Рашад Меджид: 10-сентябрь

Рашад Мусеиб оглу Меджидов – азербайжан жазуучусу, акын, публицист. 1964-жылы Карабахта (Азербайжандын Агджабедин району) туулган. Баку мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. “525-ciqəzet” популярдуу ежедневнигинин башкы редактору, Азербайжан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары.

Азербайжан журналисттер союзунун Г.Зардаби сыйлыгынын, ТР.Рзы атындагы сыйлыктын лауреаты.

10-СЕНТЯБРЬ

Госпиталдан чыгып өзүнүн эски «алтынчысына» карай жөнөдү. Машина мындан он беш жыл мурда, сексен алтынчы жылы, ал ошол убакта жөнөкөй инженер кезинде өз заводунда кезекке туруп сатып алынган. Эшигин ачып унаага отурду да, отургучтардын ортосунда жаткан «такси» деген көрсөткүчтү алып, автомобилдин үстүнө бекемдеп орнотуп койду.

Госпиталда ал хирург менен сүйлөшкөн болчу. Ортончу кызына операция жасала турган болду. Ал буга чейин көптөгөн врачтарга барган, алардын баары бир добуштан операция үч жүз доллардан кем болбой турганын айтышкан. Акырында бир эски таанышы госпиталда иштеген хирург менен сүйлөшүп көрүүгө кеңеш берди: «Ал жакшы дарыгер, ач көз киши эмес».

Чындыгында эле алар жүз элүүгө макулдашышкандай болушту. Ал эми ассистенттерге дагы элүү доллар берет. Жүз элүүсүн жыйнап бүттү, эми калган манатты топтоп жатты. Дагы элүү доллар табышы керек. «Тааныштардан карызга алууга туура келет, – деп ойлоду ал. – Каргыш тийгир замана! Атүгүл карыз сурагандан да уяласың. Байларда – жүрөк, а жоомарттарда – акча жок».

«Нариманов» метросуна жакындаганда, балким, үйгө кирип, аялымды кубантып койсомбу деп ойлоп койду. Бирок, адатта ал жүргүнчүлөрдү күтө турган унаа туруучу жайда бир дагы унаа жок экенин көрүп, ал оюнан кайтты. Жети жылдан ашык убакыттан бери бул унаа токтотуучу жай анын иш орду болуп калды. Ал он жети жыл эмгектенип, ушул жылдар аралыгында толгон-токой алкыштарды жана грамоталарды алган завод акырындап төмөндөп олтуруп акыр-аягында жабылып калды. Бир нече ай бою жумуш издеди. Анан бардык мүмкүнчүлүктөрү түгөнгөн соң рулга отурду. Кошунасы Ислам ага «алтынчыны» таксиге айлантууга кеңеш берди. Ислам өз мезгилинде атактуу маданий соода базасында иштеген. Анын кеңири байланыштары бар болчу жана кошуналарына жардам берүүдөн эч качан баш тарткан эмес: эгерде тартыш товар керек болуп калса Ислам аны базадан өз баасына алып келчү. База жабылгандан кийин Ислам бизнес кылууга аракет кылып көрдү, бирок иши оңунан чыкпады. Эптеп-септеп карыздары менен эсептешип, таксист болуп оокат кыла баштаган.

Алгач ал Исламдын сунушун чечкиндүү түрдө четке каккан, бирок кийин аргасыз макул болду. Чынында, башында абдан тартынып жүрдү. Айрыкча эски тааныштары туш келип калганда. Алардан акча алуудан баш тартчу. Бир убакта бетпак жүргүнчүнү жарым жолдон түшүрүп салып, үйүнө кайтып келгенинде аялынын үнсүз суроого толгон көздөрүн көрүп, кайрадан рулга отурду. Бирок бара-бара жүргүнчүлөргө көнүп калды. Унаа токтотуучу жайда айдоочулардын арасында жаңы тааныштары пайда болду. Алардын арасында райкомдун мурдагы кызматкерлери, инженерлер, врачтар… туш келип калып жүрдү.

…Анын ойлорун машинанын терезесинен угулган тыкылдак бузуп кетти. Чет элдиктер. Колдорунда толтура баштыктары бар жапыз бойлуу семиз эркек менен орто бойлуу арыкчырай аял. «Плиз, плиз» – чет элдик арткы эшикти ачты.

Аял жаңсап түшүндүрүп, борборду көздөй жүрүүнү буйруду. Ал метронун станциясын айланып, Москва проспектине чыкты. Өзүнүн үстү жагындагы күзгүгө көз чаптырып, эркек киши бир нерсени ынталуулук менен чайнап жатканын көрдү. «Ооба, алар тамак жегенди  жакшы көрүшөт». Эркек киши баштыктын ичин кайрадан аңтарып-теңтерип, пахлаваны алып чыгып, дээрлик чайнабай эле жута баштады.

Аялдын көрсөткөн багыты боюнча кичинекей бир кабаттуу үйлөрдүн жанынан өтүп, ал унааны жаңы көп кабаттуу үйдүн жанына токтотту. «Рахмат», – деди аял ага он миң манаттык акчаны сунуп жатып. Ал сыртка чыгып, эшикти ачты. Эркектин жаагы болсо бир калыпта кыймылдай берди. Өзү менен кошо баштыктарды сүйрөгөн ал машинадан араң түштү, анын артынан аял чыкты. Ошону менен ал үйүн карай бет алды.

Алар кичинекей үйдө жашашкан. Тээ бир кездерде атасы малынын бир бөлүгүн сатып, уулу үйлөнгөндөн эки айдан кийин ушул үйдү сатып берген. Үйдүн эки бөлмөсү, тар ашканасы жана машина араң бата турган кичинекей короосу бар эле. Кийинчерээк короого, дарбазага жанаштыра дааратканасы бар кичинекей ванна салышты.

Батирге кезекке турган заводдо бир бөлмөлүү үйдү сунушташканда ал баш тартып койгон. «Бир бөлмөгө үч бала менен кайдан батмак элек! Дагы бир аз күтө турабыз, бирок үч бөлмөлүүнү алабыз». Анан күтүштү – мамлекет кыйрап, завод жабылып, батирге кезекке тургандардын тизмеси архивге жөнөтүлдү. Кээде ушуну эстеп алып, «жок дегенде ошо бир бөлмөлүүнү алыш керек болчу» деп өзүн өзү жемелеп калчу.

Үйдүн жанына келип сигнал бергенде сыртка чыккан аялы дарбазаны ачты. Адатта, күндүзү унааны короого айдап кирчү эмес. Бирок азыр түшкү тамакты ичип, бир аз уктап алгысы келди. Аялы ага суроолуу көзү менен караган бойдон дарбазаны жапты.

Ал ага госпиталда хирург менен болгон сүйлөшүүсүн айтып берди. Аялдын жүзү кубанычтан жаркылдай түштү. Түштөнгөн соң ал кичинекей терезеси кошунасынын короосун караган арткы бөлмөгө кирди. Көбүнчө ал жакта идиш-аяктардын калдырагы, агып жаткан суунун шылдыры угулуп, балдардын кыйкырыктары жаңырып тургандыктан бул үндөрдүн коштоосунда тынч уктоого мүмкүн эмес болчу. Бирок бул жолу таң калыштуудай тынч болду. Кыязы, аялы кошуналардан ызы-чуу болбогула деп суранганда, алар анын аялынын өзгөчө жөндөм-белгиси бар экенин билишкендиктен тынчып калышса керек.

Аялы мурда заводдогу бала бакчада тарбиячы болуп иштеген. Совет мезгилинде бала бакчада жалаң Ленин жөнүндөгү китептер гана бар болсо, мамлекет ыдыраганга аз калган кезде кимдир бирөөлөр Ирандан кириллицада ири тамгалар менен басылып чыккан диний китептерди алып келип, бала бакчага бир нече нускасын белекке берген. Завод ишин токтоткондо бала бакчаны да жаап салышты. Аялы үйгө ушул китептердин бир-экөөсүн алып келди. Аны таң калтырганы, аялы бир нече саат бою отуруп алып бул китептерди окуп, Куран жөнүндө, Мухаммед пайгамбардын өмүрү жөнүндө айтып берчү. Ыймансыздардын орду тозокто экендиги тууралуу ой жүгүртүүлөрү анын жан дүйнөсүнө бүлүк салып жиберчү. Андай мүнөттөрдө ага эмнегедир сеп менен кошо аялы алып келген сандыкта сактаган партбилети эсине түшө берчү. Он эки жыл бою партиянын мүчөсү болуп, ай сайын айлык акысынан партиялык бюджетке кандайдыр бир сумманы берип турган.

Ал эми 20-январда советтик аскерлер Бакуга кирип, куралсыз адамдарды атышканда ал башкалар сыяктуу эле партбилетин ыргытып салгысы келген. Кийин аны дегеле унутуп калды. Анын пикиринде, буга партия эмес, Горбачев күнөөлүү экен. Баш катчы эгер каалаганда, армяндар бат эле тынчып, кан төгүлбөйт эле дейт.

Ошондуктан ал билетти ыргытпады. Анан бир күнү Ельцин партияны мыйзамдан тышкары деп жарыялады. Бирок, ошондо да партиялык билетин таштаган жок, коммунисттер кайтып келээрине үмүт артты. Бул эбегейсиз зор өлкөнү мынчалык жеңилдик менен талкалап салууга мүмкүн экендигине ишенбеди. Ошондон улам аялынын динге болгон ышкысын убактылуу деп эсептеген. Бирок, убакыттын өтүшү менен диний китептердин саны өсө берди.

Эми аялы үйдүн ичинде да башына жоолук салынып жүрө баштады. Кээде анын кошуналары менен олтурганын көрүп калчу. Андан соң тааныш эмес аялдар да келишчү болгон. Акыры бир күнү аялы ага баарын: түшүндө жүзү жарык карыяны көргөнүн, анан ал ага жаркыраган алтын чөйчөктөн бир нерсени ичүүгө бергенин, эртең менен өзүнөн укмуштуудай жөндөмдүүлүктү сезгенин айтып берди.

Аялындагы бул кызыктай өзгөрүүлөрдү ал акчанын жоктугу, жакырчылык менен түшүндүргөн. Алгач аялына ачуусу келип, бирөөлөрдүн жашоосуна кийлигишпөөнү, үйгө чоочундарды киргизбөөнү буйруган.

Бир күнү Ислам аны чайканага чакырды. Мешхедге зыяратка барып келгенден кийин Ислам ичкиликти токтотуп, ого бетер оор басырыктуу жана токтоо болуп калды. Мечитке көп бара баштап, кыска сакал коюп алды. Мурдагы шайыр жана оюнкараак Исламда азыр анын эч бир изи да калган жок. Ислам мындай белек ар бир эле адамга бериле бербестигине, Алла Таала аларды эң таза, эң татыктуу пенделерине гана сыйлык катары берээрине ынандырган. «Ал кошуналарга, тааныштарга жардам берип, аларга үмүт тартуулаганы жакшы». Ислам анын өзүн да туура жолго салууга аракет кылган. «Арак ичкенди токтот, зыяратка барып кел, партбилетти ыргыт. Үйдө кудайга жат буюмдарды сактаба».

Бирок Ислам ушунчалык аракет кылып, аны ынандыра алган жок. Ошондой болсо да бир нече убакыт өткөндөн кийин ал аялы чынында эле адаттан тыш жөндөмдүүлүктөргө ээ экенин түшүндү. Бир күнү эртең менен ал алардын ортончу кызы ооруп калганы түшүнө киргенин айтып берди, а эки жумадан кийин кызды чындап эле врачка алып барууга туура келди.

Бала күндөн-күнгө арыктап, тамакка табити тартпай баратты. Врачтар кыздын бир бөйрөгү иштебей калганын жана тез арада операция жасоо керектигин аныкташкан. Муну дагы эки врач тастыкташты. Ошондон бери ал аялынын чындап эле табияттан тышкаркы күчкө ээ экенине ишенип, ал тургай андан корко баштаган.

…Аялы дубалдагы шкафтын текчесинен бир нерсе издеп жүргөнүнөн улам ойгонуп кетти.

–Ии, сен, уйкучу десе!

Убакыт бешке жакын болуп калган. Ал короодо бетин чайкап, кайра бөлмөгө кирди. Столдун үстүндө стакан чай, анын жанында аялдардын кичинекей сары сумкасы жатыптыр.

–А бул эмне?

–Кыздар унаадан таап алышты.

–Сен аны ачтыңбы?

–Ооба, алар ачышты, бирок мен жаап салууга буйрук кылдым да, бул жерге койдум.

Ал кичинекей сумканы ачып, анын ичиндегилерин текшерди. Аялы ага көз сала жанында карап турду. Кыздары бири-биринин ийиндеринен артыла эшиктин жанында жабыла карап турушту. Ал ортончу кызын карап жылмайып койду. Тарак, кредиттик карта… Төөнөгүч менен кадалган он бир жүз долларлык жаңы купюралар. Элүү миң манаттык эки купюра, бир нечеси он миңдик жана бир миңдик.

Анан ал жаактары тынымсыз кыймылдап турган толмоч америкалыкты эстеди.

–Мен бүгүн америкалыктарды ташыган элем. Балким муну алар унутуп кетишсе керек. Мен алардын кайда жашаарын билем.

Кыздар эшиктен алыстап кетишти.

–Чай муздап калды. Мен барып жаңысын куюп келейин, – деди аялы стаканды алып бара жатып.

«Space-1» боюнча беш сааттык жаңылыктарды берип жатты. Бакуга келишкен Карабах армяндары тууралуу айтуу менен башташты. Эртең, 11-сентябрда алар мекенине кайтуулары керек болчу. Карабахты бошотуу боюнча уюм алардын келишине нааразы болуп пикет өткөрдү, мурда алар менен жолугушууга макулдук беришкен оппозициялык партиялардын өкүлдөрү эми бул жолугушуудан баш тартышты.

Ал чайын ичип бүтүп, кичинекей сумканы алып үйдөн чыкты. Дарбазаны ачып, машинага отурду. Короодон чыгып, дарбазаны жабуу үчүн кайра машинадан түштү. Аялы короодо турду. Дарбазанын эшигинин бир жагын жаап, күйөөсү уккандай кылып акырын шыбырады: «Менин оюмча, алар берешен адамдардан эмес». Тоңголок үн менен айтылган бул сөздөр анын ичинде ушул убакка чейин өкүм сүрүп келген жылуулукту муздаткандай болду. Ал эми бул жылуулуктун булагын эми гана таап олтурат. Тээ кайсыдыр бир тереңдикте толук киши эмес, а баарыдан мурда аялы аны көрүп сүйүнүп, тиги он жети жүздүктөн жок дегенде бирөөсүн алып чыгып ага берет, анан эртең эле хирургга жөнөп, ага төлөп берем деген үмүт катылып жатты. Аялынын сөзү бул жылуулукту жандүйнөсүнөн кууп жибергендей болду.

Ал метрого айдап келди. Унаа туруучу жайда үч гана машина бар экен. Адатта, айдоочулар жүргүнчүлөрдү күтүп жатканда салондо ысык болбошу үчүн эшиктерди ачып коюп, өздөрү бактын түбүндө көлөкөдө отурушат. Аны көргөн Акиф менен «Доктор» ыргып тура калышты.

–Эки америкалык келди, – деди Акиф, – алар сени издеп жатышкан окшойт, визиткаларын калтырышты. Котормочу да алар менен жүрөт. Алар жакында эле бул жерден кызыл «Жигулиге» олтурушканын, машинеде аялдын кичинекей сумкасы калып калган окшойт деп айтышты. Айдоочу кыска бойлуу, мурутчан эле дешти. Биз ошол замат сен болушуң керек деп чечтик.

–Эмне, кичинекей сумкада бир нерсе бар бекен?

Ал жооп бергенге үлгүрө электе «Доктор» анын сөзүн бөлдү:

–Эч нерсеси жок болсо, андай адам издебейт эле! Америкалыктар ар кандай майда-барат үчүн тынчсызданышпайт. Кичинекей сумкада жок дегенде миң доллар болсо керек. Балким, сага жүздү беришээр. Андыктан сараңдык кылбай, бизди кийин сыйлайсың.

–Кичинекей сумка машинамда турат, азыр жеткирип берем. Анда миңден ашык бар.

Акиф ага визитканы сунду.

–Мен дарегин билем, – деп сүйлөндү, бирок визитканы алды. Ал англис тилинде болчу. «Джим» деген сөздү ал эптеп түшүнө алат эле, бирок фамилиясын окууга күчү жетпеди. Атүгүл визитканын арткы бетинде чийилген схема да бар экен, жебе алар жашаган үйдүн он биринчи кабатын көрсөтүп турат.

–Унутпа, сен бизге карызсың!

Ал булар айткандарынан оңой менен кайтпай турганын билчү:

–Кадырыңар жан болсун, эгерде жүздү берсе – сыйлаймын.

Ал машинага отуруп, Баккеңеши тарапка айдады. Бир кабаттуу үйлөрдү аралап өтүп, тосмосу бар тааныш үйдүн жанына токтоду. Дарбазадан визитканы көрсөттү. Кароолчу – кара униформа кийген узун бойлуу жигит анын визиткасына көз жүгүртүп, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Ошол жерден кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кайра келип айтты:

–Лифт менен он биринчи кабатка көтөрүл. Сени күтүп жатышат.

Ал унаадан кичинекей сумканы алып, өйдө көтөрүлдү.

Кире бериштеги эшиктердин бири ачык экен. Эшиктин ары жагынан үндөр угулуп жатты. Ал бөлмөгө баш багып карады. Аны көргөн баягы толук киши «плиз, плиз» деп кыйкырып, колундагы тармал итти сылагылап, кайдадыр көздөн кайым болду. Тынчтык өкүм сүрдү. Бир нече мүнөттөн кийин толук киши кирип кеткен эшик тараптан аял чыга келди. Ал кичинекей сумканы ага берди. Аял анын ичин карап, долларларды алып, санап чыкты.

–Баары толук экен, – деди ал, анан жаңы купюраларды көрсөтүп, минтип кошумчалады: – Джим итти сатып алат.

Анан акчаны кичинекей сумкасына салып, ага колун сунду.

–Рахмат, мен абдан ыраазымын!

Толук киши кайра пайда болуп, итти сылагылап, ага жылмайып, башка бөлмөгө кирип кетти. Анын жаактары тынымсыз кыймылдап турду.

Анда бардыгы сенейип катып калды. Ал аялдын кургак колун алаканынан бошотуп, батирден чыгып кетти. Лифттин кнопкасын басты. Анын көз алдына адегенде аялынын, анан оорулуу кызынын жүзү тартылды. Анан бактын түбүндөгү унаа токтотуучу жайдагы тааныш айдоочуларды эстеди. «Моюнга албашым керек эле. Акыры, кичинекей сумканы машинада унутуп калышканын ким далилдей алмак?». Жаңы эле башына келген бул ойдон улам өзүн коёрго жер таппай турду.

Лифттин эшиктери ачылып, ал жактан бир ит атырылып чыгып, бир-эки жолу үрүп, анын буттарын жыттай баштады. Ал селт этип кетти.

–Коркпо, – деди итти жетелеп жүргөн жигит.

Чыга бериште кандайдыр бир джип токтоп туруптур, ал анын жанынан араң кысылып өттү. Машинага отуруп, борборду көздөй айдап жөнөдү.

«Алардан бизге эч кандай пайда жок». Акыркы жылдары ал саясий талаш-тартыштарга көп аралашып, дайыма Совет бийлигин, орустарды коргоп жүргөн. Америкалыктарга биздин мунайыбыз гана керек экенин, алар өз пайдаларын гана ойлой турганын мисалдарды келтирүү аркылуу далилдөөгө баш-оту менен кирип кетчү. Эми минтип жашоодо бет келишкен биринчи америкалыктар аны өзүнүн туура ойдо экенине гана ынандырды.

Күтүлбөгөн жерден ал досторун көргүсү, алар менен сүйлөшкүсү, жүрөгүндө кайнап жаткандарын бөлүшкүсү келди. Ал метро тарапка бурулду.

Акиф менен «Доктор» дагы эле бактын түбүндө отурушуптур. Аны көрүп, ордуларынан кубанычтуу тура калышты.

– Баары жайындабы? – деп сурады Акиф. – Бир нерсе бериштиби?

–Ооба, – деп жооп берди ал, – жүздү.

–Анда көңүл ачып келели, – деп сунуштады «Доктор».

–Азыр машинамды коёюн, анан, кеттик.

–Сенин ичкиң келип турат окшойт? – деди Акиф.

Ал машинаны дарбазанын жанына токтотту. Короонун ичине кирүүнү каалабады.

–Эмне болду? – деп сурады аялы.

–Баары сен айткандай болду.

Чечинип, ал уктоочу бөлмөгө кирди. Шкафтын жогорку текчесинен гезитке оролгон акчаны алып чыгып, он миңдик он купюраны санады да, чөнтөгүнө салды. Калган акчаны ошол ордуна койду.

Ал кайрадан бут кийимин кийип жатканда аялы сурады:

–Кайтадан кетесиңби?

–Мен, балким, кеч келем. Балдарды сыйлаш керек.

Аялынын жүзүнөн анын нааразы болуп турганы көрүнүп турду. Акиф дарбазанын жанында күтүп турган. Анын машинасына отурушту.

–А сен машинаңды калтырбайсыңбы?

–Жок, мен ичпейм. «Доктор» менен ичесиң.

Кечкисин көп барыша турган кичинекей кафеге келишти. Сырттагы столдор бош болчу. Олтурушуп, шишкебек заказ кылышты. Он мүнөттөн кийин «Доктор» да келди. Вагиф педиатр болгон, ошондуктан бардыгы аны «Доктор» деп аташкан. Өз убагында ал медициналык институтту бүтүрүп, эки жыл иштеди, бирок эч нерсе иштеп таппай турганын көрүп, бизнеске өтүп кетти; бир-эки жолу чет өлкөгө учуп барып, товар алып келип, анан Исламга окшоп бардыгынан кол жууп, машина менен «бомбалоону» чечти.

Акиф болсо университеттин тарых факультетинде анын гүлдөп турган жылдарында окуган, андан кийин Илимдер академиясынын Тарых институтунда иштеди. Советтер Союзу тараар маалда ал диссертациясын коргоого даярданып жаткан. Анан илимди унутууга аргасыз болуп, мына минтип беш жылдан бери кирекечтик менен оокат кылып келет.

Биринчи стаканды анын үй-бүлөсү үчүн, оорулуу кызынын ден соолугу үчүн ичишти. Кийинкисин – ичпеген Акиф үчүн, андан кийин «Доктордун» ден соолугу үчүн көтөрүштү. Арак бөтөлкөнүн түбүндө бир аз эле калды. Ал тост айткысы келди.

–Мен биздин ден соолугубуз, элибиздин ден соолугу үчүн ичким келет. Мен Америкадан бизге эч кандай пайда болбойт деп дайыма айтып келгем. А бүгүн мен буга дагы бир жолу ынандым. Кайтарылып берилген бир миң жети жүз доллар үчүн ким болбосун жок дегенде жүз долларын бермек. А булар эч нерсе беришкен жок. Анын үстүнө, өздөрүн мен аларга дагы бир нерсе милдеттүүдөй алып жүрүштү. Ал эми орус болсо бермек, немец дагы, – унчукпай токтоп калып, манжалары менен чекесин сүрттү: – армян дагы бермек, а мына америкалык – берген жок.

«Дарыгер» менен Акиф таң калуу менен бири-бирин тиктешип, анан столдогу муздап бараткан шишкебек менен люляны карашты. Ал болсо сөзүн уланта берди:

–Мени күнөөлөбөгүлө, достор! Мен силерди сыйлап жатам, анткени мен убадамда турушум керек. Алла жардам берет, мен кызымдын операциясына акча табам. Кээде өзүмө айтам: «сен өмүрүңдө бир да америкалыкты көргөн эмессиң, эмне үчүн аларды урушуп жатасың?» деп. Анан бүгүн көрдүм да, айткандарым туура экенин түшүндүм. Алар ушундай керемет өлкөнү талкалашып, бизди бири-бирибизге кайраштырышып, жумушсуз кылып коюшту. Келип мунайыбызды алып кетишет, бирок бизди адам катары эсептешпейт. Жок дегенде Карабах кайтарылды. Официант, дагы арак алып кел!

Акиф бир нерсе айткысы келди, бирок ал сөзүн бөлдү:

–Жөн отур, бүгүн чын жүрөгүбүз менен ичели…

…Кафеден түнкү саат бирде чыгышты. Акиф алгач аны, андан кийин «Докторду» жеткириши керек эле. Машина анын дарбазасынын жанына келип токтоду. Ал дагы эле америкалыктарды урушуп, наалый берди. Акиф эптеп жатып аны машинадан түшүрдү.

–Сенин машинаңды короого айдап киргизейин, – деп сунуштады Акиф. Ал каршы болду. Чөнтөгүн аңтарып машинанын ачкычын издеди, бирок таба албады. Үйгө кирди.

– Машинаны короого ай-дап кир-гиз-бе-йм. Мейли, сыртта кала берсин, – деп мукактанды аялына.

Аялы көчөдө калса бир нерсе болуп кетиши мүмкүн деп каршы болууга аракет кылды. Акыркы убакта уурулар көбөйүп, маңдайкы айнектерин, дөңгөлөктөрүн чечип кетишчү болгон. Бирок ал кийимчен бойдон эле төшөккө сулк жатып калганын көрүп, болгону:

–Кам санаба, баары жакшы болот, – деп тим болду.

Бирок, ал уктап калган эле.

Эртең менен башынын чыңалып ооруганынан улам ойгонду. Аялы керебетте анын жанында отурду.

–Мен коркунучтуу түш көрдүм, чоң имараттар күйүп жатты.

–Машинаны карадыңбы?

–Карадым. Баары жайында.

–А кызыбыз кандай?

–Жакшы. Бирок, бир нерсе болуп кетеби деп абдан коркуп жатам. Алланын ыраазычылыгы үчүн, ичпечи, бул жаман нерсени таштачы!

–Таштаймын деп сөз берем. Мына азыр турамын да, мечитке барамын… – деп жооп берди ал.

Орусчадан которгон: Таалайбек Темиров