Түмөнбай Колдошов: Тазагүл Закирова жана элегия

Тазагүл Закирова жана элегия

1970-80-жылдардагы жаш акындардын арасында Тазагүл Закирова деген ысым бар эле. Ал кыргыз профессионал поэзиясындагы кыздардын катарын толуктап, түштүк тараптан чыккан туңгуч акын кыз өз стили, назик лирикасы менен коомчулукка өзүн тааныта алды. “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, киносценарист Тазагүл Закирова өз теңтуштарынан алдыга суурулуп чыгып, кыргыз профессионал поэзиясынын деңгээлинин көтөрүлүшүнө өз салымын кошту. Бардык акындар кайрылган Ата Журт, өмүр, тагдыр, сүйүү, табият, жаштык, акындык өнөрдүн түйшүгү ж.б.у.с. темаларды Т.Закирова да четтеп өтпөгөн. Албетте, өзүнөн мурункуларды кайталап эмес, тескерисинче мурда кийин укпаган же көрбөгөн салыштырууларды поэзиянын тилинде назик лирика менен айтканына күбө болобуз. Ырларындагы өзгөчөлүктөрдүн бири – бул аял затына гана тиешелүү болгон купуя сезимдерди окурман менен тең бөлүшөт. Өзүнүн ички муңун же кубанычын сыртка чыгарып, проблеманы ачык реалдуу бергенге аракеттенет.

Т.Куттубаев “Купуя сезимдеги сезимдер” деген чакан макаласында “… сүйүү ырларынын бир тобунда супсак саптар да кезигет, окшоштук, өзүн-өзү кайталоо учурайт. Уйкаштык, ыргактуулук сакталбаган, келегейирээк угулган саптар бүтүндөй жакшы бир ырды бузуп тургандай. Автор турмуштук жаштык, сүйүү темаларындагы ырларында кусаланууга, арман кылууга, сары санаа тартууга азгырылып, пессимисттик ойлорго берилип кеткен. Чыгармачылыгындагы мына ушул жагдайга көңүл буруп, пессимисттик поэзиясын өзгөртсө жакшы болчудай” [1.4] – дейт.

Т.Куттубаев “автор турмуштук жаштык, сүйүү темаларындагы ырларында кусаланууга, арман кылууга, сары санаа тартууга азгырылып, пессимисттик ойлорго берилип кеткен” – деп, белгилегени колдоого арзый турган ой. Балким, акын жеке турмушунун таасиринен улам же башка себептерден муңдуу ырларга кайрылган чыгар. Эмнеси болсо да Т.Закирова чөгүңкү маанайдагы ырлары менен атпай журтка акын катары таанылып, өз стилин тапкан. Ал эми айрым саптардагы супсактыкты, окшоштукту, өзүн-өзү кайталоолорду, уйкаштык үчүн кызмат кылган сөздөрдү атактуу акындардан дагы кездештирүүгө болот. Негизи, элегиялуу маанайдагы ырлардын жазылуусунун бир критерийи акындык жеке тагдыр таасир этерин дагы бир жолу кайталап өтүүнү туура көрүп турабыз.

“Закирова мейли турмуш, жашоо, өмүр, өксүк, сүйүнүч болсун, мейли лирика, сүйүү, элжирөө, кусалык, сагыныч болсун, ары жумшак, шашпай, даана тактылап, салыштырып, назиктик менен жүрөккө жакын кылып, поэзиялык нака тил менен эзилип жеткирет.

Ага салыштыруу мүнөздүү. Демек, лириканын күчү таланттын сезими ошол салыштыруу менен күчөп, ошол салыштыруулар адамдарды тартып, дайыма эсиңде калат эмеспи. Мен эмнеге ушуну мурда көралбагам, ушул акындай сезалбагам деген ойго алып келет…” [2.5] – деп, Т.Закировага акын Улукбек Мамытовдун баа бергени бар. Мына ушундай өзүнүн сезим козгогон ырлары менен кыргыз элегиясынын гүлдөө доорунда акын катары эмгектенүү Т.Закированын шыбагасына буйруганы үчүн ал бактылуу акын деп эсептейбиз.

Анаш Сооронбаев “Махабат дастаны же “Боз торгойдун ыры” жөнүндө” деген макаласында акындык өнөр тууралуу мындай пикирин айткан: “Акындык – бул кесип эмес. Ал жаратылыштын адамга берген табийгый шыбагасы. Инсан жарыкка келгенде шык аны менен кошо төрөлөт. Адам баласы улам өскөн сайын шык да тулку денесинде билинбей жетилип отуруп талантка айланат.

Ал эми талант табийгаты өтө назик келет. Аны бапестеп өстүрүп жетилтүү, элге кызмат кылууга жеткирүү бул же тигил талант ээсинин өзүнүн аракетине, эмгегине, ишмердигине байланыштуу болот. Мен Тазагүлдү мына ошондой таланттуу акындардын катарына кошор элем” [3.2].

Табият Т.Закировага акындык талант тартуулаган инсан. Ал ошол талантты бапестеп, өстүрүп, өз тагдырын акындыкка байлаган. Анткени, көпчүлүк акын кыздарыбыз акындыктын улуу жолунда турмуштук себептерден улам “ташыркап”, акындык талантты курчутпастан мокотуп алышканы белгилүү.

Акындын “Сагыныч ыры” деген чакан ырында муңайган уялчаак сары кыздын кусалыкка баткан сагынычын мындайча баян этет:

Кыялымда балдан таттуу сөздөрдү,

Тизе жүрөм кынтыгы жок шурудай.

Жаза келсем маани-жайы өзгөрдү,

Канча аракет күйдү чиркин курулай.

 

Дүлөй түндөр кабарыңды жеткирбейт,

Оңдой албайм көпүрөсүн мезгилдин.

Сагынч дарты унутулбайт, эскирбейт,

Жан сакчыдай бирге жүрөт кез күлгүн. [5.28]

Сырдуу сары кыздын шурудай тизип жүргөн сагынычын дүлөй түн туйбайт же кабарын сүйгөн адамына жеткирбейт. Эч кимге билинбеген таарынуу, кусалык, сагынуу кыргыз кызына тиешелүү болгон уяңдык менен өтө аяр берилген. Бул чакан ырдын формасы, тематикасы элдик чыгармаларга жакын. Мындай дегенибиздин себеби, акын кыргыз кыздарынын уяңдыгын, тарбиясын, сүйүүдөн да уят, ар-намыс өйдө турарын чагылдырган. Мисалы, кыргыздын кызы кайсы бир жигитти жактырып турса дагы ата-энесинин айтканынан чыкпаган. Сагынычын, сүйүүсүн бүт баарысын ичине катып, муңайым тартып кала берген.

Көөдөнүмдө уйгу-туйгу аздек-сыр,

Айлап-жылдап кабылдаган жарааттай.

Акын сары кыздын айлап-жылдап сезими уйгу-туйгу болсо да, жан кишиге сездирбеген, көөдөнүндө аздектеп, жашырган сыры бар экенин айтат. Бирок ал сыр ачыкка чыкпай, бир өмүр көңүлдө калып, акыры барып зилге айланды, айыкпас жараат болду.

Көңүл – бырыш, жазылбады бир өмүр,

Чоң чеңгелде мыжыгылган барактай.

Ырдын жогорудагы эки сабында лирикалык каармандын ичи ачышып, колго түшкөн куштун абалында экенин даана, сөз чебери катары салыштыруу менен сүрөттөп берген. Чоң чеңгел мыжыккан барактын абалы кандай болсо, сары кыздын сактаган сүйүүсү да дал ошондой керектен чыкты.

Бул “Сагыныч ыры” лирикалык каармандын сагынычтуу өксүүсү дейбизби, же акындын жеке тагдырына байланыштуубу, айтор, ырдын мүнөзү элегия жанрына жакын болуп, тымызын жүрөктү эзген муң-зар ырдалат. Лирикалык каармандын эч кимге байкалбаган кайгы-түйшүгү, өкүнүчү ырдалганы үчүн бул чакан ырды элегия деп атоого болот.

Акындын чыгармачылыгын бир жактуу, минордук маанайда деп баалоо туура эмес. Анткени, Т.Закированын мекенчил духтагы, оптимисттик маанайда жазылган шайыр ырларын да кезиктирүүгө болот. Ал эми биз сөз кылып жаткан темабыз элегия жанры болгондуктан акындын көбүрөөк кайгы-муң, өксүү ырларына кайрылып жатабыз.

Т.Закированын жети куплеттен турган “Күткөнгө көнө албадым өмүр бою” деген ырын талдоого алалы:

Күткөнгө көнө албадым өмүр бою,

Кырк күнү суу ичпеген инген сымал.

Жана да жалгыздыкка көнө албадым,

Жукарып араң турат пилдей чыдам.

……………………………………………………………………………………………………

Гүл өмүр Теңирим ай, кайда калды?

Күткөнүм кыял сүрбөс түркөй жанбы?!

Элүү жыл таңсык болгон сүйүүнү укпас,

Байкушпу, барпалаңдаар тойсо карды?

Бул ырында акын чөгүңкү маанай, күтүү илеби менен өзүнүн психологиялык абалынан кабар берет. Өзүнүн күткөн адамынын ким экенин билбей кабатырланып, элүү жыл күткөн сүйүүнүн кадырына жетпес, курсагы тойгонго барпалаңдаган бир түркөйбү деп ойлонот. Самап күткөнүң кадырыңа жетпесе, же бапестеп көңүл бөлбөсө андан өткөн арман барбы? Акын ой сезимин жаап жашырбай, ачык эле окурманга ашкерелейт.

Издеп да жарым кылым көнө албадым,

Көнбөдүм жалгыз кайтып көп сапардан.

Үмүттүү карай берем перрондордон,..

Көндүрүп бүтө албады ачуу арман.

Бул ырга көңүл коюп окуган ар бир окурман лирикалык каармандын жалгыздык менен өткөргөн күндөрүнөн кабардар болот. “Дегеле дүйнөлүк адабиятта, поэзияда, же улуттук адабият менен поэзиядабы, айтор, адам, инсан жалгыздыгы, анын катарында өзгөчө подтекстти камтыган аял жалгыздыгы көп ырдалат жана көп жазылат. Ал тема, кыскасы, улуттук рамкадан бийик көтөрүлгөн универсалдуу, жалпы жана орток тема. Ошондой эле назик, муңдуу темалардан. Орустарда Лев Толстойдун Анна Каренинасы, Пушкиндин Татьяна Ларинасы, Айтматовдун Жамийласы, Асели, Алиманы жан дүйнөнү чырмаган жалгыздык азабын тартышып, жан дүйнөгө таяныч, калканч, чырак жана түгөй болоор адамды таап-таппай, жоготуп, узатып, ажырашып-суушуп, жүрөк-күйүп, беден сыздап дегендей… анын айынан ар кандай окуялар менен турмуштук жагдайларга туш келишип… Койчу деги, жалгыздык темасына байланыштуу адабият жана искусство чыгармалары күчтүү, жеткиликтүү, элестүү болуп жаралары жалпыга маалым” [4.88], – дейт Айкүмүш Аксы.

Бул жалгыздык жөнүндө айтылган ой акын Т.Закированын чыгармачылыгына да тиешелүү деп ойлойбуз. Ырга кайта турган болсок, лирикалык каарман дагы эле перрондордон үмүт үзбөй жол карайт. Аны тагдыр майтара албады, балким, жүзүнөн нурун алгандыр, чачын буурул баскандыр, бирок сүйүү сезимин өчүрө албады.

Жан сыздап жылгыздыкка көнө албадым,

Кетилди текөөрүм да, текеберим!!!

Мына лирикалык каармандын жалгыздыка көнө албаган ачуу ач кыйкырыгы, тагдырына муңканып, зарлоосу. Бир өмүр өткөн бактылуу мүнөттөрдү эстеп жашоонун өзү азап, жалгыз жашап туруп, жалгыздыка көнбөө бул деген жашоо агымына каршы сүзүү. Акындын бул “Күткөнгө көнө албадым өмүр бою” деген ыры анын поэзиясындагы орчундуу орунду ээлеген элегия деп эсептейбиз.

Т.Закированын поэзиясы көп кырдуу, ар кыл сезимдерге бай, тематикасы кенен, стилдик өзгөчөлүккө ээ. Мындай дегенибиздин себеби, бир мезгилде ар бир жаштын оозунан түшпөй ырдалган “Кусалык” деген ыр болчу. Ал ырдын сөзүн Т.Закирова, обонун М.Бостонкуловдор жазышкан эле. Кыргыз элегиясынын катарын толуктаган ошол ырга назар салып көрөлү:

Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,

Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.

Өттү баары ээлеп ордун кусалык,

Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.

 

Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,

Текеберлик издеп жалаң чындыкты.

Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,

Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды.

 

Өрөөн алыс гүлгө толгон жапжашыл,

Көпөлөктөр учпай калган кышында.

Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр,

Макул болуп “тагдыр деген ушулга” [6.58].

Чындыгында Т.Закированын муңайымдуу үнү лирикалык саптардын ары жагынан билинер-билинбес угулгансыйт. Кадимки айыл кызынын алгачкы сүйүүсү, тунук махабаты чагылдырылган. Кубалашкан көпөлөк, өрөөн толгон гүл, чындыкты издеген текеберлик, кара тору кыз, буурул баскан чач, тагдыр… Булардын баары акын Т.Закированын өзүнө гана таандык болгон поэтикалык табылгасы. Бул элегиядан өрөөнү гүлгө толгон, элдери карапайым, кыздары да кара тору, ушундай бир ажайып кыргыз айылынын жыты келип турат.

Элегиянын ар бир сабы ой сезимди толкуткан ыргакка, кыялга түрткөн элестүү, ары армандуу жазылган. Кубалашкан көпөлөк деген сөз айкашы бул бир жагынан жаштыкты эске салып, өткөн балалык алтын доорду көзгө элестетсе, экинчиден өтүп жаткан убакыттын белгиси катары бир сызыкта каралган. Элегиядагы “Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо, сүйүп кеттиң кара тору бир кызды” деген эки сап чыгарманын деңгээлин бир топ бийиктетип, көркөмүн арттырган. Анткени, акын башкалар сыяктуу “сени менден баланча тартып кетти” дебестен, ал адамдын атын айтпай, аялдык адеби менен сыпаа гана сен күнөөлүүсүң деген ойду кылтыйтат. Сүйгөнүмдү баланчага тарттырып жибердим эмес, “сүйүп кеттиң кара тору бир кызды” деп өтө чебердик менен оюн бергенге жетишет. Албетте, ырды окуган ар бир адам эмне үчүн сары кыз эмес, ак жуумал да эмес, кара тору кыз экен деп ойлонсо керек. Акын өзүнө чейинки акындардын поэзиясында кездешкен сары кыз, ак жуумал кыздардан качып, айылдагы бээ саап, тандырга нан жапкан, дени сак, көңүлү куунак, куулук-шумдугу жок, бетке чабар кара тору кызды өзүнө атаандаш катары көрдү. Балким, лирикалык каарманыбыздын тагдырындагы чоң бурулушка себепкер болгон ал сулуу чын эле кара торудур, ким билет?

Акындын “Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр, макул болуп тагдыр деген ушуга” – деген акыркы эки сабы күчтүү, угуттуу чыккан. Бул саптар реалдуу турмуш чындыгын далилдейт, себеби, баары бүткөндөн кийин “тагдыр экен, көнүп кеттим, сүйүп кеттим” деп, айткандарыбыз канча, бул чындык.

Акын Т.Закированын поэзиясындагы мындай керемет саптарды окугандан соң, анын чыныгы кыргыз поэзиясындагы аялдардан чыккан элегист акын экенине ишенесиң. Жүрөктү элжиреткен албуут сезимдүү, реалдуу чындыкты ачык айта алган, назик лирикалары менен элегия жанрынын байышына, стилдик жактан өнүгүшүнө акындын салымы ат көтөргүс. Ал өзүнүн талыкпаган аракети менен поэзиянын жаңы жээктерин, кырларын тапканга жетишти. Тазагүл Закирова күнү бүгүн да өз чыгармачылыгынын үстүнөн талыкпай эмгектенүүдө, али кыргыз поэзиясында кездешпеген не бир кайталангыс укмуш ырлар, күчтүү элегиялар жазыларына ишеним артып калабыз.

Пайдаланылган адабияттар:

  1. Куттубаев Темирбек. Купуя сезимдеги сезимдер. Ленин жолу 1987-жыл, 22-август
  2. Мамытов Улукбек. Торгой ырчы табиятка күү сунат. Акыйкат жарчысы. 19.11.1994.
  3. Сооронбаев А. “Махабат дастаны же “Боз торгойдун ыры” жөнүндө”. Ош жаңырыгы 27.04.1995-жыл.
  4. Айкүмүш Аксы. С.Акматбекованын көркөм дүйнөсү. –Б.: 2004, 88-бет.
  5. Тазагүл Закирова «Ыйык шаарым». -Ош 1999-жыл, 28-бет
  6. Тазагүл Закирова «Ала Тоом – Мекеним». -Б.: 2003-жыл, 58-бет

КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Эл агартуу” илимий-педагогикалык жана методикалык журналы 2013-жыл, №1-2. 9-11-беттер.