Манас Алымбаев: Саргайган күз. Чаң аралаш ойлордон, Сага ылайык сап издешет кыялдар

Ат үстүндө толгоолор…

Атым жаңы такаландың,

Ташыркабай арышта.

Тизгиниңди токтото албай,

Карышсын кол карышса.

Өмүр бизди шаштырса да,

Биз булуттай каалгып жылып,

Бир да жолу кошулбадык жарышка.

 

Дүбүртүнө кошулсаң сен аттардын,

Дүрбөөсүнө кошулсам мен жаштардын.

Байге алмаксың сен деле,

Бай болмокмун мен деле,

Кыйын деген күлүктөр,

Сага окшогон ат эле.

Кыйын деген жигиттер,

Мага окшогон пенде эле…

Экөөбүз тең козголбогон,

Тоону көрүп суктанып.

Жашабайбыз жарышып деп,

Тынч тоолорго ыктадык.

 

Дүйнө сенин суулугуңдай,

Чайналып да, көбүрүп.

Дүйнө кыздын жоолугундай,

Бир кызарып көрүнүп.

Бир үйүрүң болгондугун,

Сен эстейсиң бышкырып.

Бир үй-бүлөм болгондугун,

Мен эстеймин үшкүрүп.

Көкүл жалың суйдаң тартып бөлүнүп,

Көздөн жашым жалың ылдый төгүлүп…

 

“Так” жаныбар, тизгиниң бер,

Чабып кайда шашайлы.

Алды жакта аска, жар бар,

Учуп кетсек кашайды.

Бир берилген бул өмүрдү,

Учкаштырбай кир көңүлдү,

Шашпай эле жашайлы…

Жай жүрсөк да акыры бир күн,

Такалабыз ошол жарга,

Жарга келип бизге жетет,

Жарышкандар, шашкандар да…

Жар кырында теңелишет,

Жай баскан да, шашкан да…

Август. 2022-ж.

Ак-Таш жайлоосу

 

Таазим сага поэзия

Төрөлгөндө ыңаалап ыргак менен,

Термелгенде бешикте “алдей” угуп.

Оозангансып арфадан апамдан мен,

Даам татпадым, Поэзия, сендей улук!

Канат тактың Дедалдай, Икар болдум,

Күнгө учтум. Кой десең, тил албагам.

Кулап түштүм деңизге… Медузанын,

Пегас уулу болорун биле албагам…

Мени сага алып келди Кудай өзү,

Таазим сага Поэзия – Кудай Сөзү!

 

Пегас ээри – Айдын үч, чалкасындай,

Колдо камчым Тор Кудай балкасындай.

Сага толбой келет, ооу!.. Ыр куржунум,

кой кайтарган Мусанын калтасындай…

Ибрагимдей алоого ыргытылбай,

Жунус сымал балыкка жутулбадым.

Бейиш сымал бактымдан куулсам да,

Шарабынан шайтандын кутулбадым…

Адам сымал адашкан күндөрүмдө,

Оо, Поэзия, сен болдуң тутунганым…

 

Кайгы билбей жаштыгым Будда сымал,

Кайра баштан кайрылып, Сүйүүдөмүн.

Кайып болбой Ыйсадай мордон көккө,

Өзүм жаккан тозокто күйүүдөмүн..

Кайласты издейм Тибеттик кечил сымал,

Кайда Парнас – эргүүсү алп чокулуу?!..

Молдо, акындын көбөйүп чалалары,

Кайран ырлар бузулду калп окулуп.

Куран өзү – эң Улуу Поэзия,

Ошон үчүн муюйбуз жалпы отуруп…

 

Байронго окшоп бутуман аксабадым,

Пушкин сымал дуелге түшүш кайдан.

Бир күн үйгө камалсам чыдамым жок,

Эркиндикти Хикметтей күтүш кайдан…

Есениндей эркелеп кетмейим бар,

Издегендер табышып “ичиш” жайдан.

Тургунбайды, Мидинди туурап жүрүп,

Туугандарга тийбеди “кипиш” пайдам…

Калп айталбайм бир сага Поэзия,

Калбайм, калбайм чын, “алып-учушмайдан”…

 

Сен жанымда бар үчүн дос да күттүм,

Көңүл айттың, канча ирет дос жоготтук.

Каламдаштар унтушуп саламдашпай,

Канча жылды экөөбүз бош короттук.

Акыл, сүйүү айтылат сени менен,

Сенсиз кимдин эстелмек керээзи, ыя?

Алыс эмес мен кетчү күнүм деле,

Жакшы сөз айт артыман – ПОЭЗИЯ…

Мени сага алып келген Кудай өзү,

Таазим сага ПОЭЗИЯ – Кудай сөзү!!!

09.07. 2022-жыл.

Чаңгет, Ак-Таш жайлоосу

 

Эфирде үн

Теминет жел жамгырды камчыланып,

Тигишинен чатырдын тамчы тамып.

Табак тосом тамчыга бала кездей,

Суукка үшүгөн мурдум “шуу” тартып алып.

 

Эски тааныш… Ыр окуйт эфирде үн,

Өткүн сымал, бир жашоо кечиргенин.

Жөө тумандай желп эткен желге айдалып,

Окшошуптур жашообуз… Кечир дедим…

 

Күңгүрөнүп сүйлөнүп, күн күлдүрөп,

Ташы отурган фонарым турду үлдүрөп.

Чокту үйлөсөм түтүнгө көзүм жаштап,

Очокто отум жашоомдой бүлбүл күйөт.

 

Эфирде үн… Эстедим. “Сүйгөм…” десе,

Эх, жаштыгым, жамгырлуу дүйнөм десең.

Чайнек дагы ишенбей бурк-бурк этет,

“Чагылгандай жаркылдап күйгөм!” десем.

 

Карагандар гүлдөдү көңүлүмдөй,

Берешен жок чынында Теңиримдей!

Өмүрүм да аялбай жашалууда,

Карызга алган бирөөнүн өмүрүндөй…

 

Ичиркенип, чатырда уйку ширин,

Иттерим сак, билишет түлкү сырын.

Жашыл талаа шуудурап бүгүн шаңдуу,

Жамгыр менен бөлүшүп түнкү сырын.

 

…Бейпил түн деп басылды эфирде үн,

Сен да аман бол, жарык кыз, кагылайын!

Жайлоо кечин каалап кой досторума,

Эртең күтүп үнүңдү дагы угайын…

14.05.2022-ж.

 

Жалгыз койчу

(Джеймс Ласттын “Жалгыз койчу” күүсүнүн таасиринде…)

 

“Карс” жөтөлүп, асман жарк-журк чүчкүрүп,

Жалгыз койчу жаанды тиктейт үшкүрүп.

Табы айныган табияттын койнунда,

Тагдырлашы – талаа, күүсү – ышкырык.

 

Ышкырыкта – жалгыздыктын кайгысы,

Койчу күүсүн коштойт шамал жай, кышы.

Таалайлашын таппай түнү калчудай,

Таягына таяп турат Айды ушу…

 

Жалгыздыкка Теңири жакын экенин

билет койчу. Сүйөт койчу мекенин!

Табияттан тамган ыйык эргүүлөр,

Кесиптеши – пайгамбардын нечени.

 

Койчу күүсүн коштоп сайрап кекилик,

Коён тыңшайт коктуларда бекинип.

Таарынычтар тарап түнкү. Таң менен,

койчу коюн, кой бөрүнү кечирип…

 

Жалгыз койчу тирүүлүктөн түңүлбөй,

Шүгүр кылат, Күндү утурлап күлүңдөй.

Чылк сорулуп, өмүрү бир күн чертилээр,

Чылымынын түтөп бүткөн күлүндөй.

 

Кокту-колот ышкырыгы жаңырып,

Козу туулса койчуга ошол – жаңылык.

Жоголгондун туяк калсын артында,

Жоготкондун жогу калсын табылып.

 

Туман тумоо тарап, токтоп үшкүрүк,

Өткүн өттү, кой козголду бышкырып.

Жалгыз койчу жалгыз аяк жол улайт,

Тагдырлашы -талаа, күүсү – ышкырык…

 

Түтүн

Аппак кыроо басып сыртта аңызды,

Малдар кепшейт чайнагансып сагызды.

Жылытсам деп бөлмөмдү да, дүйнөмдү,

Адатынча апам отун тамызды.

 

Үлбүрөгөн тирүүлүк ушу – боз түтүн,

Үлбүл жанып тутанууда меште отун.

Неге дейсиң? Үшүп келдим апама,

Үйгө от жагаар жан жок үчүн, эх, досум.

 

Барпы туулган Ачы жакты боз чалып,

Түтүнү жок, үйү музей – бош калып.

Ашыглыкты алп Апыздай жаза албай,

Мышык менен меш талашам, дос чалып.

 

Түтүнгө окшоп, кетет мага дүнүйө,

Киши кирбей түтүнү жок үйүңө.

Түтүн менен апам мени аластайт,

Чылым чегип, түтөп жатсам сүйүүмө.

 

Тааныш жолдор көз жумсам да бут көнгөн,

Көчө тааныш, ийри-буйру бүктөлгөн.

Түтөп жүрүп, өрт болгонум эстедим,

Бала кезде көргөн сырдуу түштөрдөн.

 

… Сарайды өрттөп… Эх, уулумдун жоругу ай,

Түтүндөрдөн кээде коркуп, корунам.

Түтөмөйүн күйбөйт окшойт жашоо оту,

Түтүн чыгып турсун досум моруңан!…

 

Сентябрга

Сентябрь, ийиниңди тосчу, солуктайын,

Саргайып, сен да, мен да баратабыз.

Биз качан март, апрель, майга окшоп,

Ажайып, жашыл дүйнө жаратабыз?..

 

Сентябрь, кучагың тосчу, буркурайын,

Күүлүүдө менин, сенин жалбырагың…

Тагдырдан байлык, бийлик сурабадым,

Бир гана бакыт сурап, жалдырадым…

 

А бирок, экөөбүздү эми таштап,

Турналар жылуу жакты издеп кетет.

Бул жыл да турна моюн түгөйү жок,

Кыштаарын ойлоп жүрөк, муздап кетет…

 

Төбөдөн күн куйкалап, чаңып бассаң,

Жамгырды сагындык ээ, тиктеп асман.

Чагылган кармап алып, ак жамгырды,

Кана эле, айдап сага келе жатсам…

 

Билемин, сен Сентябрь, Май эмессиң,

Билесиң, мен бир көчмөн, бай эмесмин.

Менин да ким бирөөгө баркым бардыр,

Сен деле Майга окшошпос кереметсиң!..

 

Сентябрь, биз экөөбүз саргайсак да,

Сенин да, менин дагы бышкан кезим.

Күн менен ырдан бүткөн мөмөбүздү,

Ылайым куштар жесин, жаштар жесин…

 

****

Мен “өткүндү” ак жаандан да көп көрдүм,

Кол чатырдай делбиредим шамалга.

Жазмыш суугун өтмө катар өткөрдүм,

Издеп, таппай… бир жылуулук – жан арга.

Оо, САГЫНЫЧ, сага ошого кеч келдим,

Сени да аяйм, “өткүнүңө” камалган…

 

Мөндүр ээрип, мөңкүгөн сел агызып,

Чабалактап жээктен жээкке сүрүлдүм.

Мен деңизди соолутпай жаш тамызып,

Күнүм күлгөн жашоомон көп күйүндүм.

Автобустан апам түшчү өңдөнүп,

Билбейм… азыр бала кездей сүйүндүм…

 

Өксүп жүргөн күнүңдө арга табалбай,

Көз жашыңды сүртө албадым агаңдай.

Жүзүң күнгө тотукканда кезиктим,

Түйшүгүңдөн кээде чачың таралбай.

Мен жашасам адашкан бир шамалдай,

Сен жашапсың шамал тийбес аралдай.

 

Уурдаттырган жылдарыбыз улутунуп,

Жалкып калган жүрөгүбүз ынанбай.

Биз бакытты сурансак да баарынан,

Бир Кудайдан койсок керек суранбай.

Оо, САГЫНЫЧ, жүрдүк балким ошого,

Жарты болуп, бүтүн бакыт куралбай…

 

Сагынычка

Көчөлөр боз чаң, бак-дарак жашыл,

Колтукта колуң, ийнимде башың.

Тунжурап сөзсүз, жыттайбыз жийде,

Ысытып далым, сагынычтуу жашың…

 

Көздөрдөн качып, тагабыз очки,

Элдерден качып, тособуз такси.

Ичиңде сенин жараң бар… эски..,

Ичимде менин кусам бар… эски…

 

Эркелеп шамал, күн күлөт көктөн,

Сагынычтуу бул жаз.., биз күткөн көктөм…

Аскадан боюн баратат таштап,

Жоголгон жылдар – айласыз өткөн…

 

Жарылып кетпей… жүрөктөр кагып,

Алмашкыс жылга мүнөттөр калып.

Сагынышабыз коштошчуу өңдүү,

“Селфилеп…” түшкөн сүрөттөр калып…

 

Унчукпай секин, “кечиктиң…” дедиң,

Уурдалган айлар – жылдарда  кегим.

Күнөө жок сенде.., балдарда дагы…

САГЫНЫЧЫМ менин, САГЫНЫЧЫМ менин…

 

Коштошуу

Тал-теректин чачын тарап мөндүрлөр,

Талдан тамган тамчы өбүп эрдиңден.

Итиркейи келип ички дүйнөңдүн,

Ичиркенип турганыңда келдим мен.

 

Күтүлбөгөн сулуу чыгып уяңдан,

Күпүлдөгөн сел болушат кыяндар.

Саргайган күз. Чаң аралаш ойлордон,

Сага ылайык сап издешет кыялдар.

 

Мен тирүүмдө көбүн кылдым жаралуу,

Мен өлгөндө чындап ыйлаар саналуу.

Арасында бирөө-экөө чын сыздаар,

Арасында апам калар “каралуу…”

 

А сен болсо бейитиме келе албай,

Балдарың бар…Же артыман өлө албай..

Жаздыгыңды жашырынып жаштаарсың,

Жазга чейин мен жогума көнө албай…

 

Анан жазда жашыл болуп бул аалам,

Тал да көктөйт сел күүсүнө кулаган.

Унутулат сени үшүткөн бул тагдыр,

Унутулат сени сүйгөн бир адам…

 

Манжада өмүр саналууда беш күндөн,

Бересем бар, аласам жок эч кимден.

Сага жазда өткүн сымал келдим мен,

Сенден күздө чаң аралаш… кеттим мен…

 

Мугалим

Тойдун ээси мактанды беш алганын,

Токиодо, Дубайда эс алганын.

Тост берди эле, агайы бала кездей,

Эки алганын жашырды, эки алганын.

 

“Эл уулусуң, элге баш, мыктысың!” деп,

Тост көтөрүп мактаган, эстеген көп.

Ушул бүткөн мектепте дале балдар,

Үшүп окуп жатканын эстеген жок.

 

Тойдо тоюп, “кулактан чойгонсуң” деп,

Жакасына асылды буга бири.

“Мен чойбосом, сен кайдан “чоң” болмоксуң,

Кечир!” -деди, үшкүрүп, мугалими…

 

“Мен кайтайын”, – деди да ак чач агай,

Конверт сунду: “көптөй көр, аз гана эле…”.

Окуучусу окуса үн чыгарып:

“Оку жана оку!” – деп жазган экен.

 

… “Оку.., оку!” дебесе периште эгер,

Кайдан алмак “китепти” пайгамбарлар.

“Оку.., оку!’ дебесе мугалимдер,

Кайдан бармак Ак үйгө кайран балдар…

 

Алиппесиз жаралып Адам уулу,

Айга конуп, ааламга чыга билдик.

Жандуунун бул мектеби – жаратылыш,

Жараткандын кесиби – мугалимдик!

31.01.2022-ж.