***** Эрким болсо, мында келмек эмесмин, Кетүүгө да жолду бермек эмесмин. Төрөлүүнү, өлүүнү да жоймокмун, Кереги не? Оюн, эрмек эмесмин. ***** Чөйчөгүмө эңкейгендей карапа, Мээрим чачат асман жерге карата. Бирок андан жаабай жүзүм ширеси, Кан оргуштайт жүрөгүмдү каната. ***** Миң жашап да жашка адам тойбогон, Соңу анын – өлүм тирүү койбогон. Хан, кедейдин бирдей кылып катарын, Алып тынып, кимди гана сойбогон. ***** Бул кооз дүйнө мени мында азгырып, Жайгаштырды көрк, жытына мас кылып. Соолтуп бирок мүрөк суунун булагын, Сызга анан олтургузат таз кылып. ***** Акыл жетпейт, толугу менен…..
Tag: Хайям
Омар Хайям: Рубаилер
Рубаилер ***** Окуйм ушул дүйнөдө мен – жалганда, Турмуш катаал, мугалимим андан да. Карысам да шакиртимин турмуштун, Али эрте устат наамын алганга. ***** Ай-ааламдын түбү кайда? Табыштап Чечкиле – деп Кудай берген табышмак. Акылмандар түрлүү оюн айтышып Адашууда. Кайдан сырды табышмак? ***** Чаң сапырган балага сен бакырба, Мындай дегин, салып аны акылга: “Алдагы чаң – Кей-Кубаддын жүрөгү, Күлүн балам, Парвиз хандын сапырба!” ***** Буга чейин өттү айдын нечени, Кайтпас болду акылманы, чечени. Таманыбыз басып жаткан топурак, Сулуу кыздын карегидир кечеги. ***** Тагдыр күчтүү, аны эч ким толугу менен…..