Мирзохалим Каримов: Тирүүлөй жетим

Тирүүлөй жетим

(кыскартылып алынды)

Коңгуроо кагылаар замат тышта ары-бери чуркап, чурулдаган окуучулар бал аары сымак мектептин эшигине ыкталышып, ар кимиси өзүнүн классына кире баштаганда да Айзада партасынан карыш жылбай ойлуу олтурган. Мугалим кирери менен класстагы чурулдаган үн тып басылды.

–Кана жай-жайыңарга отургула, сабакты улантабыз, ‑ чачы тармал, бели кумурсканыкындай ичке, өңү саал кызылыраак көрүнгөн жаш келин окуучуларына адаттагысындай астейдил тиктеди. Эми суроо-жооп өткөрөбүз. Мен суроо берем, а силер кезек менен так жана кыска жооп бересиңер. Антпесек, баарыңарга убакыт жетпей калат. Макулбу?

–Макул эжеке!

–Макул!

–Анда баштадык: Каникулда ким каяка барды? Кантип эс алды? – Мугалим дагы бир нерсени кошумчалайын дегиче болбой окуучулар жабыла кол көтөрүшүп, бири-биринен озунуп кыйкырышты:

–Мен айтам!

–Жок мен айтам!

–Мен…

–Тынчтангыла, тынчтангыла! Мен өзүм тургузам, – деди мугалим суроо берерин берип алып окуучуларын тынчтандыралбай. Анан саамга тиктеп турган соң, алдыңкы партада отурган балага сөөмөйүн кезеди. – Кана, Азим сен жооп берчи.

Азим ордунан тура калып аптыгып жооп бере баштады:

–Биз атам, энем үчөөбүз Ысык-Көлгө барып, он беш күн эс алып келдик. Кинолорго барып, театрларга кирдим. Алты адабий китеп окудум…

–Абдан жакшы эс алыптырсың. Жетишет, олтур, ‑ мугалим баланын сөзүн чорт кесип, саргыч чач Нурланды тургузду.

–А биз болсо, ‑ деди ал адатынча дудугуп, ‑ эки жарым ай айылда болдук. Чоң атам менен чоң энеме кол кабыш кылдык. Айылга беш-алты жолу кино, бир жолу концерт коюлду.

–Сен да жакшы эс алыптырсың. Отур. Кана, Айзада, сен айтчы эми? – мугалим ушундай дегенде окуучулар негедир жымжырт болушуп, баары Айзадага карап калышты. Баятан бери өзүнчө ойго алаксып отурган Айзада жайынан көңүлсүз көтөрүлүп, оймоктой оозун чорчойткон калыбында жер тиктеди. Анын бу кылганына классташтары туш-туштан күлө баштаганда, тарамышы түйүлгөндөй ордуна отуруп алды

–Сен эмне отуруп алдың? Ким уруксат берди? – мугалимдин ачуусу келди. Айзада оозуна талкан салгансып, үн да чыгарган жок үңкүйүп. Мына ошондо мугалим анын жанына акырын басып келип, алдакандай түр менен аста сурады.

–Неге унчукпайсың? Же бир жериң ооруп жатабы?

Айзада дагы унчукпады. Башын салаңдаткан бойдон шылкыйып отура берди. Окуучулар аны дагы шылдыңдап күлө баштаганда, мугалимдин ого бетер жини келди. «Оозун ачалбаган неме менен кантер экенмин эми…» деп, ичинен кам санады. Башын кейиштүү чайкап коюп, арткы партадагы окуучулардын бирин тургузду.

–Мейли, Айзада айтпаса айтпасын, аны менен кийин сүйлөшөм. Сен туруп айта бер, Бакыт.

–Апам экөөбүз Алматыдагы туугандарыбыздыкына…

Башкалар баары кубанычтуу жооп берип жатышты, биринен бири озунуп, биринен бири кезек талашып. Ал эми Айзаданын ою таптакыр башкада эле. Классташтарынын каткырып күлүшкөнү, эжесинин ачууланганы көкүрөгүндө туйлаган муштумдай жүрөгүн ого бетер мыжыкпадыбы. Көңүлү назик кыздын кулактары мешке туткандай ысып, өпкөсү көөрүктөй көөп, башы зыңылдайт. Ичинен эзилип жүрүп как сөөгү эле калган бечаранын. Анын балалыгы эмнеге туш келип, кандай күн кечирип жатканын эч ким билбейт. Эгер аны башкалар да билгенде, азыр ушинтип карзар, классташтарына күлкү болуп отурат беле?

Айзада муңдуу көздөрүн аста жумду эле, каректерине чайылган ысык жаш кирпиктеринин арасынан сызылып, партанын үстүнө тамчылап кетти. Аны эч кимге байкатпастан жеңи менен акырын сүртүп кургатты. Анан саалдан кийин китепке тышталган калың мукабанын кабатына катып жүргөн бир кичинекей саргыч сүрөттү жанындагы шок балага көрсөтпөстөн аста алып, колдорун партанын асты жагына түшүрдү. Коркконунан жүрөгү баягысынан катуураак согуп, сүрөткө улам-улам карап коюп отурду. Ага караган сайын кусалыгы ошончолук ашып-ташып, озондоп ыйлап жиберчүдөй өзүн араң тутканы өңүнөн даана көрүндү. Бу сүрөткө ал аябай өч, бир күндө ага жок дегенде бир ирет карабаса кумары жазылбайт. Ылаажын тапса бет алдына коюп алып, эртеден кечке карап отурсам дейт, бирок кокус бирөө-жарым көрүп калса ыйык нерсемден ажырап каламбы деп коркот. Баарынан да энесинин көзү түшпөсүн ага, эгер ал көрүп калса, анда шору куруду дей бер. Анткени, ал бул сүрөттү энеси үйдө жок кезде альбомунан уурдап алган. Ошондон бери эки апта өткөндөн кийин бир күнү мектептен чыгып үйгө келсе, энеси баары жокту тытып, өчөшкөндөй дал ушул сүрөттү издеп таба албай, Айзаданы чыдамсыздык менен күтүп отурган экен:

–Ай, өлүкканаңды көрөйүн, үйдө эч ким жокто шүмшүңдөп изденчү адатың бар эле, алдагы альбомдон сүрөт алган жоксуңбу? – деди ал эшиктен жаңы эле кирип келген кызынын мурдуна муштумун кезеп.

Сүрөт дегенде Айзаданын жүрөгү болк эте түштү. Коркконунан бир топко чейин чурк этпестен босогодо бозоруп туруп калды. «Эми эмне дейм? Алдым десем өлтүрөт. Жок, айтпайм, сүрөттү өлтүрсө да бербейм, көрсөтпөйм…» – ойлоду ал эс-учун жыйгандан кийин.

–Неге үтүрөйөсүң? Сүйлөбөйсүңбү? – деди жаалданды энеси.

–Мен алган эмесмин, – Айзада энесине жалдырап тиктеди. Каратып туруп калп сүйлөгөнү үчүн бети кызарып кетти.

–Насибиң курусун, сен алгансың. Сенден башка ким алат эле аны? – Энеси эңилип жатып кызынын башына айкырганда, оозунан арактын жытына окшогон алдакандай жагымсыз жыт бур этти.

–Рас айтам, эне, мен алган эмесмин… – Айзада коркконунан буркурап ыйлап жиберди.

–Мен аны тиги милицияга алпарып берейин дедим эле, – энеси кызынын жашырганына саал ичи ачышкан кейипте бир аз жумшарып, күңкүлдөдү. Муну укканда Айзада бир нерседен чочугандай зырп этти:

–Милицияга дейсизби? – деди ал ыйламсыраган үн менен.

–Анан анын сүрөтүн башыма урат белем? Өзүң көрүп турасың го, эки айдан бери алимент жөнөтпөйт.

–Эмне? – Айзада «алимент» деген сөздү жакшы түшүнгөн жок.

–Сен үчүн ай сайын акча салып турушу керек ал…

–Атам азыр бир алыс жерге кетип калса керек, эне.

–Ким билсин. Же сен билесиңби?

–Билем, эне, – Айзада сыр жашыра албай оозунан чыгып кеткенин өзү да байкабай калды. – Баягында мектепке келип, «мен бир алыс жерге иштегени кетип баратам» деген эле…

–Эмне? Мектепке?… – көздөрү чанагынан чыгып кете жаздады энесинин. –Экинчи ага жакындаба деп эскертпедим беле сага?? – Ал ачуусун баса албай кызынын кулагын толгоп ийди эле, Айзада дуулдап ооруган кулагын баскан бойдон чаңырып жиберди. «Кокус сумкемдин ичин тинтсе, өлдүм…» ‑ деп ойлоду ал ичинен.

–Өлүгүңдү көрөйүн сенин, эгер ошол сүрөт табылбасачы, этиңди жейм, – деди энеси эрдин кесе тиштенип. – Бол эми сетирейбей батыраак чечингин да, ашканадагы идиш-аякты жакшылап жуугун. Анан тиги бөлмөдөгү көрпө-төшөгүңдү балконго ташып чык, бүгүн ошерге жатасың.

******

…Ал бүгүн да мектепке кечигип келди. Чачын сепсейтип, шалбыраган кийимдери менен класска кирип келгенде, окуучулар жабыла карап, айрымдары бышкырып жиберишти. Эми эле сабакка киришкен мугалим оозунан сөзү түшүп кеткендей Айзадага олурая тиктеген соң, ачуусунан колундагы китебин столдун үстүнө ыргытып ийди да:

–Уятың барбы сенин? – деди башын чайкап. – Сабактан кечикпе, кийим-кечеңди, чачыңды иретке келтирип жүргүн деп качанга чейин эскертем? Карачы, классташтарың күлүп жатышат, – деди заарланып.

Эшиктен кирип келгенден бери башын өйдө кылалбай уялып турган Айзада намысынан шолоктоп ыйлап жиберди. Саалдан кийин мугалимдин ачуусу бир аз тарады окшойт, ага минтип үн катты:

–Мейли, бу саам да кечирем. Отур жайыңа, – анан ал күлүп жатышкан окуучуларга карап, каардуу сүйлөдү. – Тынчтангыла! Сабакты улантабыз.

*****

Жаңы окуу жылы башталган күндөрдүн биринде мугалим аңгемелешүү сабагын өткөрмөк болду. Төртүнчү класстын улан-кыздары биринен-бири озунуп, жайкы эс алуу мезгилинде көргөн-билгени, барган жерлери тууралуу төкпөй-чачпай айтып берип жатышты. Айзаданын ой-кыялы партанын асты жагына катып алып тымызын тиктеп отурган сүрөттө эле. Саамдан кийин башын өйдө кылып караса, класстын ичи кудум эч ким жоктой жымжырт. Көрсө, мугалим анын так төбөсүнө келип, ага таңыркап карап туруптур.

–Ордуңдан турчу, – деди ал сүрдүү түр менен.

Айзада алаканындагы сүрөттү каякка катарын билбей шашты. Айласы куруганда аны жерге түшүрүп жиберип, ордунан турду.

–Колуңдагы эмне эле? – сурады мугалим акырын сүйлөп.

–Эч нерсе… – деп койду Айзада аргасыздан. Ал канчалык калп айтып актанса да, баары бир эжекесин алдай албады. Баарын өз көзү менен көрүп байкап турган мугалим аста эңилди да, Айзаданын партасынын астында жаткан саргыч сүрөттү жерден сыйпалап алган соң, окуучусуна алдакандай түр менен уяткарып карады:

–Неге жалган сүйлөйсүң? Ким үйрөттү сага? Уят дегенди билесиңби деги? –Мугалим калтырап-титиреп тиктеген калыбында колундагы сүрөттү өйдө көтөрдү. – А мына бул эмне?

–Сүрөт.

–Кимдин сүрөтү?

–Билбейм, – деди Айзада деми ичине түшүп.

–Сага ким айтты сабак учурунда ушинтип ар нерсеге алагды болуп отургун деп?

Айзададан үн да, сөз да чыкпады.

–Айтпайсыңбы эми?

Коркконунан дир-р титиреп турду Айзада. Окуучулар күлкүлөрүн тыялбай каткырып жиберишкенде, мугалимдин ачуусу келди:

–Мен энеңе барып айтам. Эгер ишенбесе, мына бул сүрөт далил – колуна карматам. – Мугалим ушундай деди да, убакытты кетирбейин деген ойдо сабагын улады. Анын ачуулуу түрүнөн окуучулар чочуркап, кылдарын да кыймылдатпай тек отурушту. Айзада болсо өңү дубалдай бозоруп, башын шылкыйткан калыбында ойго чөмүлдү. Жүрөгү муш менен ургандай дүк-дүк этет. Денеси оттой ысык. Мугалимдин «сүрөттү энеңдин колуна карматам» дегени дилине бычактай кадалып, заманасын тарытты. «Эми энеме жем болот окшойм…» деген ой улам-улам эсине келе бергенинен көз жашы мончоктоп тамчылай баштады эле, жанаша отурган Азамат аны байкай коюп, дароо ордунан тура калды да:

–Эжеке, Айзада ыйлап жатат, – деди капилеттен.

Мугалим оң колун доскеге сунган бойдон таңыркап калды. Аңгыча коңгуроо кагылды.

–Сабак бүттү. Эртең тапшырманы жакшылап даярдап келгиле, – деди ал китеп-дептерлерин сумкесине салыштырып жатып.

Окуучулар класстан чубуруп чыга башташты. Айзада болсо жайынан жылбай, көз жашы көлкүлдөп отурду. Башка окуучулардай үйгө десе чуркап жөнөй турган түрү жок. Окуучусунун саргайганы мугалимге ары аянычтуу, ары сырдуу туюлду.

–Чыныңды айтчы Айзада, сага эмне болгон? – деп сурады мугалим анын жанына жакын келип. – Неге ыйлайсың? «Эки» алганың үчүнбү?

–Жок, – башын чайкады Айзада өпкөлөп, – атамдын сүрөтүн…

–Эмне? – чочуп кетти мугалим. – Атамдын дейсиңби?

Айзада өпкөсү көөп чыкканы үчүн сүйлөй албай, башын ийкеди.

–Сенин атаң барбы? Каякта ал?

–Бар, бирок энем менен ажырашып кеткен. Ал азыр алыс жерде иштеп жүрөт. Мен аны аябай сагындым. Атамдын сүрөтүн энемдин альбомунан уурдап алган элем. Энем аны билбейт. Эгер билчү болсо, этимди жейт, – Айзада андан ары сүйлөй албай шолоктоп жиберди эле мугалимдин тула бою дүр-р этип, окуучусун бооруна басты. Кыйладан бери жуулуп өрүлбөгөн саргыч чачынан акырын сылап, сооротууга аракеттенди.

–Ыйлаба алтыным, мен сенин мындай экениңди билбептирмин. Кечирип кой, – мугалим күнөөсүн мойнуна алып, сумкесине салып койгон баягы сүрөттү Айзадага узатты. – Алагой, алтыным, аманатыңды. Аны бек сактагын. Силер сөзсүз табышасыңар. Мен энең менен башкача сүйлөшөм эми. Келе күндөлүгүңдү, «экиңди» оңдоп коеюн.

Мугалим сүрөттү кайрып бергенине Айзада төбөсү көккө жеткендей сүйүндү. Муңайган көздөрү кайрадан балбылдап, көңүлү көкөлөп баратты жолдо…