Акжол Доранбек уулу: Калемдештен пикир

Калемдештен пикир

2010-жылдан бери тарта адабий чөйрөгө аралаша баштаган жаш калемгерлердин өз окурмандарын таап, өздүк чыгармачылык духун шыктандырууга социалдык тармактардын кенен жайылышы бир топ пайдасы тийди десек болот. Азыркы учурда адабият сүйүүчүлөрүнө, адабий чөйрөгө таанылган жаш калемгерлердин таанымал болушуна да дал ушул социалдык тармактардын таасири күч болду. Социалдык тармактар маалыматтык майдандын эле эмес, адабий майдандын очогуна айланып баратат. Менин жеке оюмда, мындай шарттын түзүлүшү бир четинен жаш чыгып келе жаткан калемгерлердин демине дем кошуп, жаштардан турган топтордун түзүлүшүнө, чыгармачылык атаандаштыктын өрчүшүнө жакшы түрткү болду дегенибиз менен, экинчи тарабынан ушул келе жаткан чыгармачыл муундун башаламандыгына да айланды. Чыгармалардын кайсынысы чыныгы мыкты, кайсынысы ортозар, кайсынысы начар экендиги даана көрүнбөй эле аралашып жатып калды. Аз, анан да саз жазган, чектелүү тематикага байланбаган, көркөм деңгээли мыкты чыгармаларды сунуштаган калемгерлер бааланбастан, күндаректик (календардык) чыгармаларды жаза калып, эл назарына түшө калган калемгерлердин аудиториясы кеңейип бараткандыгы коомчулуктун адабий табитинин башка нукка бурулуп бараткандыгын айгинелейт. Кантсе да, чыгармачыл жол – бул жүрүш тилкеси сыяктуу, күлүктүн күлүктүгү маарага жеткенде байкалар…

Ырысгүл Изатова – азыркы кыргыз жаш акындарынын катарын ишенимдүү толуктап келаткан мыкты калемдештерибиздин бири. Өзүнүн мүнөзү сыртынан шайыр болгону менен  “Жашымдан жолдоштой муң мага/ Жолумдан адашкам мурда да./Булуттай буркурап ыйласам,/Бугумду бөлүшөт ыр гана” деп ырында айтып жаткандай, негедир чыгармаларынын баары эле  муңдуу обондун ыргагын коштойт. Чыгарма тагдырды чагылдырат эмеспи. Сыртынан сыр алдырбаса да чыгармаларында өзүн-өзү ачып, муң-арызын ырга айлантат.

Ырысгүлдүн ырларынын дээрлик 99% сүйүү жөнүндө. Анын артыкчылыгы сөз башында белгилеп өткөндөй, белгилүү тематикалык, принциптик чектерге сыйбастан, өзүнүн дүйнөсү кандай болсо  ошондой кылып ачып, дилиндеги нукура чындыгын, сезимин окурманга так, даана  көркөм сүрөт жана жумшак ыргак менен ачык, даана баяндап берет. Көпчүлүк жаш калемгерлердин сүйүү ырларын топтоштуруп окуй келсең, алардын лирикалык каарманы ким экенин, канча кишини сүйүп, ал кайсы сүйгөнүнө арналганын айырмалай билбейсиң. А Ырысгүлдө андай эмес,  ырларын жалпылай окуп келсең, лирикалык каарманы да даана билинип турат. Ырларында аруу сезимге чалдыкканын, махабаты жооптуу болгону менен тагдыр жолу бир болбогондугун, кантсе да аруу сезимди таза бойдон сактагысы келгенин, ашыгына бакыт каалаганын, өзү да аялдык бакыт күткөндүгүн, тагдырына нааразы эместигин айтат. Бардык эле адам, (ал тургай чыгармачыл адамдар) болгондо да аялзаты сезимин, сүйүү хроникасын жалпы коомчулукка болгонун болгондой ачып, махабаттын улуулугун

…Койсо эгер тагдыр менин эркиме,

Келээр эле азыр сизге жолуккум…

 

Жашоо токтоп калмайынча иш бүтпөйт,

“Жолугалы?”- деп койсоңуз болгону.

 

…Бирикпесин билсек дагы тагдырдын,

Бул жашоодо биз эмнеге жолуктук?

 

Жашайттырсыз менсиз деле бактылуу,

Жарыңызды уккан элем жакшы деп.

 

Бел байлап турсам да бакытка,

Бардыгы бизге эми чектелүү.

 

Жашаймын күтүүдөн тажабай,

Жолубуз тосулуу а бирок.

Арманын айтып келип:

Жолумду тескеп көптөр сындаганда,

Жүрөккө арман, ызаам сыйбаганда,

Жолуккум келип кетет ким бирөөгө,

Жөн гана башым жөлөп ыйлаганга…

деп, чыныгы аялдык бакытты көксөгөндүгүн, кыйын кезеңде жөлөк болуп, сүйүнүчтүн даамын чогуу тата турчу жан шеригин табалбай жүргөндүгүн, бирок анткени менен кайра адашып калуудан чочулап, эки анжы тургандыгын кайра ырастайт.

Энчиленген буйрук балким ушул деп,

Эмнегедир жалгыздыкты эп көрөм.

Ал эми Ырысгүлдүн чакан чыгармачылык жолундагы менин түшүнүгүмдөгү кемчиликтери төмөндөгүчө:

  1. Профессионал акын болом – деп умтулуп жүрүп өзү мыкты санаган, ачыгында ушулардай болууну каалап, кумир туткан акын-жазуучулардын таасирине кирип кеткендиги: Азыркы учурда белгилүү, мыкты акын-эжейлерибиздин таасирине калып жаткандыгы менен түшүндүрсө болот (мисал келтирбейин, салыштырып көрсөңөр болот).
  2. Чыгармада оригиналдуу стилди, өзүнчө бир боёкторду, гениалдуу дебейин, мыкты, өзгөчө ойлорду жетишерлик деңгээлде бере албагандыгы: Мындайга Ырысгүлдүн чама-чаркы жетерине ишенем. Болгону чыгармачылык менен эмес, башка иштер менен алектенип жүргөндүгүнүн таасири болушу мүмкүн;
  3. Аз, анан да саз жазып, ырларынын үстүнөн иштесем деп, болушунча ылгап, иргеп отуруп ырдын анык ширесин күүп салып жаткандай туюлат (кийимди көркөмүнө келиштирем деп, ашыкча кескилеп алган сыяктуу).

Мындай кемчиликтерди моюнга алгыбыз келбегени менен ырдан бакыт табам деп оолугуп, азап тапкан азыркы учурдагы биздей калемгерлердин баш оорусу болсо керек. Ырысгүлдүн чыгармачылыктагы бийиктиги дагы алдыда деп ойлойм.

Ооба, аялзаты сезимдик, эмоциялык ырларды жазууга мыкты келишет. Алардын артыкчылыгы – сезим менен ойногон, бир учурда күчтүү, бир учурда алсыз көрүнгөн эки анжы болгон абалды ушунчалык чеберчилик менен бере алгандыгында болсо керек. Ырысгүлдө мыкты акын болуп жетилүүгө керектүү талант, тиешелүү шык-жөндөм бар экендигинде кыпындай да шегим жок. Мен эле эмес, көпчүлүк ыр сүйүүчүлөрүнүн, адабий чөйрөнүн Ырысгүлдөн үмүтү зор экендигин баса белгилегим келет.

Бул пикирлерди Ырысгүлдүн калемдеши, досу катарында айтып олтурам. Биз, жаш калемгерлер ооруган оорудан айыгып топ жарган, чыгармачылык бийиктикке ийгиликтүү жетишин каалайм!

Ырысгүл азыркы жаш акындардын топ башында келе жаткандарды бири. Классик акындардын топ башына чыгышына тилектешмин. Ак жол!

Доранбек уулу Акжол, жаш акын