Мамат Сабыров: Бороондо буюккандар

Бороондо буюккандар

(аңгеме)

Ал жолдун боюнда турган экен. Кол көтөрөр замат так тушуна барып токтодум. Аксакал киши экен, алып алайын. Анан калса, узак жолго кобурашып кеткенге шеригиң болгону жакшы да.

-Аба, каякка барасыз?-дедим эшикти ачып.

-Шаарга.

-Отуруңуз.

Пайгамбар жашындагы чокчо сакал киши шашпай басып келип, менин жанымдагы орундуктан жай алды. Мен газды бастым, машина сызып жөнөдү. Эрте жаз. Ар кайсыл тамдын алдында кишилер эки-үчтөн болуп күнөстөп отурушат. Бирөө тамга жөлөнүү шатыга отуруп алыптыр.

Биз али бир чакырым да узай электе жолдон жыйырма жаштардагы дагы бир жигит кол көтөрдү.

-Бул да шаарга барат болуш керек. Алып ал – деди жанагы аксакал. -Же башка киши албайсыңбы?

-Алсам деле болот. Арткы орундуктар бош эле да.

Эми үчөө болуп, жолду уладык. Аксакал ачык мүнөз, шайдоот киши экен. Жакында эле Казакстанда жашаган кызыныкына конокко барып келгенин саймедиреп кирди.

-“Ак илбирстин тукумундагы” Доктурбек казактын киносуна каскадер болуп тартылып атыптыр. Казактар аны Доха деп коюшат экен. Таанышып, бир топко чейин сүйлөшүп турдук. Экөөбүз курдаш экенбиз. Аны билгенден кийин картайгым келбей калды. Кемпирим “картайдың” десе эле картайып алыпмын да…

Баарыбыз күлүп калдык.

Мен билгенден Догдурбек Кыдыралиев элүү төртүнчү жылкы болсо керек эле. Экөө теңтуш болсо, анда, бул аксакал алтымыш беш, алтымыш алтыларда экен деп ойлоп койдум.

Токойду аралап кеткен жол Үч-Кошой суусундагы көпүрөдөн өткөн соң чоң трассага  барып кошулду. Мен сол жакка бурулуп, шаарды көздөй бет алдым.

-Өңүң бейтааныш, мейманчылап келген жигит окшойсуң?-деди бир маалда тиги аксакал.

-Ооба. Кайын журтка келгем. Аралга күйөө бала болом.

-Аа жакшы. Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр дейт. Биздин таластыктар өзгөчө сыйлашат. Бактылуу болгула, айланайындар!

-Рахмат, аба!

Ошол бойдон бир топко чейин унчукпай бардык.

-Бая бир жылдары Чөңөр деген ашууга жол салынды деп жатышты эле. Ал кайсыл жерде?

-Жана биз Үч-Эмчектин тушунан өтпөдүкпү? Ошол айылдан башталып, Казакстандын Лувогойуна түшөт.

-Иштейби азыр ал жол?

-Жаңы бүткөндө үч-төрт жылдай иштеген. Анда деле жүк ташыган чоң машинелер жүрчү. Илгерки атчан кишилер каттачу эски жолду эле бульдозер менен тегиздемиш болуп коюшкан да. Анан каралбай калды. Ар кайсыл жерин жазында жамгыр жууп, сел алып, азыр грузовик машине деле жүрө албайт. Мал айдаган уурулар эле жүрбөсө… Ал өзү планы жок, сметасы жок салынган жол болчу да. Жолчубек оңбогур губернатор болор замат кайра-кайра марафон өткөрүп, “Чөңөргө жол салам, Жамбулду айланып отурбай, кыска жолдо жыргап каласыңар” деп оолугуп калды. Эл байкуш анын сөзүнө ишенип, акчасын акчадай, коюн койдой жыйнап бердик. Жолчубек болсо акчаны жыйды да чөнтөккө салган бойдон көлгө кете берди.

-Ошондо азыр ал жол менен эч ким жүрбөйбү?

-Айттым го. Ууру-кески, анан бирин-экин жан кечтилер эле жүрбөсө… Айрыкча баякы жылы Молдокмат суукка тоңуп өлгөндөн кийин эч ким аякка баспай калган.

-Молдокмат ким эле? Ал да уурубу?

-Жок. Ишкер болчу. Бул жактан мал сатып алып, казак досторуна өткөрүп келчү. Ошол күнү да шериги экөө Луговойго жылкыны ашырып, кайра келатканда күрткүдөн аттары жүрбөй калган го. Таза баспай коюптур. Өздөрү ашып кетебиз деп жыла беришкен го ат баспай калгандан кийин. Бирок, бороон күчөп, бет алдынан шамал согуп, тиги шериги да баса албай калганда бир чоң ташты далдалап отурушкан окшойт. Экөө тең ошол жерде тоңуп калыптыр. Сөөгүн бир жума издешти. Шамал үстүнө карды үйүп салган да. Издеп баргандар өздөрү да ушул ченде болсо керек деп аттын тегерегин айлана  беришкен. Бир жумадан кийин гана таап атышпайбы. Үйүлгөн кар бир аз эрий түшкөндө бутунун учу көрүнүп калыптыр. Молдокмат бүт кийимин тиги шеригине ороп салыптыр дейт. Өзү жемпирчен эле калган. Тиги бала тоңуп баштаганда улам бир кийимин чечип кийгизе берген, кийгизе берген… Таза болбой калганда жылытам деп үстүнөн кучактап жаткан да. Ошо кучактаган боюнча өлүптүр.

-Аттарычы?

-Ат жаныбар суукка чыдайт экен. Өлбөптүр. Бирок, баса албай калыптыр, араң жетелеп келдик деп атышкан? Ошондойбу?

Аксакал кылчайып, артта отурган жигитке суроо салды. Жигит ооба дегендей баш ийкеди.

-От жагышпаптырбы?

-Молдокмат байкуштун ширенкеси деле жок болсо керек. Тамеки тартпаган спортсмен жигит болчу да.

-Луговойдон Үч-Эмчекке чейин канча чакырым?

-Чакырымын билбейм. Бирок, жөө жүргөндө бир суткалык жол. Калдаңбай аттуу жигит “жети уйду бир суткада айдап келдим” деп калчу. Кийин билинди. Уурдап келиптир. Жетөөн тең жолдун боюндагы картаң өрүктүн түбүнө сойгон экен, кезүүнүн уйлары бир айга чейин эртең менен ары өткөндө да, кечинде бери өткөндө да кадимкидей өкүрүп жүрүшпөдүбү. Ошол картаң өрүктүн тушуна жеткенде эле жер чапчып, жапырт мөөрөп калышат. Катын-калач “өш эле өш, өлөт алгыр!”-деп чапса да болбой өкүрүшөт. Уй жаныбар он беш, жыйырма метр жерден кандын жытын сезет экен. “Бир уйдун мүйүзү сынса, жүз уйдуку зыркырайт” деген сөз бекеринен айтылбаптыр.

Макулук болсо да мал тукумунун адам сыяктуу боорун жоктоп, өкүргөнү таң калыштуу экен. Бирок, бул саам мени жанагы Чөңөрдүн белинде тоңуп калган кишинин окуясы көбүрөөк ойлондуруп  атты.

-Жанындагы жигит уулу беле?

-Жок.

-Анда, тууганыбы?

-Тууганы деле эмес, жөн гана бирге бизнес жасаган шериги болчу.

Муну укканда кызыгуум ого бетер күчөдү. Өз уулу же жакыны болбосо… Студент кезде жазуучу Эдгар Понун бир аңгемесин окудум эле. Ошол чыгармада  эки бир тууган сууга чөгүп кете турган болгондо агасы өзү аман калыш үчүн инисинен мачтанын туткасын талашканы, андан соң иниси агасын эмне болсоң ошо бол деп таштап салып, өз жанын куткарып кеткени сүрөттөлөт. Ошол чыгарманын таасири менен мен баары өлүмдөн коркот, ажал жакалап келгенде ар кандай адам өзү аман калыш үчүн жанталашат, жанындагы жакын кишисин курмандыкка чалгандан да кайра тартпайт тура  деп ойлоп жүргөм.

Ошону айтып берсем аксакал мени таңгала карап калды.

-Уулум, канча жаштасың?

-Быйыл күзүндө отузга чыгам.

Аксакал “түшүнүктүү” дегендей башын ийкеди.

-Ал жазуучуң катуу жаңылышат. Же ал жазган каармандар өзүмчүл окшойт. Же болбосо, күтүүсүз келген коркунучтан эс-акылын жоготуп, келесоо болуп калышса керек. Ар ким өзүнүн кара жанынын эле камын көрүп, ар ким өзүм өлбөйүн дей берсе… Өзүм десе Чолпонбай төшүн дзотко тоспойт эле да. Мен өлсөм мейли, башкалар өлбөсүн деген адамдар бар үчүн жашоо уланып келатат.

Аксакал бир саам унчукпай калды.

-Ар бир башта бир өлүм, ажалга тике караш керек. Аскерде жүргөндө сузактык Малик аттуу балбан досум бар эле, ошол айтчу. “Жигит март өлүш керек” дечү. Анын сыңарындай, март өлүш керек да.

Ошол бойдон ар кимибиз өз оюбуз менен алек болуп, сүйлөшкөн жокпуз. Арттагы жигит Новопавловкадан түшүп калды. Тиги аксакал болсо Дордой моторстон токтотууну суранды. Түшүп баратып 500 сом сунду эле алган жокмун.

-Рахмат, уулум -деди аксакал.- Өмүрлүү бол!

-Аябай муңдуу аңгеме айтып, жан дүйнөмдү аңтар-теңтер кылып ийдиңиз. Ошон үчүн кайра мен сизге ырахмат айтышым керек. Молдокмат азамат киши экен! Баса, анын балдары барбы? Ошондой адамдын балдары кандай болду экен деп кызыгып калдым.

-Ка-ап, жанараак сурасаң болбойт беле. Уулу биз менен кошо отуруп келбедиби.

-Кандайча? Ошол уулубу?.. Экөөбүз атасын ошончо сөз кылып келсек бир ооз унчукпады го?

-Атанын уулу да…

Мамат Сабыров