шаттыктын санаасы болчу.

*****

Сооронбай менен Дүрлөр кеткенден кийин Бүбүш баягы адатынча өз кесибин улантып чоң суунун аркы өйүз, берки өйүзүнө куш жайылтып жүрдү. Бул учурда Балбак Бүбүштү кайсы күнү алып келүү жөнүндө Акбалтыр менен кеңешип, анын камын көрүп жаткан. Эми жалгыз гана бир иш – Бүбүшкө жолугуп, күн болжошуп коюу.

Балбак куш кондуруп чыккан күнү Бүбүш да келди. Күн шашке. Бешимге чейин куш салышып анан үйлөрүнө таркай турган болгондо, Балбак Бүбүштү жигиттеринен бөлүп, окчунураак алып чыкты. Экөө ат үстүнөн баш ийкешип, бир-эки ооз сөз сүйлөшкөн болушту. Бүбүш Балбактын кушуна кызыгып жүрчү. Ал туйгундан кийинки тунжур экенин, андан тышкары да кыраан куштардын кыраан белгилери бар экенин Бүбүш билчү: Чоңунан келген, он эки кашка куйруктун он экисинин тең сыртында жейрен туяктын наары түшкөн. Буту-колу шадылуу, тумшугу мыкчыган илбээсинин тарткан жеринен жарып таштачудай курч канжар кебетеленген, эки көзү оттой жанган, канаттарынын учтары менен куйругунун учтары тептегиз келип, учкулдугун билгизип турчу. Ошол күнү Бүбүш бул кушту Балбактан атайылап суpaп алып калды. Балбактын кушун тоодакка бир көрсөтүп көрүүнү көптөн бери эңсеп жүргөн Бүбүш.

Кечке маал Балбак колунда кондурган кушу жок, жигиттери менен үйүнө куру кол барып түштү. Акбалтыр эшикке чыгып Балбактарды алыстан көрүп карап турган. Жакындап келгенде Балбактын колунда кушу жок экен. Качырып жибердиби дегенчелик кылып шашып сурады:

-Кушуң кана?

-Берип келдим.

-Кимге?

-Бүбүшкө. Тоодакка көрсөтөм дейт. Эки-үч күндө кайра бере турган болду, –Акбалтыр чоочуп кетти. Жүрөгү жаман нерсенин кабарын сезгендей болду. Анын көзүнө колунда кушу жок келаткан Балбактын кебетеси куду качкындай көрүндү:

-Бекер кылган экенсиң, бул жакшы төлгө эмес. Эр азамат колундагы кушун, башындагы бөркүн, астындагы атын талаадан түшүп бирөөгө бербейт. Андан көрө куш-мушу менен Бүбүштүн өзүн ала келсең болмок. Акбалтырдын бул сөзүн уккандан кийин Балбак көпкө чейин ойлонуп талый түштү.

*****

Бүбүш үйүнө келгендин эртеси күнү Кочкор-Ата жакка чыгып, жигиттери менен ээрчишип тоодак карашты. Ошол тараптагы боздордон тоодак үзүлчү эмес. Тоодактар үйүр-үйүрү менен топтошуп жайылып жүрчү. Эмнегедир бул күнү тоодак көрүнбөйт. Кечке маал бешим ооп калган кезде тобунан адашып калган оттоп жүргөн бир жолбун тоодакты табышты. Бүбүш имере тартып барып кушун шилтеди. Тоодак көтөрүлгөнчө болбой куш жетип, бакыртып эңип түштү. Аңгыча кара саат басып, кайдан-жайдан келгени белгисиз бир муштумдай боз чаар ителги Бүбүштөр жетип барганча кушту тоодак-моодагы менен күп эттире бир коюп, асманга атып чыгып кетти. Куш бир жерде, тоодак бир жерде катары менен өлүп жатат. Сыягы, куштан жем ажыратып жеп жүргөн кыраандардын бири көрүнбөйбү, жанагы ителги. Тепкенде да экөөнү катары менен тепкенин кара. Бүбүш бир заматтын ортосунда болгон бул кырсыкты жакшы төлгө болбой калды деп жоруп, үйүнө жетээр жеткенче өз ичинен күңгүрөнүп жүрүп олтурду. Убадасы боюнча ары жактан Балбак келип, бери жактан Бүбүш барып эртең баш кошоор күн болчу. Ошол түнү көзгө сайса көрүнгүс айсыз караңгы болду. Асмандын бетин калың кара булут чүмкөп, жылдыз эмес Айдын четин көргөзбөй таштады. Бүбүш бул түнү төшөктө тынч алып уктаган жок. Жердин бетин караңгылык кандай тумчуктурса, Бүбүштү да дал ошондой ой-санаа салмагын салып, тумчуктуруп басып жатты. Уйкудан күдөр үзгөн кирпиктерин ирмебей, эки көзүн чакчайтып жатып таңды атырды Бүбүш. Анда-санда жүрөгү болкулдап түрс-түрс согот.

Түнү бою же жаабай, же койбой жердин бетин басып жаткан кара туманды таңга жуук жогорку Каракол, Сөөк тараптан соккон шамал жоо тийгендей зыркыратып капкайда кууп таштады. Жыңалач жаткан адамдын үстүндөгү жуурканын сыйрып таштачудай болду. Асмандын бети чайыттай ачылып, күнгө чагылган көк муздун бетиндей жаркырап-жайнап туптунук сулуу жүзү мөлт этип көрүнө түштү. Түндөгү кара булуттан бир үзүм да калбаптыр. Дамамат биринчилерден болуп Күндүн нуру менен учурашкан бийик тоолордун чокулары алтындын буусуна чалдыккандай болуп жаркырап турат.

Байгазы баатыр атын токутуп мамыга байлатып коюп, эртең мененки жарашыгын тартуулаган ааламдын пейилине суктанып ары-бери басып турган. Аңгыча аркы токойдун жээгинен аттарын кара бууга түшүрүп булоолонткон шайдооттой-шайдооттой эки жигит суурулуп чыга келди. Жигиттер өтө шашкалак. Же алдында качкыны бар же артында куугуну бар. Байгазыга жакындап келгенде чала-була салам айтышты да, балдар каяктан дегенче болбой энтиге-энтиге сүйлөштү. «Түндө Шамендин казынасына ууру келип, кайтарып турган сакчысын өлтүрүп, эки жагы толгон алтын-күмүш, бүт дүнүйөсүн алып кетиптир. Таңдан туруп из куусак Муратаалынын ууруларынын колунан келген көрүнөт. Из да ошолорго барды. Туягына чий ченесек Муратаалынын кула кашка атынын туягына тууpa келди. Балбак баш болгон жоон топ жигиттерге моюн бербей айыл үстүлүк кылып кайра өзүбүзгө кол салды. Качсак кууп, Мыкандын суусунун боюна келгенде артыбыздан жетишип, Балбакты мууздап өлтүрүштү. Жигиттер калган сөздөрүн толук айта албай Шамендин айылын бет алып учкан аттары менен дабырата чаап жүрүп кетишти. Айылдагы эрте тургандар Байгазыны тегеректеп чогула калышчу. Байгазы аларга тиги чаап кетишкен жигиттерден уккан кабарын айтып, «атаа, жаман иш болгон экен, уурусу күч болсо ээси өлөт» деген ушул. Эми Куттуксейит менен Кубаттын балдары кырылыша беришет», – деп кобурады.

Бүбүш тыштагы бака-шака түшкөн үндөрдү, аттардын түрсүлдөп-тарсылдаган добуштарын угуп жалаң көйнөкчөн эшикке чуркап чыга калды. Анын кулагы Балбак, Балбак деген үндү чала-була угуп, жүрөгү кабынан атып чыгып, бүткөн бою титирей баштады. Атасы Байгазы адатынча үнүн катуу-катуу чыгарып, жанына топтошо калган элди беттеп бакылдап сүйлөп жатыптыр. Балбактын мууздалып өлтүрүлгөнүн угушуп, чогулган эл дүрбөй түшүштү. Атасынын бул сөзү үйдүн кырчоосуна жөлөнүп тикеси менен тик турган Бүбүштүн жүрөгүнө ок тийгендей тарс атты. Бүбүш «баа» деп бакырып жибере жаздап өзүн өзү араң токтотту. Эшик ачып босогого мүдүрүлүп жыгылып кете жаздап, үйдүн капшытындагы чала-була жыйылган төшөгүнүн үстүнө барып көмкөрөсүнөн кетти. Анын оюн каңырыш болуп калса экен деген үзүлбөгөн үмүт да аралап турду.

Бүбүш күн-түнү менен жети күн бою бүк түшүп жатып, төшөгүнөн турган жок. Анда-санда түнкүсүн эшикке чыкпаса күндүзү ордунан козголбоду. Айылдагы жакын жеңелери келип абалын сурап кетип жүрүштү. Күндүз билгизбей түнкүсүн ыйлап чыккандыктанбы, эки көзү көнөктөй шишип кетти. Жеңелерине да сыр билгизбей «ооруп калыптырмын» дегенден башка сөз айтпай койду. «Суукка урунуп калгансың го, баш көтөрүп ысык тамак ичсеңчи, эрке кыз» – дешип жеңелери нечен жолу ысык сорпо жасап алып келип жатышты. Тамакка көңүлүм чаппайт, – деп бир-эки жолу ууртап, анан ичпей койчу болду. Жетинчи күнү атасы айылдагы ага-туугандары менен барып Шаменге көз көрсөтүп, Балбакты жерге берип топурак салып келишкенин уккандан кийин «болоор иш болгон турбайбы» деп, үшкүрүнүп төшөгүнөн козголду, Бүбүш.

*****

Келдике Дыйканбай (Келдике деген эл сарыбагыштардын ичиндеги майда урук) букара тукумунан чыкса да өзүнүн тыңдыгы, чечендиги, өткүрлүгү, адамга жугумдуулугу менен атактуу манаптарга тең ата болгон адам. Колу тайкы болсо да эл башындагыларга байлардан кадырлуу болчу. Келим-кетимдүү, тапкан-ташыганын казанына салган, беттеше келген жерде чукугандай сөз тапкан, айлакердиги менен казак, кыргыздын ортосундагы чыр-чатактарда бийге чыгып эрдин кунун, эриштин айыбын бүтүрүп жүргөн адам. Бир жылдарда казак менен кыргыздын ортосунда бир азаматтын куну бүтпөй талаш болуп калат. Эки элден эки бий чыгып кунду ошолор эмне десе ошо болсун болот. Кыргыздан Дыйканбай, казактан дагы бирөө. Эки бий элден обочо бөлүнүп бүтүмгө келишет. Дыйканбай айтат, казактын бийине сен бир тай туяк жамбы бер (тайдын туягындай уютулган күмүш). Мен кунду өз мойнума алып кыргызды кунга жыгайын, болбосо сен ошол тай туяк жамбыны мен сага берейин, казактарды сен кунга жык. Чөнтөгүнөн ал чүпүрөккө оролгон жамбыны сууруп чыгып казактын бийине көрсөтөт. Казактын бийи жым дей түшөт. Бери бурулганда Дыйканбай казактын бийине ак чүпүрөгүндөгү оролгон жамбыны сол чөнтөгүнөн алып кармата коёт. Ак чүпүрөктөгү жамбы эмес, жамбыга окшош таш болчу. Болгону чүпүрөккө күмүштүн тагы сүртүлгөн. «Жамбыны» чөнтөгүнө салганда капталы ысыган казак бий кыргыз менен казактын тобуна келип, кыргыз туугандар ак, күнөө бизде экен дейт. Казак-кыргыздын тобу тарайт. Топтун аягында баягы байкуш казак бий Дыйканбайга антаңдап шашып чуркап келет: «Ой, Дыйканбай баурым, жанагың жамбы эмес тас экен гой». Дыйканбай мостоюп туруп жооп берет: Өзүңө көрсөтүп туруп бердим гой, таалайыңа таш чыкса кантейин – деп бастыра берет. Келдике Дыйканбай казак, кыргызга белгилүү дал ошондой азамат болгон.

Атасы Бокон атка жетпей өгүз минип, өгүзүнө ачык таш, бор, туз артып сатып жүрүп өмүрүн өткөзүптүр. Бечаранын таалайына жараша баласы тың чыгып «Бокондун болгон Дыйканбайы» атыгып кеткен. Ошол Дыйканбай чечен эптеп жүрүп эбин таап Байгазы баатыр менен (Кудайдын буйругу да) куда болуп калды. Бүбүштү Дыйканбайдын кичүү уулу Жараш ала турган болду. Дыйканбай ар кайсы жерден жыйып-терип жүрүп Байгазыга Бүбүштүн калыңы үчүн кыркка жакын кара өткөрдү. Бирок кийинчерээк Байгазынын көңүлү бузула баштады. Башында көрүп-билбей жүргөнсүп букарасынтты окшойт, калың малын таптакыр жеп алып кызын бербей турган болду. Муну байкаган кыраан Дыйканбай ошол кездерде болуш-бий болушуп, элге аралашып калышкан Канат менен Токтосунга барды (бул экөө тең Байгазынын жакын инилери, бири Ыбыке баатырдын, бири Бектен баатырдын баласы). Силерге эмгегим зор, кызматым көп. Кыябы келгенде эрдин кунунан куткарып жүрдүм эле. Тиги агаңардын пейили бузулуп турат. Бирин-экин чогулткан малымды жеп алып, чоңдугун көрсөтүп теңине албай келинимди бере турган эмес. Кепке-сөзгө келтирип бербейсиңерби? Убал-сооптон коркпойсуңарбы? – деди. Дыйканбайдын бул сөзүн уккандан кийин тиги экөө: «Айта албайбыз, атабыздай көрөбүз, ушул күнгө чейин алдынан өтө албай жүрөбүз, анын эбин өзүң таппасаң биздин колубуздан келбейт». Экөө тең баш чайкашып туруп алышты. Дыйканбайдын айласы кетти. Ортодо сөз катышпай бир аз дым боло калды. Анан селдейе түшкөн Дыйканбай болушка жан кирди. Кокус Бүбүштү ала качтырып алсам Кудай арбак үчүн артынан куугун жиберип тарттырып кетпей жардам бере аласыңарбы? Токтосун башын жерге салып унчуккан жок. Канат бырс күлүп жиберди.

-Айлаң кетип, амалың түгөнүп карайлап калган экенсиң ээ, байкуш?

-Анан кантем, – Дыйканбай тиги экөөнү жалдырап карап калганда ылдый карап турган Токтосун сүбөөсү менен бүлкүлдөп күлдү.

-Жардам берели, жардам берели. – Дыйканбайдын чечекейи чеч болуп жаркырап жайнап кетти.

-Атаа айланайындар, силерден ушул сөздү уга албай жүрбөдүм беле. Дыйканбайдын бүткөн бою жеңилдеп, ичи толгон күптүсү кайнап жаткан казандын капкагын ачкандай бур дей түштү. Удаа-удаа жеңил-желпи үшкүрүнүп Бүбүштү киргизип алгандай сезди.

*****

Күн батаарына жакындап көтөрмө бою калган. Бүбүш кушунун өрдөк, кыргоол алган тамашасына кызыгып, кечтин кандай кирип келатканын сезген да эмес. Ал токойдун түнтүрөөк жеринде бекинип жаткан беш-алты кишини кайдан билсин. Качан гана токой арасынан шоодой-шоодой болуп чыга калышып, карп-күрп алды-артын тегеректеп калганда көрдү. Келдикелер экенин билди. Бирөө Бүбүштү жандап барып ат үстүнөн кучактай калды. Кутулбай калганына көзү жеткен Бүбүш: – Токтогула эми жаман келдикелер, кыз экенимди билдим, кеч кирип, суук түшүп баратат, кушумдун эти арык эле жылуу канга тойгузуп койгом. Кечки зыркаарга учурап жемин сиңире албай калса жем чачып өлүп калат (куштун эти арык болуп ашыгыраак тоюп алса кышкы суукта сиңире албай, жемсөөсүнөн чыгарып кулгуп таштайт. Ошону «жем чачты» дейт. Андай учурда куш өлүп калат), бөлөп туруп үйгө берип жиберейин, – деп Бүбүш атынан түшүп, чөнтөгүнөн бет аарчысын алып кушун бөлөдү. «Кушун бөлөдү» деген сөз бет аарчынын эки учун өз-өзүнчө түйүп туруп эки канатын мүрүнө каптап кийгизет. Бет аарчынын эки учун куштун канат-куйругу менен буттарын бириктирип куушуруп байлап коёт. Андан кийин кушту коюнга катып алса да болот, кокус эркекче өсүп калган неме ар бирибизди ар кайсы жерге жыга коюп качып кетип калбасын дегенчелик кылып, бирөө атын суулуктан кармап турду. Бөлөгөн кушун жигиттерине бергенден кийин опулдатып, шаштырып турган келдикелер өздөрү коштоп келген ээр токумдуу атка Бүбүштү көтөрүп мингизе коюшуп, бирөө коштоп, бирөө айдап, шарт жөнөп кетишти. Бүбүштүн жанындагы эки жигити тигилерге теңтайлаша албасына көздөрү жеткенден кийин, алардын артынан ээрчий карап туруп калышты.

Токойдун бир четинде Бүбүштү сыртынан багып карап турган Токтосун менен Канат алар бери узап чыкканда артынан жете келишип Кочкор-Атанын Кош дөбөсүнө чейин узатып барышты.

Анан: – Бүкөн, барган жериңден багың ачылсын айланайын, кыздын барар жери күйөө, буудайдын бараар жери тегирмен, – деп кош айтышып колдорун сунганда, Бүбүш экөөнүн тең колун албай, «кыздын барар жери күйөө экенин силерден мурун мен да жакшы билем. Ажыратып алып калуунун ордуна жаман келдикелердин колуна салып берген мен кыз эмес, экөөңөр тең кыз экенсиңер» – деп артына карабай шарт жүрүп кетти. Токтосун менен Канат тумшукка чаптыргандай кайра тартышты. Алар ажыратып алышмак түгүл Байгазынын жолоочулап кетип үйүндө жок экенин Дыйканбайга күн мурун кабар кылып жүрүшкөн. Аны Бүбүш кайдан билсин.

Бүбүш Талды-Булактагы келдикелердин айылына жеткенче баягы Балбак менен токойдо куш салып жүргөн күндөрү канчалык эстебейинчи десе да кайра-кайра оюна түшүп келатты. Акырында Кудайдын буйругун кара, «жүгүргөн албайт, буюрган алат» деген ушул экен го, кайындаган жериме да Кудай буйрубай, өзүм каалаган Балбакка да баш кошпой, үч уктасам түшүмө кирбеген пас жерге кетип баратам – деп, ат үстүнөн оор-оор үшкүрүнүп башын жерге салып, терең ойго батып жүрүп олтурду.

*****

Бүбүш башына жоолук түшүп келин болгону менен көшөгөдө бир-эки күн гана олтурду. Андан кийин баягы атасынын үйүндө кандай жүрсө бул жерде да өзүн ошондой сезип, эркекче өсүп калган жоруктарынын жолуна түштү. Буга кайынатасы Дыйканбай да кошумча болду. Байгазы баатыр эркектей эркелетип асыраган жалгыз кызын Дыйканбайды теңине алып кантип берсин, Алыбек алына жараша болсочу, байкуш Дыйканбай. Тапкан-ташыганын Байгазыга сугунтуп, эки колун таноосуна сайып окуюп олтуруп калат эмеспи, – деген сөздөр да эл ичине тараган. Мына эми Кудайберди. Санаасы басылып, тилеген тилеги орундалып, намысы колуна тийди Дыйканбайдын. Байгазы менен куда болуптур деген даңкка бууланып төбөсү көккө жете түштү. Анан Дыйканбай айыл-апа, эл-журтуна «Бүкөйүмдү тигиндей болбойт, мындай болбойт деп ушак-айың кылбагыла, Бүкөйүм атасынын үйүндө кандай жүрсө, бул жакта да ошондой жүрө берет. Эрөөн-төрөөн алып кеп кылчу болбогула», – деп койгон. Ошондон кийин айылдагы келин-кесек, катын-калачтын күбүр-шыбыры басылып, жаагы жап болду да калды. Анын үстүнө Бүбүш күйөөсүн да жоошсунтуп көп теңине ала бербей, ордо атышкандар менен ордо атышып, карта ойногондор менен карта ойноп, өз билгенин кылып жүрө берди.

Бир күнү өзүнүн өргөөсүндө жалгыз олтурса үйдүн чамгарагына бир боолуу куш келип коно калды. Бүбүш олтурган ордунан шак ыргып туруп барып ашкананын ичиндеги алабаканда илинүү турган эттен бир кесип алып колун өйдө көтөрүп «по» дээри менен куш чамгарактап тик сайылып келип Бүбүштүн колуна коно калды. Бүбүш эттен бир-эки чокутту да анан кушту ашкананын ичине байлап койду. Аңгыча эшиктен аттын дабышы угулуп, «үйдө ким бар?» деген үн чыкты. Бүбүш чыга калды. Бир тууган кайнагасы Эсенаман экен.

–Түндүктүн чамгарагына келип кушум конгондой болду эле, байкадыңбы балам дегенче болбой, – Жок, көргөн жокмун, – деп үйүнө кайра кирип кетти. Эсенаман атын моюнга бир салып кайра бастырды да ары жактагы үйлөрдүн сыртында кийиз басып жаткан жоон топ аялдарга барып жайын айтты. Кушту түндүктөн үйдүн ичине кирип кайра чыкпай калганын көрүп калган бир-эки келин келип асылса да моюн бербей, – Куш эмне үйгө кирип коргологондой жаандан буюккан эчки, улак, козу, кой бекен. Көргөн жокмун. Башка жактан карасын. Канаты бар неме бет алган жагына учуп кетти да, – деп койду Бүбүш. Куштун куйругунун үстүндө тагылган жылаажыны бар болчу, козголгон сайын шыңгырап ашкананын ичинен үнү угулуп жатты. Ага да моюн бербей тиги келген эки келинди ашкана жакка баш бактырбай эшикке кууп чыкты Бүбүш. Аңгыча ары жактагы аялдардын улгайып калган эстүү-баштуулары чогулуп келип «кой айланайын, бир тууган улуу кайнагаңдын кушу болсо» – деп алды-артына түшүп жатышып кушту араңдан зорго Эсенаманга алып беришти. Келининин сырын билген Эсенаман кушу колуна тийгенден кийин артына карабай үйүн көздөй салды. Мындан ары куш сала албай калганына көзү жеткен Бүбүштүн ичи уйгу-туйгу болуп капа болду да, аялдар кеткенден кийин бир аз көз жашы кылды.

*****

Дыйканбайдын үйүндө келим-кетим көп болуп, оюн-тамаша үзүлчү эмес. Бир күнү айылдын жигиттери чогулушуп ошол үйдө упай, беш карта, чомун оюндары ойноло баштады. Бүбүш Буржу деген жигит менен бетме-бет беттешип беш карта ойноп кирди. Буржу деле Бүбүштүн күйөөсү Жараштан көп улуу. Жакын кайнагаларынын бири болчу. Мелдеше кетишти Бүбүш экөө. Анткени Бүбүш ким менен кандай оюн ойносо да мелдешпей ойночу эмес. Бүбүш колундагы күмүш билеригин сайды, Буржу башындагы көк тукаба менен тышталган кара көрпө тебетейин сайды. Үч чыкканда алып коймок. Болдубу-болду дешти. Бүбүш удаа үч чыгып Буржунун чалкалап башын ала качканына болбой тебетейин жулуп алды. Ал аз келгенсип көчүгүнө басып койду. Алда катыгүн ай! Буржунун башы ылжырама таз тура. Аны Бүбүш кайдан билсин, мурда укпаса. Ал жерде олтургандар кыраан каткы. Күлбөгөн жан жок. Буржу байкуш жалдыраган бойдон кара жер катуулугунан көтөрүп, башы айланып туруп калды. Мындай тамашалуу окуялар Бүбүш Дыйканбайга келин болуп келгенден тартып көпкө чейин кайталанып жүрдү.

Айылдагы абысын-ажын, курбу-курдаш, келин-кесектер болобу, баш кошуп чогула калган жерлерде эки оозунун бир оозу Бүбүш. – Бул ушинтип эле жүрө береби, катын болгонун билбейби?

-Ырас айтасың, иш кылганды, аш кылганды качан үйрөнөт? Кокус төрөп калса баласын кантип багат, кир-кечесин кантип жууйт?

-Ошону айтсаң, капырай, таң каласың…

-Отунун алып, суусун ташып, кир-когун жуугандай кул, күң жумшап берди кайната, кайненеси. Бирөөңөр да унчукпагыла деп айыл-ападагылардын оозун басып салышты. Анан ошонусу ошо, ушунусу ушу да…

Бүбүш мындай ушак сөздөрдү сөз деп да койгон жок. Өз билгени боюнча жүрө берди.

Күндөрдүн биринде жакын абысыны Кенже (сыягы бул акыл айылдагы аялдардын баары акылдашып туруп жасалган акыл көрүнөт) бир чоң түйдөктү алып келип Бүбүштүн колуна берди.

-Абысын өрмөк курган жатам. Ушуну аркан созуп берчи. Созо аласыңбы? – Бүбүш Кенженин колунан түйдөктү шак илип алды.

-Созбогондо эмне, анын эмнеси бар экен? Созуп берем. Кадырың жан болсун, абысын! – Кенже кеткенден кийин ийик таап келип түйдөктү созмолой баштады. Бирде жоон, бирде ичке, бирде үзүлүп, бирде сүзүлүп ойдогудай болбой койду, ыгы келбеди. Эки-үч күн убара болду. Боло турган эмес. Созулган жипке окшободу. Акыры колунан келбесин билгенден кийин түйдөктү жүктүн бир бурчуна алпарып катып салды.

Ошол бойдон бир карап да койгон жок.

Күндөр өтө берди. Кенже Бүбүштү сыртынан багып байкаса түйдөк созмологондой түрү жок, билинбейт. Бир күнү Кенже айыл-ападагы абысын-ажындарын чакырып өрмөгүн кура баштады. Анан үйүнөн чыгып эшикте жүргөн Бүбүштү кол булгап чакырды. Бүбүш жайбаракат аялдардын арасына басып келди. Кенже аны карап:

-Баягы түйдөк кана абысын, создуңбу! – деди.

-Созгом, абысын, дапдаяр. – Кайра үйүн көздөй барып баягы катып койгон жеринен түйдөктү таап келип, Кенженин колуна карматты.

-Мына абысын түйдөгүң, сен мени ата-энемдин колунда жүргөндө жүн тытып, ийик ийирип, кийим тигет экен деп укчу белең же кунан минип, куш салып жүрөт деп укчу белең, ме, түйдөгүңдү! Түйдөктү түргөн боюнча колуна бергенде ошол жердеги өрмөккө чогулган аялдардын баары шарактап, кыраан-каткы. «Эми сага айла жок экен». Аялдардын баарынан да Кенже катуу күлдү.

Ошондон кийин Бүбүш намысына келип, ызаланып калды. Канчалык аракет кылса да аял болуп жаралып калгандан кийин эркек болбосуна көзү жеткен Бүбүш акылына келип, ошондон кийин аялдын кыялын күтүп, ошондон кийин аялдын ишин үйрөнө баштады. Дээринде болсо ары жагын өзү улап кетет деп баягы Акбалтырдын айтканындай, урумда жок уз болду. Айылдагы менменсинген мырза жигиттер кандай кийим кийгиси келсе дагы Бүбүшкө тиктирип, Бүбүшкө бычтырчу. Тебетей, калпак тиксе, Бүбүш тиксин, ичик тиксе Бүбүш тиксин. Шырдак ойсо Бүбүш ойсун, ала кийиздерге түр салса Бүбүш салсын, туш кийиз сайса Бүбүш сайсын, жабыкбаш, тегирич соксо Бүбүш соксун болду да калды. Баягы эрке кыз, эрке жеңе дегендин үстүнө иштүү жеңе, иштүү апа деген наам кошулду. Бала-бакыралуу, кыз-кыркындуу болду.

1930-жылы аял болгонуна карабай «Байгазы манаптын кызы» деп, кулакка тартылды. Украинага айдала турган болгондо, тооктун балапандарындай жаш балдарын алды-артынан чуурутуп, Шамшынын белин жөө-жалаңдап ашты. Чүй багытына ооду. Балдары азыр Чүй районунун Мичурин атындагы колхоздо турушат.

Бүбүш апа 1970-жылы 95 жашында дүйнөдөн кайтты. Өзүнүн осуяты боюнча Кочкор районундагы «Кочкор-Ата» совхозунун Бугучу айылына, ата-энесинин жанына коюлду. Бала-бакырасы, ага-инилери чогулуп заңкайган күмбөз тургузду. Бетинде: «Байгазы кызы Бүбүш» деген жазуусу турат.

«Ачкачылык – түшүбүзгө токочтон башка кирбейт…»