Адабий портрет

Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан Жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы  Республикалык  сыйлыгынын лауреаты Рамис Рыскулов 1934-жылы Сары-Өзөн Чүйдүн Москва районундагы Кызыл-Туу кыштагында 9-сентябрда  кызматкердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасынын кызмат абалына жараша алардын үй-бүлөсү Ош областынын Совет районуна караштуу Кара-Кулжадагы сактык кассанын башкаруучу кызматына ишке жөнөтүлөт. Болочок акын ал кезде төрт жашта экен. Ал Кара-Кулжа мектебине 1-класска окууга кирип, анда 3-класска чейин окуйт. Апасы Кыдыраалы кызы Уултай согуштун алдында, 1941-жылы  катуу оорудан каза болот. Атасы  өз ыктыяры менен согушка кетип кайтпай калат. Акындын эскерүүсү боюнча атасынан Украинанын Сумы областындагы госпиталда  төрт жеримден жарадар болуп дарыланып жатам деп билдирген катынан кийин  башка кабар ала алган эмес. Рамистин Мелис, Эрнис деген  бир туугандары да болгон экен. Энеси кайтыш болгондон кийин  ал балдарды баккан киши болгондуктанбы ооруп, тез эле каза болуп калышат.Ошентип болочок акын  жети жашында энесинен, тогуз жашында атасынан  ажырап томолой жетим калган. Атасы оорукта жүргөндүгүн эске алышып, Рамиске колхоз 30 сотук жер бөлүп берет. Экинчи апасы Батма экөө  эптеп оокат өткөрүшөт.  Согуш бүткөндөн кийин Батманы төркүндөрү алып кетет да, акын чоң атасы менен чоң апасынын колунда калат. Кызыл-Туу мектебинен 7-классты бүткөндөн кийин зээндүү, сергек, дилгир бала шаарга барып окуйм дейт. Чоң атасы  7 пуд жүгөрү сатып, бутуна өтүк алып берет. Өгөй чоң апасы  баштыкка талкан салып, айылдаш Станкул деген кишиге кошуп ат араба менен шаарга жөнөтөт. Шаарда аталаш агасы Тентиев Абдынын үйүнө түшөт. Эртеси талкан салган баштыгын көтөрүп алып  педучилищеге келет. Көп кыйынчылыктар менен ал ошол окуу жайды бүтөт. Адабиятка акынды белгилүү балдар акыны Муса Жангазиев алып келген экен. Ал  жетимди көчөдөн жолуктуруп, үйүнө алып келип, жуундуруп, кийиндирип өзү иштеген Кыргызстан пионери газетасына иштетип коет. Ошондон кийин  Рамис гезитте кабарчы болуп иштеп, айлыгына кийим-кече алып оңолуп калат. Кыргызстан комсомолунун чечими менен бир топ жаштарды Москвага окууга жиберүүгө камдап калышат. Анын ичинде  Рамис да бар болот. Окууга кетип жатканда 3 миң сомдон акча беришет, ошентип Рамис Рыскулов Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук комсомолдук мектептин угуучусу  болуп жүрөт. Окуу жылдын  биринчи курсун бүтүргөндөн кийин эле ал Москвадагы Бүткүлсоюздук М.Горький атындагы адабият институтуна өтүп,  эки окуу жайда бир мезгилде  параллель окуп, аларды 1959-жылы бүтүрүп, Мекенге кайтат.

Совет мезгилинде жашаган окурмандарга, поэзия  күйөрмандарына жана адабий коомчулукка Рамис Рыскулов  жаңы формадагы ырларды, жаштык жалындуу күчтүү сезимдеги патриоттук, мекенчил, темпераменттүү,   уйкашсыз ыр саптарын жаратуу менен кыргыз поэзиясына жаңычылдык киргизген акын катары таанымал десек жаңылышпайбыз. Ал кезден бери  жарым кылымдан ашык мезгил өттү, ошодуктан гениалдуулукту келечек көрсөтөт деп  келебиз го. Андай болгондо жакшы менен жаманды,  орто заар менен татыктуу чыгарманы бүгүн божомолдоп отуруунун кажети жок, анткени ушул  өткөн мезгилдин өзү, убакыттын узак аралыгы акындын чыгармачылыгына өзү сынчы болуп турганын  эч ким тана албас. Ошондой болсо да азыркы эстетикалык татымды,  бүгүнкү поэтикалык  көркөм кабылдоо, азыркы мезгилдин жаш окурманы аны кандай кабыл алууда жана  Р.Рыскуловго  курбалдаш замандаштары менен бүгүнкү  жалпы окурмандар  кандай  көз карашта  экенине баам салып көрсөк жетиштүү болот го деген ойдобуз. Мезгил  эң кыйкымчыл сынчы экенин да эске сала кетишибиз керек. Анын үстүнө ар мезгилдин сүйгөн акыны, ар учурдун  жеке өзүнчө көз карашы менен суроо-талабын да эске алуубуз керек.Ошондуктан бүгүнкү жаш адабиятчы менен  жөн эле  кадыресе окурман  акындын поэзиясын кандай кабылдай турганына да  көңүл буруп көрсөк артыкбаш болбойт деген ойдобуз.

Бул суроого жооп берердин алдында Р.Рыскулов акын катары коомчулукка таанылып, чыгармалары эл оозуна алынып калган кезге ракурс жасаш  ылайыгы келип турат. Анткени адамбаласы өзүнчө жеке вакуумда жашабайт эмеспи, анын  сөзсүз өз чөйрөсү, инсандын жетилип жаран болуп, кийин адам болуп, анан барып  акын болуп  калыптанышына  таасир эткен чөйрөсүнүн мааниси өтө чоң болоору бөтөнчө шарт экенин билебиз. Чөйрө менен коом адамдын  өсүп жетилишине жана  кесиптик жактан  кандайдыр бир  адистикке өсүп чыгышына анын жаратылыштык кадыреселиги албетте жетишсиз. Адам үчүн анын кандай жаран болуп өсүп чыгышы үчүн үй-бүлөдөн баштап анын жашаган чөйрөсү, анын  жашоосун коштоп жүргөн ошол чөйрөнүн абалы, анын айлана-чөйрөгө карата өтөлгөсү, коомдогу ал жашаган чөйрөнүн мамилеси, саясаты, тарыхый-экономикалык, маданий жана идеологиялык абалы аябагандай чоң таасир этиши ажеп. Адам баласынын  кадыресе  адам катарына кошулганга чейинки  бардык: чоң-кичине, жакшы-жаман д.у.с. ар кандай абалы, күнүмдүк жашоодогу кылган иши менен көнүмүшү, үйдөгү, мектептеги, техникумдагы милдеттери,  моралдык-этикалык жана эстетикалык жагдайларынын баары  аны курчап турган  социумга, мамлекттик саясатка  жана идеологияга б.а. анын кандай адам болуп чыгышына өтө зор таасир берүүчү жагдайлар экени талашсыз. Көңүл буруп карап чыксак Р.Рыскуловдун  заманы кандай болгон эле? Дегеле акындын поэзиясы эмне жөнүндө, ал кимдер тууралуу  ырдайт? Колубузда алгачкы жылдардагы, 1959-жылы жарык көргөн «Жаз» ырлар жыйнагына чыккан ырларынан окуп көрөлү. Албетте андан бери көп жыл өттү. Акын  бойго жетип  аксакал курагына келип калганда  анын баскан жолун, салган изин карап, эске салалы, ой жүгүртөлү, кийинки муун да таанысын дейли, юбилейди шылтоо кылып акын өзү айткандай, бир кездеги тапталып калган ырларын кайрадан окуп, талаага алып чыгып, сергитип, желдетип коелу. Ал ыр «Мекениме» деп аталат.

Алыстан сапар чегип сага келем,

Көп ойлоп жазган ырым сага берем.

Түбөлүк сени көздөй келе жаткан,

Көл болуп дайра болуп ага берем.

Бул ыр үч куплеттен турат. Биринчи ушул төрт саптан кийин  жылдызчалар  менен  калган эки куплетти бөлүп  бериптир.  Ырды абай салып окуп көргөндө эмне үчүн мындай  кылганы түшүнүктүү болду.  Биринчи  куплетте лирикалык каарман  мекенге болгон  сүйүүсүн  жалпы атуулдук маанайда жеке кейипкердин жарандык  парасатын аткарып  мекенине карай жол тартып, алыстан  сагынычты кучагына  кысып  көл болуп балкып, дайра болуп агып  келе жатат. Ал эми  кийинки  бөлүнүп берилген сегиз саптан турган эки куплеттеги ырда  ал  мекенине, өз өлкөсүнө, жакындан мамиле кылып бул келишинде жөн эле келбей, Мекенден кетип жатканда мерчемдүү  максаттарды  айтып кеткенин, Мекени менен сырттан мамилелешпестен эми жакындан ич ара, кадыресе чоң жигит болуп, Мекенде жашаган каадалуу адам катарына киргенин, адам катары өз кызматын кунт коюп аткара берерин, ар ким өз иши менен өлкөнүн  ишин оңоп, иштеп турса турмуш чоту  жаңылбай кагыла бере турганын  айтат… Албетте совет мезгилинде эмгекке өтө көп көңүл бурулган, эмгек темасы ар бир ырда айтылган,  иш кылбаган кыз-жигит киши катарындагы  эсепке кирген эмес, андайларды эч ким сүйгөн эмес. Ал учур  үчүн бул ыр анча деле  укмуштай чоң роль ойноп жибербейт, бирок  бүгүн бизге ушундай абал, ушундай ыр жетишпей турат. Акындын:

« Ууз балтыр кыздар бийлеп,  // Чимирилет сахнада.

Сен жанымда отурганда,  // Ай карады баш бага //.

Күбө болсун асман – аалам,  // Алма гүлү таңда жааган.

Жийде гүлү  жыпар чачып, // Куттук айткан сага-мага.

Күбө болсун апаң дагы  //  Өмүр тилеп күйүп-жанган».

Р.Рыскуловдун  үй-бүлөсү жана тууган-туушкандары    тууралуу азыноолок кабардар болдук. Ал эми анын чыгармачыл чөйрөсү кандай эле жана аны курчап турган алыс-жакын мамиледеги кесиптеш адамдар менен алакасы тууралуу  айтсак, ал мезгилге кылчайып карай турган болсок, кыргыз адабиятын жалпы  советтик адабияттан,  советтик поэзиядан жулуп алып кароо анчалык  чындыкка коошпой калмак. Тарыхтын чындыгы кандай болсо, ошондой көз чаптырсак,  элүүнчү  жылдын  экинчи жарымынан  бери тарта  прозада  да, поэзияда да  кескин  өзгөрүү  байкалып турган. Мунун негизи  адамдык  факторго  жараша  да болгонбу дегендей  ой келет. Буга көпчүлүк адабиятчылар муну жалаң ошол кездеги илимий-техникалык прогресс буга  түздөн-түз таасир  бергендей карап  келишет. Анысы да бар дейли,  бирок  эң негизгиси  элдин турмушу  бир аз оңолуп,  адамдардын санаасы тынчып,  көңүлү көтөрүлө баштагандан болду деген  ойдобуз. Адамдын жашоосу тынч, курсагы ток, кийими бүтүн болсо, асан кайгыдан оолак болсо гана  анын  руханий  кыялдануусу да эргип чыгышына мүмкүндүк болот эмеспи. Согуштун кесепетинен арылып, адамдар  маданий өнүгүүгө багыт ала баштаган кезде кыргыз акындары да жалаң эле кыргыз адабияты менен алектенбестен, башка элдердин акындары менен таанышып, алардын тажрыйбаларынан таалим алууга мүмкүндүгү ачыла баштаган. Башка элдердин акындырынын көңүл  куштарлыгана кызыгуунун туулушу келип  чыккандыгы, Москвага жаш таланттуу  адистерден  окууга жиберилип, алар менен тажрыйба алмаштыруу, башкалардан үйрөнүү иш-чараларынын практикалана  баштаганы акындын кийинки жашоо турмушуна да, чыгармачылыгынын өсүшүнө да ого эле оңдой берди  жагдай болгону  ачык эле  көрүнөт. С.Эралиевдин  кыргыз поэзиясына  жаңыча  түр киргизүү аракеттерин ушундай чечмелеп  жүргөнүбүздөй эле, Рамис Рыскуловдун да  Москвага   башка жаштардын тобу менен барып  ал жактан көп тажрыйба алып, таалим-тарбия  көрүп келгени албетте чоң жардам, алдыга  жылуунун маанилүү этабы  болгону айдан ачык болгон. Ошол кезде улуу муундагы акындар  эч кимге камчы салдырбай социализмдин  өнүгүшүн, анын күрдөөлдүү учурун толук камтып, алардын  ар кимиси элди-жерди, табыятты,  турмуш тиричиликти, дегинкисин баарын ырга салышып,  дилге тууралашып, акындыктын  такшалган  калеминде уйкаштыктын  ар кандай түрлөрун иштеп чыгып, кыргыз поэзиясынын берметтерин жаратып жатышканын көрүүгө болот. Алардын ар кимисине токтолуунун бизге бүгүн кажети жок болсо да, ошол көп күлүктүн ичинен «тайторуну» чыгарууга аракеттенип көрөлү. Жогоруда кеп кылганыбыздай, чыгарма жаратуу үчүн ал мезгилде  советтик тумуштун материалы жетишердик эле. Ошондой болсо да   айрым жаш акындар  С.Эралиевди айттык, ал баш болгон  жоон топ жаш таланттарыбыз, О.Султанов,  С.Жусуев, Ж.Абдыкалыков, М.Абылкасымова, Рамис Рыскулов жаңы замандагы жаңы турмуштук ачылгаларды жаңы формада ачууга умтулуп жатышты. Москвалык орус акындар Евгений Евтушенконун, Роберт Рождественскийдин, советтик илим менен техниканын жетишкендине  шыктанып жазган  эпикалык да, лирикалык да верлибр түрүндөгү  ак ырлары  ошол кездеги  биздин жан акындарыбызды  шыктантпай коймок эмес. Анткени  биз  алар менен бир тутумдагы бирдиктүү өлкө болуп саналгандыктан ошол кездеги  илимий-техникалык  прогрессти, бүткүлсоюзга атагы чыгып жаткан эбегейсиз кубаттуу  суу электр станциясынын (БАМ) курулушуна арналган Е.Евтушенконун «Братская ГЭС» поэмасы жаш окурмандардын да, баштатан белгилүү акындардын да  бүйрүн кызытып турду. Ошол арадагы (1961) Литва акыны Эдуардас Межелайтистин  кубаттуу курулуш эмес эле катардагы жөнөкөй адамды даңазалап  эбегейсиз зор кенеңдикте, чексиздикти кучагына  камтыган, глобалдуу  образга  айлантылган жеке адамдын персонификацияланган чалкар образы  жаралды. Биздин акындар союздагы мындай жаңылануудан артта калбастан,  алар менен бир катар эле изденип да, жаратып да жатышты.  Ошондон улам  бул муундун акындары менен прозачыларын «алтымышынчылар» деп  али күнгө аңыз кылып келишет. Бул жетишкендиктер бул жетишкендиктер көркөм шыктануунун предметине айланды. С.Эралиевдин «Жылдыздарга саякатына» (1966) удаа эле Рамис Рыскуловдун ээликкен эркин ыр  саптары,  өтө күчтүү, курч эмоцияны бүркүп чыккандай болду. Акындын «Араван», «Космос манифести» да ушундай  эмоциялык күү менен жаралганын  көрөбүз. Бул туурасында белгилүү адабиятчы Салижан Жигитов өз кезегинде эле «… жаңы турмуштук материал, коомдук өзгөрүштөр,  жалпы жана жекече духовный өнүгүштүн жаңы милдеттери акындарыбыздын дээрлик баарын чыгармачылык изденүүгө мажбурлады.  Ошентсе да форма жагынан жаңылыктарга умтулуу жаш акындардын лирикасында көбүрөөк орун алды. Улуттук ыр маданиятыбыздын туюнтуу мүмкүнчүлүктөрүн жаңылоо, кеңейтүү багытында  адеп демилге  көтөргөндөрдүн бири Рамис Рыскулов болду» – деп «Кыргыз совет адабиятынын тарыхында» адилеттүү баа берген. Чындыгында эле Р.Рыскуловдун ак ыр формасындагы ырлары ошол мезгилдин жаңырыгы болуп турган эле. Анын үстүнө акындын көркөм чындыгы анын тарыхый  көрөгөчтүгү менен шайкаш болуп, бап келишип, акындын нукура жаратылышындагы тайбастыгы анын бет алган багыты болуп калган ак ырларды танып кетпестен, ого бетер куштарлыгын арттырып кыргыз поэзиясына жаңылык киргизүү демилгесине бел байлатты. Поэзияны сүйүү, ага ак кызматы менен берилүүсү колкабыш болуп пири колдоп, туруктуулугунан тайсалдабай өжөрлүк менен чыгармаларын орошондоп  даңкандап, поэзиянын берметтерин «ыр майрамынын» чачыласы кылып  чачып жатты.Ошолчыгармачылыгынын орошон учурунда жазылган Р.Рыскуловдун  көлөмдүү поэмаларынын бири «Араван» аттуу чыгармасы. Поэма ак формасында  жазылган, пахта  талаасында талыкпай эмгек кылган советтик кыздар Халимахан, Диларам, Алтынпаша жана анын айланасындагы   пахта талаасынын  эмгек кайнаган  жериндеги дыйкандардын иштермандыгы, ак эмгеги даңазаланат. Акын  Араванга  барып  күн кайнаган талааны, күнгө тотугуп, куйкаланган  пахтачылардын күрдөөлдүү  эмгегине шыктанып, толкунданып  мактап ырдайт.Жөөк тартып, күн-түн дебей иштеп, өз ишине  маашырланган пейли кенен топуктуу адамдарга  ыраазы болот. Элдин жүгүн көтөргөн эр азамат улан-кыздар  таш үстүнө гүл эккен эң жөнөкөй адамдар, кетменин төбөгө көтөрүп, жөөк түздөп пахтаны сугарган  дыйкан абалар, буудай жүздүү дыйкан жеңелер  ысыктан бермет тамчыларын маңдайдан сүртүп, кабагым-кашым дебей шаттык маанайда эмгек кылып, элди баккан  дыйкан адамдары  акындын  жандалбастаган эргүү менен  патетикалык  бийик саптарында мактоого арзыйт. Негизинен акындын бул поэмасы пахта өстүрүүдө  эч кимден кем калбаган зор  эмгеги менен даңкы чыккан  Аравандыктарга арналган ода, өтө жогорку  көтөрүңкү патекалык стилдеги поэма.

Күнгө бышкан денелүү

Кызыл тору түштүк кыздары,

Жылдыздантып таалайымды

Жылмайдыңар ар туштан

Кыздар эй, кыздар, кыздар эй,

Халимахан, Алтынпаша, Диларам.

Мен ислерден ырларыма дил алам.

Бали кыздар, жашагыла, иштегиле,

Байтеректей тууган жерге

Тамырыңар жайгыла.

Бул талаанын ханышасы Халимахан

Аккуу сындуу кайып учкан

Канатында ак пахтанын!

Шаа жетпеген падышасы

Алтынпаша!

Дилгирленип күндө жашайт

Диларам

Биздин заман Ширини. – деген сыяктуу ыр саптарынан  турат  поэманын тексти. Рыскуловдун поэзиясына сүңгүп  аралаган сайын анын  сырттан жалаң эле уйкашсыз  ак ырга толгонсуп көрүнгөн ырлар жыйнагын ачканыбызда ага ичи толо жыпжылма сыдыргыланып, илгертен келептенип  жышылып, ишмекердин уз манжаларынан жылмаланып өткөн жибек келеп жиптей кыргыз поэзиясынын уйкаштыгына толгон ырларды окуйбуз. Акындын  ырларынын көбүн кыргыздан  эзелтеден келаткан салтуу уйкаштыгы ээлеп, уйкаштыктын бир нече түрү оош-кыйыш  болуп  желе жорткон  жел сымал желдире кеткен  элдик поэзиянын, төкмө ырларынын формасы ээлеп жатканын көрөбүз. Поэзиянын мыкты сынчысы С.Жигитов айтып кеткендей, «Р.Рыскуловдун акындык аракеттери тууралуу кандайдыр бир жактуу, бир түстүү пикир айтыш чынында кыйын.  Анын поэзиясында оош-кыйыш, карама-каршылыктуу, оң-терс моменттер көп. Анын  поэтикалык изденүүлөрү да бир багыттуу, бир сызыктуу эмес», – деп эскерткичтей кылып айтып кеткенинин жөнү бар. Дегинкиси, поэзияга проза түрүндө  пикир айтуу тузу жок даам таттыргандай эле супсак көрүнүш. Ошондуктан, поэзияга карата кандай мыкты комментарий бербеңиз, ага поэзиянын  өзүнөн артык бааны, ошол ырдын өзүнөн артык сынды эч ким бере албайт.  Эмесе, «Куплеттер» аталган циклден үзүндү келтирип көрөлү:

        Карчыга учат айланып,

Асманга  чыгып жайланып,

Кадалып узак кетпестен

Карекке калдың байланып.

Тагдырда болбойт сенчелик,

Көргөндө кеттим теңселип,

Талаада кетип барасың

Шамалга чачың сеңселип.

– Ырдагы  уйкаштыктар  традициялуу кыргыз ырларынын эң  кеңири тараган түрү болгон – ааба,  биринчи-экинчи жана төртүнчү саптардын  уйкашып, үчүнчү сабы уйкашпай, ал эми ырдын акыркы  сөздөр -ып  мүчөсүнүн уланышы менен үндөшүп түшүшү аркылуу курулган уйкаштыкта жазылган. Мындай уйкаштыкты кыргыздын төрт  саптуу ырларында оозеки поэзияда, сүйүү, ашыктык ырларында, жалпы эле лирикалык жанрда кеңири кезиктиребиз. Мындай уйкаштык азыркы кыргыз поэзиясында да көпчүлүк автордук чыгармаларда кенен колонулуп жүрөт. Бирок бул жерде биз, уйкаштыкты баса белгилөө эмес, ырдын поэтикалык курулушунун бөтөнчөлүгүнө токтоло кетүүнү ылайык деп ойлойбуз. Себеп дегенде акындын  көпчүлүк чыгармаларында ырдын баштапкы эки саптары көркөм образ түзүүгө эгедер болгон поэзиядагы көркөм-эстетикалык касиетти жаратуучу поэтикалык саптардан  турат. Анткени уйкаштыкты көп эле сөздөр, сөз айкаштары  аркылуу түзүүгө болот. Бирок ал сөздөр  поэтикалык образ жаратууга, поэзиядагы  көркөм эстетикалык жүктү көтөрүп кетүүгө эгедерби, кеп ошондо турат. Р.Рыскуловдун чыгармаларын карап көргөнүбүздө андагы табыгыйлык, көркөм  эстетикалык табити менен көркөм образ жаратуу касиети бар, образ жаратууга  көмөк бере турган же образды өзү ача турган  терең жана  көп катмарлуу, сыйымдуу маанини аткарган сөз каражаттын болушу шарт. Көркөм образ жаратууга эгедер сөз каражаты бир эле учурда конкреттүү да, элестүү болушу менен бирге сүрөттүү болушу талап кылынат. Акын өзүнүн айта турганын жаратылыштан образдуу кабыл алып, аны жеке өзүнүн ички дүйнөсүнөн өткөрүп, ага анализ жүргүзүп, көркөм образдын таасир берүүчү эстетикалык татымын чагылдыруу мыйзамдарына таянуу аркылуу гана кыялындагы идеяны, көркөм образды бүкүлү түрдө кайрадан жаратып, иштеп чыга алат. Ошендо гана акындын кайрадан жараткан көркөм дүйнөсү, көркөм образ болуп  кадимки турмуштагы чындыктай кабылданат. Албетте, бул жерде  келечектеги акындын  зор  умтулуусу, өзүнө болгон ишенимдүү кадамдары менен жеке дымагы жана тубаса талантынын болгонун тануу мүмкүн эмес. Акындын изденүүдөн  талбаган аракеттери менен ишеними, ар дайым жакшылыкка, жаңылыкка умтулуп турган талыбас өжөрдүгү жана турмуштун оордугунан жалтактабаган тайбас көйкашкалыгы,  жашоонун ар кандай оош-кыйышына бетме-бет жооп кылганы анын ар бир жасаган кадамынан, ар бир чыгармасынан байкалат. Акындын чыгармачылыгындагы басып  өткөн жолуна саресеп салып  карап келатып, буга чейин пессимизмге чөмүлгөн же, ыргылжың болгон, өзүнө-өзү ишене бербеген сезимдерди жолуктура алган жокпуз. Демек, биздин оюбузча  акын  жаштайынан кажыбас кайраттуу, оптимисттик мүнөздөгү  адам катары калыптанганы  көзгө даана урунат.  Муну бизге анын  ар бир чыгармасы четин чыгарып дааналап келет. Төмөндө 1975-жылы жарык көргөн «Дилбар» жыйнагынан эки куплет  ырды окуйлу:

Жаштык кез күйүп жалындап,

Таланттан жүрөк жарылат.

Жылдызды көздөй ышкырып,

Баратат турмуш арылдап.  –  «Азамат», 260-бет.

 

Ала-Тоонун бийигине,

Атарылып чыгамын.

Өстүрөмүн бүрүн санап,

Келечектин чынарын.  – «Келечекти туюнам», 261-бет.

«Күлкү чачам» ырлар  жыйнагынан:

Меридиандарды аралап,

Аймактардан аймактардын
Чийимине киремин.

Кыял менен жарышып.

Билгим келет шамалдардын татымын,

Жан күйгүзгөн кайгынын

Ачуусун да таткым келет.

Кандай экен бакыт даамы

Аны көздөй ыкшалам.

Маршал сындуу марштай сезем чаркымды.

Мен – салтанат.

Мен – майрам.  –  «Жашоо -майрам», 301-бет.

Бул мисалдарды тандап албай эле  туш келди  колго тийген  жерден алдык.  Анткени акындын оптимистиги, ташкындаган руханий күчүн ар бир эле  чыгармасынан байкаса болот. Ал  эмне ойлосо  ошону жазат, кытмырланып, кысталып  аны-мунуну айтып отурбайт.  Көркөм кабылдоо сезимине  турмуш көрүнүштөрү же, табыят кубулуштары,  кыргыз жери, жаратылыштын кооздугу кандай таасир берсе ошону акын өз ырларында өзүнүн тубаса сезимтал жан дүйнөсү менен кандай кабылдаса, аны дал ошондой  кооздукта, ууз тазалыгын көөнөртпөй, ортодо  жасалмалап ийбей, акындык жан дүйнөсүн кандай толкундатса, ошондой бойдон окурманга  сунат. Акындын «Мен сага жолукпай жолуктум» деген ырынан бир шиңгил окуп көрөлү: Мен сага жолукпай жолуктум, // Ошого, ошого кайылмын. //Сен сага көрбөстөн оолуктум, // Сезимим сен менен чайыймын. // Канча кез шимилген байкасам // Тим эле тирмием аябай. // Кимгедир арналам ар качан //  Ага мен ишенем баладай. (264-бет.) « Бүгүн» аттуу ырындагы акындын таза пейилине ыраазы болосуң. Бүгүн // Көк бийиктен көйкөлөт, // Жердик кеңдик шарылдайт. // Жылмайыңкы бир ишаарат сеземин. // Жылуу илеп // Келет мага // Замандашым өзүңөн. – « Бүгүн»,302-бет.

Р.Рыскуловду уйкашсыз ырлардын баштоочуларынын бири деп атасак да, анын уйкаш ыр түрмөктөрү  акындын калеминен өзү элү кулап түшүп,  идирексиз жороголоп  шыр кеткенине да күбө болобуз. Анын үстүнө  уйкашпаган ырлардан, уйкаштуу ырлары арбын. Мисалы «Сүйгөнүмө» деген ырын окуп көрөлү.

Тал чыбыктай бураң кези дүйнөнүн,

Күлүк аттар кунан кезде сүйгөнмүн.

Кыз бурактын кыялына жарашкан

Кызыл-тазыл улан кезде сүйгөмүн.

 

Жаан жаап басылганда сүйгөмүн,

Жашыл гүлдөр ачылганда сүйгөмүн.

Жашыл дарак жайнаган гүл ичине

Сени менен бирге басып киргемин…

Р.Рыскуловдун  бул сыяктуу ыр түрмөктөрүн  айтып отурсак  анда китепти бүт көчүрүп чыгыш керек болот.  Айталы дегенибиз, акын  ырды  кыргыз оозеки чыгармачылыгындагы салттуу  ыр түзүлүшүндө,  салттуу уйкаштыкта эле  жазып койбостон, кыргыздын элдик оозеки чыгырмачылыгындагы кылымдап жашап келген, элде калыптанып калган улуттук атрибуттарды, кыргыз ар дайым колдонулуп, калыпка түшүп калган  көркөм образдык түшүнүктөрдү өз орду менен ыргакка келтирип, элпек жана ийкемдүүлүк менен ыктуу колдоно билгенинде. Аны өз чыгармачылыгында иштетип кете алганында болуп жатат.Элибиздин  тилге жагымдуу, кулакка угумдуу уйкаш жана  уккулуктуу, түшүүнүктүү да, жеткиликтүү да ыр саптары акындын калеминен кайрадан  жарылып, жаңы модадагы көйнөктү кийгенсип  жарашыктуу түскө ээ боло алганында. Өзүнүн ошондой ыр түрмөктөрүн бүгүнкү күнгө чейин жеткирген, көркөм сүрөттөөгө жан киргизип, кыска жана нуска, жандуу образды жаратуунун устаты болгону акынга сый, урмат алып келди десек болот. Ал элде колдонулуп келген салттык образдык түшүнүктөрдү маселен, «кунан», «тай», «жашыл түс» «кыз курак», «кызыл-тазыл түстөр» сыяктуу мезгилди, жаш куракты, жаштыкты көркөм сүрөттөөдөгү белгилүү бир өтмө мааниде колдонулуп келген, клише сыяктуу  калыпка  салынып калган элдик түшүнүктөрдү өз чыгармасына бекемдеп  киргизип, ошол  кооздукту жыш колдонуп, шыгыр айткандай  жазат. Бир  ашыкча кеткен жери бар, ырлары өтө узак.

Жогорку  ыр саптарда айтылып жаткан «дүйнөнүн тал чыбыктай бураң кези  – окуянын болуп өткөн учуру да  жаз мезгилинде болгону, ошондуктан баары  бирбеткей  айкашкан, төп келишкен гармонияны  түзүп турган параллелдүүлүк көз алдыга тартылат. Аттиң ошол кезде  лирикалык каарман да, анын курбусу да жаш эле дегендей өксөө, самоо элдик, салттык образда колдонулуп келген жылкы баласы кунан аркылуу берилди. Акындын лирикаларында мындай даяр түрдөгү образдык түшүнүктү тыкан, кыска, ошол эле учурда таасирдүү жана көркөм чыгармага жан киргизген эски сөздү жаңы турмушту жаңыланткан ыкма менен пайдалана билет. Эң башкысы ушул ырдагыдай эле көптөгөн ырларында кезиккен элдик салттуу образдык түшүнүктөр акындын ыр саптары менен мына бүгүн  60 жылдай убакыттан бери  жашап келсе, аны анча түшүнө бербеген киргиз, англо-орус тилдүү балдарыбызга келечекте  кыргыз тилинин корун унутта калтырбай кайрадан карап чыккан учурда өтө керек болуучу келечектүү иш болгон деп айтаар элем. Анткени ушу  бүгүнкү 2019-жылга карата айтсак да  кыргыз элинин улуттук салтуу көркөм речинин  көркөм сүрөттөөдө аткарган милдетине толук баам салып, анын  түпкү маани-маңызына  сүңгүй кирип көркөм сүрөттөөдөгү  өтмө катар маанини аткарып берүүчү сыйымдуулугу менен   тереңге  кеткен маанисин түшүнө билгендер адабият таанытуучу адистер менен акын, жазуучулар эле болуп калды. Маселен, жогорку ырдагы  акындын айтайын деген оюн  чечмелеп, кунан кезде дегенди, же дегеле кунандын  баштапкы өз маанисин деле абайлап калган  азыркы шаардагы түгүл айылда жашаган жаштар деле көп эмес. Салтуу формадагы ырларды жаратуу менен Рамис Рыскулов бир кылка жалаң  сонун  ырларды жазып  салган дегенден да алыспыз.  Анын  жөнөкөй эле элдик ырлардай  жаза койгон  жеңил-желпи ырлары да жетишерлик.  Биздин айталы дегенибиз, акынды  сексенден ашкан курагында сындоо үчүн эмес, тескерисинче,  кийинки  муун биле жүрсүн үчүн  анын чыгармачылыгына жалпы жонунан ыраазы болуу менен баа берүү аракетин  жасап жатабыз. Чынында акын, эгер чындып  өзүн  таптап, чындап  изденсе, кай бир учурда  изденүүсүн солгундатып мактоого  жеңдирип койбосо, укмуштай тапкычтык менен, жаратмандык менен ойго келбес саптарды жаратуу колунан келген жеке өзүнө гана таандык өзгөчө  талантка ээ. Кээде ойкуп-кайкып кеткен  шашмалыгы менен  фантазияга  ашкере берилип кеткен мүнөздө айрым чыгармаларды ашелемдеп жиберген учурлары да жок эмес. Дегинкиси, бүгүнкү күндө арабызда жашап, кыргыз элине  бакубат  жашоо каалап, аксакалдык курактын  салабаттуу бактысын татып  отурган  акын аганын  көркөм сөз өнөрү  бирде жеңил үлбүрөп, ооздон түшө калчудай ийкемге келсе, бирде сөзүнөн бал тамызган  улуу акындардын  баарыга  дайын саптарын элестетет, бирде  курчтугу куйкум, таасири өткүр поэзияны жараткан  чоң акын.

Ошону менен бирге ал талантуу художник. Анын сүрөттөрү  кыргыз графика  жанрында  жекече почерки бар, жеке өзүнө гана таандык дүйнө таанымга эгедер болгон чыгармаларды жаратып келет. Аны кыргыздын Пикассосу деп бекеринен аташпайт. Анткени  Р.Рыскуловдун сүрөттөрү поэзиясы сыяктуу эле дүйнөнүн биз байкабаган кемчилдиктерин, негативдүү жагдайларды күлкү менен же, бир гана штрих менен ачыкка алып чыгууга далалат кылат. Анын сүрөттөрү ырдалбай калган поэзиясын толуктоого далбастап тургансыйт десек болчудай.

Акындын  сүйүү ырлары да арбын. Анын жаштык кыял, жаштык кез,  сүйүшкөн  кыз-жигит тууралуу ырларынын ар биринен кенен маани-маңыздын кошо  жүрөрүн байкайбыз.  Асман-жер, бүткүл галактика – аалам, алма гүлү, агарган таң, жийде жыты жаратылыш көрүнүштөрү менен болгон бирдиктүүлүк бөтөнчө жыш  колдонулуп, Р.Рыскуловдо өтө терең философиялык мааниге ээ. Конкреттүү бир чакан сүрөттөмөлүү көрүнүштү алган болсо да андан:  кыз-сахна-бий, кыймыл-жашоо, ай-тунук-мээримдүү бардыгы  бейпилдикте. Акындын ырларынын бөтөнчөлүгү ырларында гармониялуу кыймылды, бардыгын жашоонун  диалектисине бириктирип берүү иретинде айтайын деген чачкын ойлорду бириктирип бир бүтүндүккө байлап турган ыр циклдердин тутумунун туруктуу кайталанышы бар экени байкалат. Ар бир жаңы чыгармадагы тематикалуулук, ар бир жыйнагы сайын туруктуу кайталанган көрүнүш, чыгармачылык илхамдын туруктуу  кайырмалары сыяктуу ар бир жаңы жыйнакта кайталанып туруучу жекече ыкма катары колдонулган. Маселен, « Жаз» ырлар жыйнагындагы «Тоодогу жаз» аттуу  6  бөлүмдүү ырлар циклин карап көрөлү. Циклдеги 1- ыр «Жайлоодогу түн», 2 – «Аскалуу түнөктө», 3 – «Таңкы көрүнүш», 4 – «Комузчу», 5 – «Эки жаш», 6 – «Тоо башында» аталат.  Ырдын  темалары айтып тургандай  бул акындын чыгармаларындагы типтүү көрүнүш катары мисалга алынды. Андан соң акындын поэмалары кетет. Алгачкы поэманын бири «Жандуу чекиттер» аталат. Р.Рыскуловдун чыгармаларында чекит өзгөчө мааниге ээ көрүнүш. Ошондуктан аны мындан башка чыгармалардан да кезиктиребиз,  көп чекиттер грамматикалык тыныч  белгилерден сырткары өзүнчө символдук маани аткарат. Акын ага абдан  ишеним артып, ага ишенип, ошого  таянат. Чекиттер акындын көркөм ойлоосун  шыктандырган  көркөм образ катары роль ойнойт. Поэмада чекиттерге  бөтөнчө орун  берилгендей, ал жерде эле эмес планетада да жашайт. Планеталар жерден караганда бизге чекит болуп көрүнөт. Ал эми көп чекиттердин ар жагында  китептегидей не деген сырлар катылган:

Эх, көп чекит, көп чекиттер // Сени менен жашадым.

Жалгыз сага толуп кетти    //  О, сүйгөнүм, азабың.

Түнү эстесем уйкум  келбей, //  Мен өзүмчө мазамын.

Сүйгөнүңдөн терс жооп алсаң // Эң күчтүүсү жазанын.

Айран калчу тааныгандар // Ким деп мунун сүйгөнү.

Мен го сен деп жашачумун // Унуткарып дүйнөнү.

Бакыт мага ат кой десе, // Сенин ысмың коймокмун.

Махабат деп сени атап // Алтын жазуу оймокмун.

…          …      …

Көп чекитке катып мени // Ыр жазды деп таарынба,

О, секетим сен келесиң // Миң кубулуп жаныма,

Жазгы күндөй адегенде // Жадыраттың жыргаттың.

Андан кийин аптабыңда  //  Денемди өрттөп кургаттың.

Ал себептен билсең жаным, // Калсын сырым жүрөгүмдө.

Көксөгөмүн алам го деп    //   Көңүлүмдү сүйгүзүп.

Жок, жок андай болгону жок,  // Алдым көңүл күйгүзүп.

Эми ысмың ичте калат    //       Көп чекитте жайланып.

Сүйгөндүктүн кара тагын  // Көңүлүм жүрсүн байланып.

Жатта жүрөк көп сырларын // Көзгө илешпес дүйнөнүн.

Түбөлүктүн түпкүрүнө // Көз жиберип үйрөнгүн.

– ушинтип  көп чекит  турмуш сыры экенин  билет. Поэманын биринчи  бөлүмү ушуну менен аяктайт. Экинчи бөлүм «Торгойдун толкушу» деп аталат.   Коңгуроо тилдүү торгой  эргип сайрап  көк асмандан анын  ыры таруу болуп  себеленет.  Таруу да көп чекиттин ассоциацияланган көрүнүшү.  Торгой бул  бөлүмдүн лирикалык  каарманы. Анын  денеси  өз үнүнөн эргип, шаттыкка бөлөнөт. Куштун  кооз үнү поэзияга салыштырылып кабылданат. Торгой безеленип, толкуп чыкканда көз ирмемде бүт ааламды ырга кошуп  сайрайт.  Үчүнчү бөлүм «Жандуу чекит дүйнөсүндө» аталат. Бул бөлүм лирикалык каармандын студенттик жылдары, илим-билимге кызыгуусу, замандын күүсүн  түшүнүү аракеттери. Студенттик куунак кез,  ой-кырды аралап, жерди, жаратылыш көркүн таанып,  лыжа тээп көңүл ачып, кийим тандап кийинип бой түзөп, жаштык күндөрдүн жакшы учурун жашаган студенттик курак сүрөттөлөт. Ошентип  лирикалык каарман окууну аяктап, эл мүдөөсүн аркалаган инсан болууга бел байлап, халтура ыр жазбаган  мыкты акын болуу максатын коет. Жалаң эле өз чыгармачылыгы менен алектенбестен, ал башка улуттун  акын-жазуучуларынын чыгармалары менен да кыргыз окурмандарын тааныштырган таланттуу котормочу.Анын калемине А:С.Пушкиндин, В.В.Маяковскийдин, Н.А.Некрасовдун, Л.Вознесенскийдин,Х.Алимжандын  ж.б. чыгармалары таандык.

«Космостук манифест» аттуу көлөмдүү поэмасы жамы кыргыз журтуна  дайын. Аны окуй келгенде адегенде эмикинин  сөзүбү же,  байыркынын  ырыбы деп  айтканга  барабар нукура элдик стиль, этно-тааным,  кыргыз журту сүйлөгөн салттуу стилистикага туш болобуз. Бир туруп төкмө акындын ырды куюлуштуруп  төгүп жаткан ырын уккандай  болобуз. Кайрадан туруп эле, эркин  уйкашкан ыр саптарына тушугабыз.Мисалы:

Алыс учтук аркырап,

Аймактарды тарытып.

Күн заманга чу койдук,

Ай заманды карытып.

Күлүк күчтөн аздыбы,

Күндүн жолун бастыбы?

Аргымак ат аздыбы,

Айлык жолун бастыбы?

Буудандын бугу чыккан жок,

Бурулуп ээсин жыккан жок.

Күлүктүн күүсү чыккан жок,

Күүлөнүп ээсин жыккан жок.

Кирип бардык тааныбай,

Жылдыз доорго чамынып.

Таң жолунда агылдык

Таптаза нурга чайынып.

Өлчөйт биздин мезгилди,

Ракетанын арышы.

Жаныбыздан закымдайт,

Замандардын жарышы.

…     …    …    …

Миң сезимдер зыркырады,

Миң сезимдер быркырады

Көз алдымда көк жалындай,

Жылдыз учуп шыркырады.

…      …        …     …

Таңда күйгөн оттордой

Балбылдаган замана.

Байрагыңда Марс, Чолпон

Жашылданган замана

Капкасында жаркырайт

Күн сүрөтү тартылган.

Каскасында жаркылдайт

Ай сүрөтү тартылган.

…               …            …

Кууганыма жетпесем

Куйкаланып кетейин.

Улуу күндүн жолунда

Уйпаланып кетейин. д.у.с. Аталган поэманын лирикалык  каарманы – космонавт кара жылдыз кайт десе да болбой кашайып даңкандарды жарып учуусун токтотпой улантат. Поэманын XIV главасынан баштап акын ак ырга өтөт.

Түшүмө киришет жалжылдашып

Жылдыздуу калктын сулуулары,

Түштөрүмдө канат сермеп

Мага тике  зуулдады ж.б. …

Мекенден  ракета минип жылдызга учкан каарман асмандан жерди  көрүп сыймыктанат, кубанат, куштарланат. Мен элим, силерге кайта  барыш үчүн учкам, мен турмушту, заманды, мекенди  мурда мынчалык  сүйбөгөм, менин колум ушинтип күнгө чейин сунулган, деген сыяктуу   опсуз эргүү, бийик патетика менен XXXV  бөлүмгө  чейин жетип поэма тамам болот. Дегинкиси советтик темадагы  ак ырлары, «Ленин  менен», «Комсомол тууралуу оратория», «Россия менен кезигүү», «Дүйшөнкул Шопоковдун монологу», «Юлис Фучик», «Жумушчу», «Жаз», «Күн астында жазган ыр», «Кубат сайрайт денемде», «Мына кеч кирип барат», «Күн»  деген ак ырлар акындын  жаштык кездеги чыгармаларынын жаштыгы, жаңы  ыкмада бөтөнчө  таасын, курч эмоционалдык таасир астында жазылуу менен бирге эле кыргыз ырларынын  жаңылыгы болуп кала бермекчи.

Акындын поэмаларынын ичинен «Космос манифести», уйкаш ырлар менен уйкашсыз ырлардын түзүмүнөн  куралган көркөм публицистикалык  поэма.  Андан биз  кыргыз поэзиясынын  бардык  формаларына: элдик  терме ырлардын, кошоктун кайрыктарына,төкмө акындардын чыгармаларына типтеш кайрыктарга, эпостук жана дастандык ыр саптарга, кошоктордо кездешчү ыр кайрыктары мен бирге эле эркин формадагы ак ыр түрүндөгү ыр жолдоруна кез болобуз. Поэманын  акыркы жыйынтыгы минтип аяктайт.

Жер закону карый түштү

Замандардан аттадым.

Бүт космостук закондордун

Манифестин таратып

Жар саламын бийиктерден

Жарык чачып баратып. – Поэма совет мезгилиндеги абдан актуалдуу эсептелген космос темасына арналган. Акын поэмага кыйла чоң эмгек жумшаган сыяктуу. Жаш кездеги «Чекиттер» аттуу поэмасында программа сыяктуу алдына койгон  бийик максатын акын  актады, аны ищ жүзүнө чыныгы чыгармачылык мээнети менен талыбаган аракети менен ишке ашырды.

Бүгүн мен күч толуп денеге,

Турамын ичимен жаңырып.

Кыпкызыл ыр чачам жүрөктөн,

Кыпкызыл үрөндөр жандырып.

Чарт этип жарылат анар да

Тийгенче курч бычак карс этип.

Куунаймын, эргиймин дуулдап

Кашкайып күлөмүн жарк этип.

Дем алам кеңирсип ушунча

Келгин деп баарыңды чакырам.

Сүйөмүн силерди адамдар

Жердеги жашоонун атынан.

Жалжылдайт көздөрүм ишенип

Ширелген чоң күндүн чогуна.

Жүгүрүп тосомун силерди

Кошулуп арыштайм тобуңа.

– «Шаттык» аталган ушул ырын акындын Автопортрети катары атаар элем. Акыйкатта өзүн-өзү аңдап биле албаган, өзүн баалай албаган акын акын эмес. Акын өз тагдырын, өз элинин келечегин таанып-билбей туруп акын да боло албайт. Ошондуктан  бул чыгармасы акындын  мүнөзү менен ырларынын мазмунун ырастап тургансыйт.

Р.Рыскулов ар тараптуу таланттын ээси. Ал поэзиянын бардык жанрында  мыкты  чыгармаларды жаратуу менен  Кыргыз Республикасынын, Кыргыз элинин сыймыктуу акыны деген элдин эң жогорку баасына татыктуу болгон инсан. Быйыл акындын  85 жаш курагын  куттуктай турган мааракелүү жылда  сизге чың ден соолук, бакубат карылык,  бейпил  турмашта  үй-бүлөнүн, бала-чаканын жана  кыргыз элинин   ичинде акындык мээнеттин дөөлөтүнүн ыракатына  батып дагы узак жашай бериңиз демекчимин.

 

 

Рахима Сыдыкова

филология илимдеринин кандидаты,

И.Арабаев атындагы  КМУнун профессору

 

Рахима Сыдыкова

Ностальгия

Биз карыдык  ырлар дале жаш бойдон,

Жаштык, жаштык мезгил  тишин мокотпос.

Жаңы гана жалбырактар ачылып,

Көктөм  болучу ошондо да жаз келип.

Поэзия кечесинде ыр окуп,

Гүлсара, Рамис жаркылдаган жаз болуп.

Окушту алар албууттанган ырларды,

Ойкуп-кайкып, жылдыз сымал чачылып.

Тыптынч турган  айлананы буй кылып,

Капилеттен  бүлүк салды чагылган.

Анда-санда  толкунданып кеткенде

Тойтолоктоп термелгени жарашкан.

Поэзия кечесинде ыр угуп,

Рамиске биз ошондо жолуктук.

Албууттанган ыр саптардан сүрдөнүп

Отурдук биз, албырыңкы  жүз менен

Биз карыдык ырлар калды жаш бойдон,

Поэзия кечесинде окулуп.

Кайталанып улам кайра  жаңырып.

Албууттанып, жашылданып жаз болуп.

 

Бул ыр сизге,  ойго келе калды, жазып койдум