Акын Т.Нурманбетовдун чыгармачылык кечеси өтөт

ЭлТР МТРКсы акын, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тынчтыкбек Нурманбетовдун чыгармачылык кечесин өткөрөт. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтө турчу кече ЭлТР МТРКсынын “Мени издесең ырларымдан табасың” аттуу теледолбоорунун алкагында уюштурулууда. Долбоордун жетекчиси Айбек Асанбек уулу. Аталган чыгармачылык кече 10-мартта саат 14:00дө башталат. Акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү, жаш таланттар менен бирге автордун ырларын аткарып жүргөн ырчылар катышат. Ыр күйөрмандары үчүн эшик ачык. Келип күбө болуп кетиңиздер!

Аял

Бириңден калып көңүлүм,

Бириңе турам арбалып.

Бириңе сайып өмүрүм,

Бириңе калдым алданып.

 

Азапты бириң тарттырып,

Агарттың кара чачымды.

А бириң дилим тазартып,

Көтөрүп койдуң баркымды.

 

Бириңе болсом кадырсыз,

Бириңе суудай керекмин.

Бириңе кыйбас жанкүйөр,

Бириңе күйбөс мерезмин.

 

Ата

Жүрөгүм дагы сайгылашат,

Чабалактайм көрүнүп көзгө жаным,

Демейдеги нес уйку кайда качат?

Иш үстүндө кайра-кайра мүргүтүп,

Шаштымды алган менин дайым.

 

Жаңы уктаган жан кызымдын,

Уурту бүлк-бүлк этет.

“Түгөнсө эгер капилеттен

Ичээр суум, татар наарым,

түгөнгүр, тороло элек кызым кантет?” –

деген бир күтүлбөгөн күдүк ойго,

Ого бетер туталанып тынчым кетет.

 

Тилеймин бир Теңирден

(мен деле пендемин да)

Бергин деп түйшүк түмөн,

Гөртирлик абыгерин көтөрөйүн.

Бир кыңк этпей баарына макулмун мен.

А бирок эч акым жок эрте өлүүгө,

Анткени уул-кызга атамын мен.

 

Ушул ойго кайра шерденип,

Жанымдын кыйналганын унуткарып.

Күндөгүдөн кызматка эрте барып

Иштей баштайм күжүлдөп шымаланып.

Эл ичинде эсен жүрүп бакубат,

Ата болуу балага кандай бакыт!

Тарткан азап унут калып.

 

Азап

Жанга баткан азабым,

Жазган сырым казалым.

Жан бүткөндүн баарысы,

Жандын тартат азабын.

 

Аалам жок азап тартпаган,

Адам жок жаза баспаган.

Барга, жокко белди байлап,

Аттадым азап астанаң.

 

Азсам да азап айынан,

Бармактай бала чагыман.

Азапка жакын жан болдум,

Ал деле балким багымдан.

 

*****

Азап менен алпурушуп келемин,

Кээде азапка жеңилемин, жеңемин.

Ашка салган татым туздай – азапка,

Ач болсом да, ток болсом да көнөмүн.

 

Алмустактан азап тартып кайкалап,

Ийин талып, көз чекчейип канталап.

Адам, азап бир жаралган турбайбы,

Кутулам деп култуңда, же жанталаш…