Акжол Доранбек уулу: Калемдештен пикир

Калемдештен пикир 2010-жылдан бери тарта адабий чөйрөгө аралаша баштаган жаш калемгерлердин өз окурмандарын таап, өздүк чыгармачылык духун шыктандырууга социалдык тармактардын кенен жайылышы бир топ пайдасы тийди десек болот. Азыркы учурда адабият сүйүүчүлөрүнө, адабий чөйрөгө таанылган жаш калемгерлердин таанымал болушуна да дал ушул социалдык тармактардын таасири күч болду. Социалдык тармактар маалыматтык майдандын эле эмес, адабий майдандын очогуна айланып баратат. Менин жеке оюмда, мындай шарттын түзүлүшү бир четинен жаш чыгып келе жаткан калемгерлердин демине дем кошуп, жаштардан турган топтордун түзүлүшүнө, чыгармачылык атаандаштыктын өрчүшүнө жакшы түрткү болду дегенибиз менен, экинчи тарабынан ушул келе толугу менен…..