Хэ Цзин-Мин: Канат кагып ыраак жактан келишкен, Ак куулардан тууган жерди сурадым

Кытай классикалык поэзиясынан

Кылымдарды карыткан Кытайдын тузу буйруп, 2008-жылы дүйнөлүк Олимпиадалык оюндарды чагылдыруу максатында барып, ошондон бери Сун жана Мин доорундагы акындар башаты болушкан кытай классикалык поэзиясы менен “ооруп” калдым. Кытай поэзиясы – ааламдагы эң байыркылардын бири, жогорку аң-сезим менен чапталган уйкаштыктардын туундусу. Бизге жеткен эң баштапкы ырлардын – “Поэзия канону” жыйнагынан диний ыр саптарынын датасы биздин доорго чейинки болжол менен XII кылымдарда белгиленген. Улуу ойчул Конфуций тарабынан тандалып алынган 300дөн ашуун ар түрдүү поэтикалык чыгармалардын жыйнагы мына 2 миң жылдыктан ашуун мезгилден бери Кытайда поэзиянын өрнөктүү үлгүсү катары бааланып келет.

Лю Цзи (1392-1443)

Жүрүшкө кеткен жоокер жөнүндө ыр

Тике карап аялынын көзүнө,

Коштошоордо жоокер айтты кайгырып:

“Чоочубагын, мен турамын сөзүмө,

Бул жүрүштө менден калсаң айрылып,

Аман сактап каламын деп уулумду,

Убада бер, көңүлүмдү жай кылып”.

 

Жүрүшкө кеткен жоокердин аялы жөнүндө ыр

Жооп кылып күйөөсүнүн сөзүнө,

Аялы айтты көздөрүнө жаш толуп:

“Сенсиз мага өмүр сүрүү кызыксыз,

Турса дагы баягыдай аш толуп.

Эгерде сен көргө кирсең караңгы,

Жашабаймын, катып калам таш болуп”.

 

Гао Цзи (1336-1374)

Үйгө кат жаздым

Кат жазамын үйдү ойлоп,

Кайра-кайра оңдоймун.

Алыс жолдо жоголот деп,

Кат тагдырын ойлоймун.

 

Мени ойлоп кайгырбасын,

Кетпесин деп көңүлгө.

Жазган жокмун жүрөктү эзген,

Кусалыгым жөнүндө.

 

Үйдөн кат алдым

Туугандардан кат келиптир,

Ачып окуй элекмин.

Капалыгым тарап, демек

Мен аларга керекмин.

 

Күңүрт шамда мөөрдү көрдүм,

Ойлободум ачууну.

“Үйдө тынчтык, бейпил” деген,

Окудум мен жазууну.

 

Хэ Цзин-Мин (1463-1521)

Чанъань

Ак булуттар каалгып алга жылышат,

Көк тиреген мунарада турамын.

Канат кагып Чанъань жактан келишкен,

Ак куулардан тууган жерди сурадым.

 

Ван Тинсян (1474-1544)

Алгач жолу ак чачтарым көрүндү

Күндөн күнгө азап тартап,

чаңдан жана шамалдан,

Кайгы-капа курчап алып

карабапмын өңүмдү.

Жылдар өтүп, эртең менен

карап көрсөм күзгүдөн,

Ак кар сымал кыроо баскан

ак чачтарым көрүндү.

 

Байыркы коргон

Бул коргонду шыбак басып калыптыр,

Жүргөндөр жок мурдагыдай топурап.

Унутулган мүрзө үстүндө бейкапар,

Картаң карга көзүн жумуп отурат.

 

Билсең дагы сөөгү сөпөт болгонун,

Айласыздан түркүн ойго батасың.

Мунун баарын сезсең дагы негедир,

Капалыктын кермек даамын татасың.

 

Сюй Чжэньцин (1479-1511)

Жазгы ойлор

Баткан күндүн эң акыркы нурлары,

Түркүн түстө сууга келип чагылат.

Досун карап, жашын төккөн жолоочу,

Өткөндөрдү эстеп алып сагынат.

 

Жашыл тарткан мажүрүм тал катары,

Орун алган Чу ордонун жанынан.

Өз үйүнө кайтып келген адамдын,

Тосуп чыкпайт булалары алдынан.

 

Сюй Бан-Цай (XVI кылым)

Бяньхэ дайрасындагы сууктан жүдөдүм

Короо-сарай, күңүрт жарык,

Эстеп сени кайгырдым.

Өтө узак жол бассам да,

Келет артка кайрылгым.

 

Бирде жамгыр, бирде кар жаап,

Табигат миң кубулат.

Үч дайрада саз илдети,

бар деген кеп угулат.

 

Хань Ся (1644-жылдар)

Тозот менен тоо үстүндөгү ай

Таң саарында кейиштүү үн,

Жаткан сымал чакырып.

Чек арадан шамал согот,

Чаңды асманга сапырып.

 

Он жыл болду жашайм мында,

Колго кармап жаракты.

Бир да жолу карабадым,

Туулган үйүм тарапты.

 

Люцзи-Хуэй (1101-1147)

Көл үстүндө жааган жаан

Нөшөр төктү бирөөгө да эскертпей,

Шамал согот алга карай шашылып.

Көп өтпөстөн булуттардан күн чыкты,

Теребел тынч, түркүн үндөр басылып.

 

Се Сунь (XVII кылым)

Тоодогу жамгыр

Коюу түндө тоо тарапта,

жамгыр тынбай төгүлөт.

Улуп жаткан катуу шамал,

бүтпөчүдөй көрүнөт.

 

Эсимде жок, терең беле,

тоонун суусу шар аккан.

Балыкчылар артка кайтты,

дайра жакка бараткан.

 

Ли Мэн-Ян (1447-1529)

Чек арада

Цзюйюндун этегинде тозотто,

эки жоокер согушууда кыл жылбай.

Алп чокулар дубал болуп турушат,

бир-бирине чырмап койгон чынжырдай.

 

Кайдан жатсын ою жаман көчмөндөр,

тууган жердин бейпилдигин жай кылып.

Коюу түндө сестенишкен душмандар,

кайра артка кетишиптир кайрылып.

 

Се Чжэнь (1495-1575)

Жол жүрүүнүн азабы

Куулуп кетип, Чуда жашап,

жүргөн Сюнь-цин сыяктуу.

Фаньшу сымал, Цинге такыр

бир кайрылып келбеген.

(Бөтөн жердин гөлдөрү да,

куштары да башкача).

Жер кеземин, жол чакырат,

жанга тынчтык бербеген.

 

Иниме кабар айттырам

Жазгы шамал жеткире көр,

кайгы, муңум токтобойт.

Бөлөк жердин жазы такыр,

биздин жазга окшобойт.

 

Жер кыдырып кеткен эле,

үйгө чачпай жарыгын.

Айтып койчу ага назик,

мен арыдым, карыдым…

Которгон: Догдурбек Юсупов