Майрамыңыздар куттуу болсун!

Урматтуу асылзаада айымдар, майрамыңыздар куттуу болсун! 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилден куттук айтып, сиздерге бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалайбыз.

КРУЖС Башкармалыгы

Байдылда Сарногоев

Аял, аял

Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы,
Yйдүн куту, апакеси балаңдын.

Жаман дебей, жакшы дедим баарысын,
Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката,
Кекээрлебей кечирип кой анысын.

Аял, аял.., айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеген назыңа
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.

Өлүм парз го өкүмүнө көнөрмүн,
Кез жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн!

Эгемберди Эрматов

Кар лапылдайт            

Кар лапылдайт. Биз экөөбүз жолугуп
Олтурабыз тааныш кемпир үйүндө.
Тар, караңгы бөлмө. Бир аз корунуп
Колдоруңду апкелесиң мүрүмө.

Биздин турмуш башкаларга белгисиз,
Түшүнүксүз бул сыйкырдуу мамиле.
Жүрөк күсөп жүргөн күүнү чертебиз —
Кантип сыйды бул жапан күч денеге?..

Бир кезекте канат күүлөп учалбай
Калып калган арманыбыз төп келип
Шуктурабыз, пайдаланып учурдан
арабыздан далай жылды өткөрүп…

Сен баягы шыңгыраган күлкүңдү,
Ким бирөөнүн кучагында калтырып,
Токтоо тартып, ого бетер сүйкүмдүү
Көрүнөсүң. Таарын, наздан, алтыным!

Кар лапылдайт. Тааныш кемпир үйүндө
Ээн-эркин аалам менен иш болбой
Буркан-шаркан жуурулушуп сүйүүгө —
Жаңырабыз шаңдуу, бийик обондой.

Тургунбай Эргешов

Ак эмчек

Канча гана эмчек көрсөң ийиген,
Өмүр менен дүйнө деп бил — эриген.
Эң алгачкы сен оозанган ууз сүт,
Агып чыгат энелердин деминен.

Эмчектердин кымбаттыгы баарынан,
Күн сыяктуу жаралышат жаңыдан.
Анан сага азык болгон аппак сүт,
Агып чыгат апалардын канынан.

Болгон үчүн аппак сүттүн түнөгү,
Эмчек дайым аппак болуп күйөбү?
Наристеге не шооласын тамызып,
Билик болот энелердин жүрөгү.

Дүйнөдөгү эң бир бийик нерсени,
Десек болот энелердин эмчеги.
Жамандыкта жерден мурун “дүрт” этип,
Чочуп кетет энелердин эмчеги…

Мен эмчекке кайра келем жүрөк таап,
Жаткан экен жашыл күйүп жалындап.
Ийип турган ыйык эмчек болбосо,
Турмак экен өмүр муздап — бүт муздап.

Билбейт элек бул дүйнөгө келбесек,
Ырыс болгон эне сүтүн эмбесек.
Бала кезде тиштеп, тээп ойносок,
Бой жеткенде ашык кылат ак эмчек.

Сүйүнбай Эралиев

Дон-жуан

Быт-чыт үзүп ар-намыстын кишенин,
Жүрөгүмө толуп үмүт, ишеним,
Жем издеген ободогу куш болуп,
Бүгүн сенин тузагыңа түшөмүн.

Түшөм, чексиз кумарыма жеңдирип,
Малайың же кулуң болуп, чынында:
Эшигиңден отуң менен тең кирип,
Кайра тышка күлүң менен чыгууга.

Сен дегенде менде жан жок аялуу:
“Өл!”, “тирил!” де – кыңк дебестен укмакмын.
Хафиз окшоп, ыйык санап аягың,
Туфлийиңе вино куюп ичмекмин!

Таштанбек Чакиев

Бейтааныш кызга

Ээрчишип, эзилишип баратабыз,
Сыр катып, өңчөй сырлар жаратабыз.
Бир басуу бактысынан тартынчыктап,
Бутуңдан бутум барат кадам алыс!?

Ушинтип, акыл-айран, айла кетет,
О, бул күч — кыз алдында кайда кетет?!
Бута атым алыстаймын бир кылчайсаң,
Кызарып, бетим дуулдап, бутум сенек!

Кызбурак, кагылайын, кызгалдагым,
Агаңдын абалы ушул — кызга жакын?!
Эс кирип, картайганда эм болсун — деп,
Элесиң уурдап алып, ырга салдым.

Кызбурак, кайда болбо аман жүргүн!
Эсиңде калар, балким, калбас бул күн?!
Кызбурак эсен-аман жүрсө экен-деп,
Токудум жебесинен ырды күндүн.

Эрнис Турсунов

Уктап жаткан селкиге

Аруу селки бал уйкуга батканда,
Ай шооласы жүзүн сылап жатканда,
Куп жанына шырп алдырбай бардым да,
Кумар күйдү жүзүмүнөн татканда.

Карап калдым батына албай дал болуп,
Калбадым мен эмнеликтен ай болуп?
Жатпайт белем алкымынан аймалап,
Жаздыгына жылуу-жумшак жай болуп.

Тирүүлүктүн тим өткөрүп бир түнүн,
Тилден калган мен бир ууру түлкүмүн.
Тийгим келбей мөлтүрөгөн жүзүмгө,
Тиктеп турдум ак түн эмген кирпигин.

Сүйгөндүктөн сулуулугун аялдын,
Сүттөй адал жан болууга даярмын.