Тыныстан Темиржан уулу: Мен муну азыр да түшүнбөйм

Мен муну азыр да түшүнбөйм

Мен анда 4-5-класста болсом керек. Айылдаш бирөө үйлөнүп, шаардан бир топ коноктор келген. Үлпөт тойдун шаан-шөкөтүн бир аялдын чыйылдаган үнү бузду. Шаардан келген коноктордун бири экен. “Кызым, кызым” деп, жоолук учуна көз жашын аарчып алып, эне тооктой ары-бери кокуйлап басып жүрөт. Биз анча түшүнө бербей, тиги аялдын чөлдүк акцентине (Алайлыктар Оштун тегерегиндеги ысык аймактардын баарын чөл дейбиз) күлкүбүз келип, жардана карап турабыз. Аялдын же мас экени, же соо экени билинбейт, “кызым, кызым” деп эле чыйылдаганы-чыйылдаган. Көрсө байкуш неме ызы-чууда жанатан бери кызын таппай жүрүптүр.

“Кайда кетмек эле. Ушул эле тегеректе жүргөндүр” деп той ээлери көп этибарга албады. Тойдун шаңы, аялдын ыйы аралашып отуруп күн да батты. Кыздан дайын жок. Бир балээ болгонун сезип, эми баары кызды издеп киришти. Андан сурашты – жок, мындан сурашты – жок. Же көчөдө, же кошунаныкында жок. Аялдар чуру-чуу түшүп, эркектер үшкүрүнүп эле отуруп калышты. Күн күүгүмдөп, үрүл-бараңда гана атчан немелер дарбазадан киришти. Атчандардын караанын утурлай кичинекей кыздын үнү чыкты. Жанатан бери ыйдан эсин жоготуп турган апасы атырылып барып, кызын кучактап жыгылды.

Биздин айылда милицияны чакыруу бир түйшүк. Түйшүк дегенде чалсаң албай, же келбей койгонунда эмес. Түйшүк адамдардын мээсинде. “Милиция” деген сөздү укканда айылдагылардын баарынын кадимкидей итиркейи келип, шайтандын атын уккандай түкчүйө түшүшөт. Анткени да милициянын жаман көргөнүнөн эмес. Милицияга берүү – уяттын уяты, шерменденин шермендеси катары кабыл алынганында. Көпчүлүк милицияга иши түшкөнчө, энесин жыңалач көргөндү артык көрөт. Жанатан бери шерменденин шермендеси болуудан сактанышып, бечара кызды күн кечтегиче өздөрү издемиш болуп отурушканы да ошондон.

“Кызымды кайда алып жүрдүңөр? Уят деген барбы силерде? Бети жоктор!” деп апасы кызды алып келген атчандарга чыйылдаган үнү менен бир тийип алды. Бечаранын алсыз үнү тигилерге шамал үйлөгөнчөлүк да болгон жок. Качан гана ары жакта турган аксакалдар бирдемкелерди божурап сурак сала баштаганда, арасынан бирөө актанган үн менен: “Ат мингенди жакшы көрөт экен. Ат мингизип жүрдүк”, – деп калды. Анын бул сөздөрү суу кечпесе да, шылтооңор кабыл алынды дегенсип, эч ким үндөгөн жок. Болгону кыздын апасынын арыздуу үнү басылбады. Учуру келе калганда атчандарды каргап-шилеп да жиберди. Бирок анын үнү четте карап турган биздин кулактарга гана жеткен сыяктуу, башкалар тез эле өз иштерине алаксып кетишти. Бир аз туруп, атчандар да жок болушту. Аксакалдар көнүмүш маегине кайтышып, жеңелер очокко чуркашып, апалар болсо бири-бирин төргө өткөрүп сый көрсөткөн болушат. Ушинтип баары тарап кетишти. Эмне болгонун толук түшүнүп-билип туруп, бирок кулактарын жаап, көздөрүн жумуп тарап кетишти. Кызын кучактап аял эле калды. Ал да бир аздан кийин кызын жетелеп үйгө кирди.

Ошол жерде эмне болгонун мен эле түшүнбөптүрмүн. “Ат мингизгендер” кичинекей кызды кордоп келишкенин, апасы канча ыйласа да, жалгыз бой неменин колунан эч нерсе келбесин, а улуулар болсо шерменденин шермендеси болуудан качышканын түшүнбөптүрмүн. Кийинчерээк тиги “ат мингизгендер” бир нече жолу атты кантип мингизгендери тууралуу айтып мактанышканында да түшүнбөптүрмүн. Баатырдык ишти уккансып, кызыга кулак түрүп жатып, кичинекей кыздын тагдырына балта чабылганын, тиги мактанып жаткан немелер баатырлар эмес, зөөкүрлөр экенин түшүнбөптүрмүн. Ошол кыз ошондо менден да кичүү болчу. Кандай зөөкүр болуш керек кичинекей кызга “ат мингизиш” үчүн, мен муну азыр да түшүнбөйм.