Бороондо буюккандар (аңгеме) Ал жолдун боюнда турган экен. Кол көтөрөр замат так тушуна барып токтодум. Аксакал киши экен, алып алайын. Анан калса, узак жолго кобурашып кеткенге шеригиң болгону жакшы да. -Аба, каякка барасыз?-дедим эшикти ачып. -Шаарга. -Отуруңуз. Пайгамбар жашындагы чокчо сакал киши шашпай басып келип, менин жанымдагы орундуктан жай алды. Мен газды бастым, машина сызып жөнөдү. Эрте жаз. Ар кайсыл тамдын алдында кишилер эки-үчтөн болуп күнөстөп отурушат. Бирөө тамга жөлөнүү шатыга отуруп алыптыр. Биз али бир чакырым да узай электе жолдон жыйырма жаштардагы дагы бир жигит кол көтөрдү. -Бул да толугу менен…..