Керимбек Кадыракунов: Алыс, алыс, алыс жакта айыл бар, Шаңын эстеп тынчым кетер жайым бар.

******

Кирпигимди көтөргүчө үңүлүп,

Көздөн кайым тоону көздөй жүгүрүп.

Адаштырып кетти ээрчитпей

келген жаз,

Жашыл көктөм жатып калды түңүлүп.

 

Жаз жыттанган жашыл көктөм

жел өпкөн,

үмүт үзбөйт жазым кайра келеттен.

Жооп күтүп жол тосууга барчудай,

Жоогазындар жайнайт сары желекчен.

 

Билбейм канча өттү ортодо аралык,

Барган сайын муздак желге таранып.

Жайда жашыл дан байлаган карагат,

Жол кароодон кетти көзү карарып.

 

Ойлор келет кээде мага чаржайыт,

Маңыроодой маани берсем барбы айып.

Жашыл көктөм күздөн эмес, а балким,

Жазды күтүп кетет белем саргайып.

 

Сагындырсын, мейли сапар узасын,

Ынагынын ырбаттырып кусасын.

Бирок тагдыр тарттырбасын эч кимге,

Келбей койчу күттүрүүнүн ызасын.

 

Алыс жакта айыл бар

Алыс, алыс, алыс жакта айыл бар,

Шаңын эстеп тынчым кетер жайым бар.

Жеңил желпип желе жорткон жел менен,

Айдын нурун чертип ойнойт кайыңдар.

 

Көрдүң бекен түн чайыттай болгонун,

Көмкөрүлгөн көккө жылдыз толгонун.

Жылып жүргөн жылдыздардын кыймылы,

Бөжүп өткөн жүрүшүндөй жоргонун.

 

Оо, ал жердин керемети башкада,

Таазим кылам таман тийген ташка да.

Карагайдын салаасынан кыраңда,

Таңдар атат туптунук да, кашка да.

 

Күн чыккыча көз карегин жибергин,

Шүүдүрүмдөн шөкүлөсү шибердин.

Татымында табияттын сыры бар,

Тартуу кылаар күч-кубатын миң эрдин.

 

Түш оодарып түсүн боёп бөлөкчө,

Күү-күү эткен добуш берип жел өтсө.

Аскалар бар атырылган фонтандай,

Тутумунан турган өңдүү жөлөп дөө.

 

Мөл булакка булут жетпес, дайым зар,

Мончок чайкайт мөлтүрөгөн айымдар.

Капка сындуу карегимде катылуу,

Алыс, алыс, алыс жакта айыл бар.

 

Скверде

Көктөм алсыз желбүүрүнү дилдирек,

Көккө умтулуп гүл таажысы үлбүрөк.

Скверде саймаланган сансыз гүл,

Тураар эле күн чубактап үргүлөп.

 

Башын ийип бариктерин ыргашып,

Мажүрүм тал жакын келет сырга ашык.

Фонтан урган шапаталуу чөйрөдөн,

Жан дүйнөмдө жаралчу эле ырга шык.

 

Дүркүрөгөн дүйүм бакты айланып,

Түркүн куштар түнөк кылчу байыр алып.

Учагы көп аэропорттой сезилчү,

Бири консо, бири кезекти кайра алып.

 

Эл кылактап эргип, сайран курушчу,

Көркөмүнө көбү көңүл бурушчу.

Арча жыттуу скверди аралап,

Абасынан арууланып турушчу.

 

Кыш ызгаары

Түнү бою таш күйгүзгөн бурганак,

Талаа, түздө чабагандайт куржалак.

Ай нурунун айдыңында Аяз кыз,

Ак жоолугун жүргөн өңдүү булгалап.

 

Кар тозоңу кайдан, жайдан куралып,

Сапырылат куюн болуп буралып.

Көз ирмемде тиги кырдан бу кырга,

Кыш ызгаары каптап кетти – бул анык.

 

Тоо башылап кар катмары калыңдай,

Кыркаар тартат ажыдаардын жалындай.

Түнөгү жок үкү түндөп үн салса,

Кыттай уюйт кызыл аска жаңырбай.

 

Кыроо конгон мурутуна, чачына,

Карт жолоочу кайыл кашаң атына.

Калбай ээрчип, карды жиреп келатат,

Илээшкен из арабанын чатына.

 

Биз өтөрбүз өмүрдөн

Адатым бар айтаар сырды жашырбай,

Сен бар кезде туш-тарабым жашыл жай.

Бөлүнүүдөн бүлүнүүдө бул өмүр,

Үбөлөнгөн тегирмендин ташындай.

 

Күн узактай, бар түйшүгү таңгалтпай,

Түн узактай, түйшөлөмүн таң да атпай.

Өзүң жокто жүргөнсүймүн багытсыз,

Эрке желдин элегинде камгактай.

 

Көңүл сүйөр гүлүн таппай катардан,

Көпөлөктөй көңүл чөккөн сапардан.

Калка жетсе кайып болуп кетким бар,

Кабылса эле караанымды катаар жан.

 

Сездим, жаным, сен жок кезде жалкымын,

Көрүшпөгөн күндөр өтпөйт, ал – кылым.

Бүлүк салып, бүйүрүмдү кызытат,

Бүчүлөнбөй бүлкүлдөгөн алкымың.

 

Казган сайын кемий берген, өмүр – кен,

Жолуксак деп тилейм эрте Теңирден.

Күндөр өтсө кезигер кез бар дейсиң,

Күндөр өтпөйт, биз өтөрбүз өмүрдөн.

 

Гүлдү көрсөм

Өмүрдө да асыл таштай иргелген,

Күндөр болот эсте калар бир келген.

Бул дүйнөнүн салтанатын ал кезде,

Кирпигиңен туяр элем ирмелген.

 

Сагынуумду сап-сап болгон ыр кылып.

Сабылуумду эч кимге айтпай сыр кылып.

Самап барып сага жолуккан күнүмдө,

Карегиңден сүйүүң турчу кылгырып.

 

Чоочур элең чоочун назар түшүрсө,

Четте калчу чогоол ойлор, бүшүркөө.

Коштошо албай таңга чейин жүрчү элек,

Кызыгына батып кыштын үшүп, жөө.

 

Жал-жал карап жалооруган көзүңчү,

Менсиз дүйнө сага супсак сезилчү.

Жалбырактай дилдирегиң жок эле,

Эркелетсе ээн желге үзүлчү.

 

Кантип анан… жандырмак жок суроодой,

Ойлор мээни кысат, чыңайт буроодой.

Балким, менин алсыздыгым, ашыкча,

Мээримиме эрип кеттиң кыроодой.

 

Элесиңди ак кайыңдай ыргалган,

Унуталбайт эңсөөм менин кур калган.

Бир муңайым обон келет эсиме,

Гүлдү көрсөм кол жетпеген кырлардан.

 

Терек

Чырпык элең чынар болдуң, терегим,

Жалтылдатат жалбырактын жел өңүн.

Кызмат кылат кусаматсыз аккан суу,

Мээрим төгөт мурдагыдай эле күн.

 

Барган сайын чар тарабың жайылып,

Жамы журтка жан сергитер жай улук.

Көрүп туруп көз мелжиген көркүңдү,

Көкүрөктүн көксөп айтар жайын ук.

 

Жөндөмүң күч, таң калтырар ык, талап,

Ыр жаздырды ышкы отуна шык калап.

Тыным албай адам үчүн абаны,

Таңдан кечке тазартасың чыпкалап.

 

Биз, адамдар жакшылыктан назар таап,

Жашообузга пейлибизди таза арнап.

Ыпыласты иргеп турсак теректей,

Дүйнө кандай тунук болмок, тазармак.

 

Түшүнгүн

Эссиз бирөө ылайланган көлөчүн,

Этекке аарчып ыза кылган эле, чын.

Бирок жашоо ыргагынан жанган жок,

Өмүр сенин кылың күмүш беле, чың.

 

Кимдир бирөө байлыгына манчыркап,

Басып кеткен бармагымдан кан чуркап.

Бирок, жашоо ырыскысы текши экен,

Уучу толуп, улап кетер канча урпак.

 

Мерестик көп, далай көңүл калыштык,

Жакын туруп, кээде арада алыстык.

Боору ташка болтурбаган көкзаңкер,

Күндүн нуру текши – кандай калыстык.

 

Эй бурадар, ушул аалам, ушул күн,

Кут береке, өнүмү мол түшүмдүн.

Кыбыр эткен кыймылы бар жандуунун,

Баарысына бирдейлигин түшүнгүн.

 

Сенден чөйрө турса экен таасирленип

Ыдык көргөн турмушта жашынан көп,

Ыкка көнөт жашоого башынан, көк.

Беттегенин бербеген, жалтанбаган,

Муш жесе да тагдырдын ташынан көп.

 

Баа берүүгө батынган мүнөз кымбат,

Көз сынынан өткөзүп тегиз, кылдат.

Бук төгүшүң бутага тийип турат,

Ханбы, бекпи, ылгабай ким өз, ким жат.

 

Жокту сурап беришип, алыштыкпы,

Жообум жакпай, же көңүл калыштыкпы.

Кетсе кокус калпыстык бизден кетээр,

Сенден дайым көрөбүз калыстыкты.

 

Жактырган бар аз, көппү баасын берип,

Жүргөн да бар жактырбай жаасын керип.

Сен жашаган чөйрөңөн таасирленбей,

Сенден чөйрө турса экен таасирленип.

 

Сестенүү

Өңүмбү, түшпү, жалгандай,

Маанай пас, ойлор ар кандай.

Токойду, тоону, талааны,

Чылк туман каптап калгандай.

 

Караандар жылып жүргөнсүйт,

Тобосуз, ыйга күлгөнсүйт.

Чалынсаң жетип тургузбай,

Желкеңе салмоор илгенсийт.

 

Көз караш өңдөр суз өңдүү,

Багыттап айтпайт түзөңдү.

Каршыңан чыкса ызаат жок,

Кагыша түшөт үзөңгү.

 

Бейтарап, иш жок жөндөгөн,

Беймаза шартка көнбөгөм.

Адамдык сапат жок жерге,

Адашып келген өңдөнөм.

 

Өзүң жардам кылгайсың

Өзүм барда кемчилигим биле көр,

Какшык айтып каалашыңча күлө бер.

Көзүнчө айтпай көңүлүнө кир сактап,

Көзү жокто кылгандар бар үлөгөр.

 

Аңгеме айтып адам көөнүн жубатчу,

Алаксытып аңга түртүп кулатчу.

Керээли кеч кеби бузук кээ бирөө,

Кезигишсең кенен жаят кулачты.

 

Кимдин кантип ак-карасын ылгайсың,

Жаңылышсаң жан дүйнөсүн булгайсың.

Оолактатып санаасы кир пендеден,

Оо, жараткан өзүң жардам кылгайсың.

 

Бир тамчы

Кылтайды тоодон Күн чыгып,

Кыймылдан “тырс” деп үн чыгып.

Бой түзөйт гүлдөр,

жатты эле

шүүдүрүм басып тумчугуп.

 

Көлкүлдөп күндөн жашынбай,

Мөлтүлдөп жылып шашылбай.

Бойлоду гүлдүн сабагын,

Бир тамчы көздүн жашындай.

 

Таркатаар бойго кубатты,

Алмашаар айлап сугатты.

Бүт өмүр күткөн бир учур,

Кез келген балким убак бу.

 

Татканып тамчы мүрөктөй,

Кулпунду гүлгө кир өтпөй.

Алыстап кетти айдарым,

Арманда калып бир өппөй.