“Манас” эпосу грузин тилинде

Дүйнөдө теңдеши жок көлөмдүү чыгарма “Манас” эпосу грузин тилинде жарык көрдү. Эпосту Грузия жазуучулар союзунун төрайымы Маквала Гонашвили орус тилинен которгон. Бул китеп кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин орус тилиндеги котормосу  болгон. Китепти КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековго тапшырып жатып, улуу эпосту которгондугуна сыймыктанаарын билдирген.