Казак акыны Маржан Ершунун чыгармачылык кечеси өтөт

2020-жылдын 4-март күнү, саат 15.00 дө Бишкектеги “Манас” жана Ч.Айтматов атындагы Улуттук академиясында Казакстан жана Кыргызстандын элчиликтеринин, ТҮРКСОЙ Эл аралык маданий Ассоциациясынын, Кыргызстан менен Казакстандын жазуучулар Союзунун, “Манас” жана Ч.Айтматов атындагы Улуттук Академиянын, Атырау областтык акимиатынын  колдоосунда – акын-котормочу, филология илимдеринин кандидаты Маржан Ершунун  “Жүрөгүм” аттуу кыргыз тилинде чыккан ыр китебинин тушоо кесери жана жалпы чыгармачылыгына арналган адабий кечеси өтөт. Китепти казак тилинен кыргыздын белгилүү акыны – Алтынай Темирова которгон. (!!!)

Тушоо кесерге кыргыз-казак акын-жазуучуларынан: Төлөгөн Мамеев, Гүлсайра Момунова, Асан Жакшылыков, Маркабай Ааматов, Меңди Мамазаирова, Баяс Турал, Мая Осмонкулова, адабий сынчы Анар Кабдуллина, поэтесса Гүлзада Ниеткалиева жана да белгилүү котормочу, акын жана драматург – Алтынай Темирова катышат. Поэзия кечени Кыргыз жана Казак Республикаларынын Эмгек сиңирген артисти, Кыргызстандын Эл артисти, ырчы – Саламат Садыкова, Казакстандын Эмгек сиңирген артисти, ырчы – Сауле Жанпеисова жана  “Аманат Мюзик” көркөм мектебинин окуучулары, Н. Жантурин атындагы Атырау филармониясынын артисттери коштойт.

Программанын алкагында Атырау областтык Г.Сланов атындагы  универсалдык илимий китепканасы менен Атырау областтык тарыхый-өлкө таануу музейинин биргелешкен “ЖАЙЫКТЫН  ЫР  МАРЖАНЫ” аттуу, акын-жердешинин  китеп көргөзмөсүнүн  ачылуу аземи болот.

МАРЖАН  ЕРШУ (АЙЕК) Казакстан Жазуучулар Союзу менен Евразия жазуучулар Союзунун (Түркия) мүчөсү. Филология илимдеринин кандидаты, Мамлекеттик стипендиянын, Эл аралык Чабыт чыгармачыл жаштар фестивалынын Гран При ээси. Түрк тилдүү элдердин поэзия фестивалынын жеңүүчүсү, Казак Республикасынын  “Маданиятынын мыкты кызматкери”.

М.Ершу Атырау областынын Жылой районунун Аккийизтогай айылында жарык дүйнөгө келген. Х.Досмухамбетов атындагы  Атырау мамлекеттик университетинин филология бөлүмүн, Аль-Фараби атындагы КазМУУнун аспирантурасын бүтүргөн.

Атырау шаарынын Гимнинин сөзүн жазганы жана жалпы чыгармачылыгындагы ийгиликтери үчүн “Жылдын мыкты акыны” жана “Жыл адамы” аталган. Акын “Айек” псевдоними менен бир нече китеп чыгарган, алар: “Даркан өмүр, ыр жүрөк” (“Дарига гумыр, жыр жүрек”), “Таңкы шык”, “Жалбырак – өмүр”, “Чырак”, “Пырак”, “Ерик Курмангалиев”, “Ороз бий”, “Аламан”.

Котормолору: Орхан Памуктун “Сезимдер музейи” романы, “Китепкана педагогикасынан: “Жомок – терапия”, Махмуд Каянын “Кожо Насреддиндин ыры” китептери Казакстанда эле эмес, Түркияда, ж.б. өлкөлөрдө да кеңири белгилүү. Акын катары татар акындарынан Габдулла Тукай, Фзулини, ногой акыны Кадрия Темирболатованы жана Ашык Вейсел, Жахыт Сытхы Таранжы, ж.б. акындарды которгон. Мистико-драмалык драмасы “Дина”, тарыхый драмасы “Исатай-Махамбет” жана музыкалык драмасы “Айш“бүбү” чыгармасы бар. Маржан Ершу, мындан башка дагы көптөгөн илимий-таанымдык макалалардын автору.