Керимбек Кадыракунов: Алыс, алыс, алыс жакта айыл бар, Шаңын эстеп тынчым кетер жайым бар.

****** Кирпигимди көтөргүчө үңүлүп, Көздөн кайым тоону көздөй жүгүрүп. Адаштырып кетти ээрчитпей келген жаз, Жашыл көктөм жатып калды түңүлүп.   Жаз жыттанган жашыл көктөм жел өпкөн, үмүт үзбөйт жазым кайра келеттен. Жооп күтүп жол тосууга барчудай, Жоогазындар жайнайт сары желекчен.   Билбейм канча өттү ортодо аралык, Барган сайын муздак желге таранып. Жайда жашыл дан байлаган карагат, Жол кароодон кетти көзү карарып.   Ойлор келет кээде мага чаржайыт, Маңыроодой маани берсем барбы айып. Жашыл көктөм күздөн эмес, а балким, Жазды күтүп кетет белем саргайып.   Сагындырсын, мейли сапар узасын, Ынагынын ырбаттырып толугу менен…..