Капар Токтошов: Дарактын өлүмү

Дарактын өлүмү

Жайдын толук кези. Асман көп-көк, томуктай булуту жок.

Аптап. Too да, түз да, талаа да, жадесе жалпак тамдарынын апакай чатырларын аптапка тосуп айыл да ысып-күйүп чыккан.

Каякка көз чаптырба аптап ойнойт: акактай тунук күн нуруна шоокумдана, миң түркүн түскө кубулуп оболоп жатты. Жөн оболобой, толкун болуп оболойт. Толкуп Ара-Талааны, Ак-Кудук айылын, аркы Баба-Атаны, бүт айлананы ээлеп турат дым чыгарбай.

Теребел тынч.

Жок, тынч деле эмес: Орто-Алыштын көк-кашка суусу санжыра кеп баштап, сөзүнүн аягына чыга албай чулдурайт. Чегирткелердин безелене чырылдаганын айтпа! Бирде муңдуу, бирде шаңдуу ыргакка өтүп, бастап койбойт. Шалбаа үстүнө улам бир торгой канат сабап коңгуроо кагат. Бирок ушулардын бардыгы аптапка тумчугуп алдамчы жымжырттыкка айланган.

Талаа-түз бүт жашыл толкун астында.

Ошол ай-ааламга оюн салган толкун менен кошо толкуп Ара-Талаада жалгыз терек жетимсирей термелет.

*****

Бул чөлкөм убагында айыл болгон. Алгачкы жатакчылар ушул жерди байырлашыптыр жери да, суусу да көңүлгө төп келип. Ошолор Ара-Талааны чытырман чийден арылтып жер там салышат да, короосуна бак тигет. Азыр ал айыл жок. Калганы ушул жалгыз терек.

Аккудуктуктар аны «Чакенин тереги» дешет тек гана. Ал ким болгон, кандай киши эле, эч ким оозанбайт. Такып сураганды кайдыгер кагып салышат: «Ээ, бир бечара өткөн дүйнөдөн!..»

Жайлоого каттагандар болобу, сугатка чыккандар болобу, ат откоруп, чөп оргондор болобу, ушу жерди пааналайт. Кез-кез бу тегерек майрам шаңына бөлөнүп бака-шака үндөр менен кыраан-каткы күлкүгө толот. Демек, көлөкө аракечтерге же картачыларга арткан.

Киши бою жеткис алдыңкы бутагында «сымбатым кандай, карачы!» дегендей бажырая жылмайган сулуу бийкечтин сүрөтү илинген. Андан саал өйдө, сынган бутакка чийбаркыт кемселинин этегинен илинип он бир-он экилердеги тестиер бала турат салаңдап. Жылаңайлак, жылаңбаш. Кулаары, куласа эти оорууру менен иши жок эптеп бул абалдан кутулуштун айласын кылып тыбырайт…

*****

Бир топтон бери ушинтип салаңдап турат бала. Ортодо саат эмес кылымдар өткөнсүдү…

Күндүн ачуу тийген нурлары анын тасырайта кырдырган томолок башын аёосуз куйкалоодо. Ала качып катар жер жок. Ысып чыккан төбөсүн кичинекей алаканы менен калкаламыш этет, бирок колу талыйт чыдатпай. Ошондо болгон күчүн үрөп кайрадан туйлап кирет. Чарчаганда жедеп ыйдан шишиген көздөрүн болушунча бакырайтып аптап толкунунун арасынан сактап калар караан издейт.

Үмүттүн ичи кенен эмеспи, антип караган сайын кандайдыр элестер көзгө урунуп, теректи карай талпынып, бирок аптапты кечип өтө албай эрип жоголот…

*****

…Өзү курдуу балдар менен чүкө атып, чикит чабышып, күн бешим болгонун унутуп коюптур. Курсагы ачышып-сайгылашканда сезди аны.

Чай ичип жатканда апасы нааразы боло күңк этти:

–Кудайды карап ойносоң боло. Күндүн ысыгы бу…

Ысык өтүп кетсе оңдурмакпы?.. Байтал байлануу турат азандан бери. Орто-Алышка оттотуп келсең атаң экөөбүздүн колубуз узарбайбы, айланайын…

Апасы ошентип айтып жатканда көк иримди жара тилип самолеттун үнү чыкты. Нурбек мындайда чыдап олтура албайт, эки аттап эшиктин алдына жетип, көзү кардыкканга карабай асмандан караан издеди. Оо бир топто барып тапты издегенин. Артына упузун ак тилке таштап батышты карай зымырап бараткан экен самолёт.

Үнү уңулдап, кулак жарат.

–Шву-уу-ууу!..

Бала мойну талыгыча карады аны. Көк иримге көрүнбөй сиңип кеткиче узата карады. Ичинен жапжалгыз ырын кайрыйт:

«Самолёт, самолёт,

Кабинкеңе сала кет.

Көк иримге ала кет,

Космоско жол салайын,

Космонавт болуп алайын».

Самолёт анын карап турганы, жалынып ырдап турганы менен кенедей да иши болбой сапарын улады. Баба-Атанын артына кирип жок болду.

Бала таарынбайт учкучка, анткени баарын билет: Баба-Атасы дүйнөдөгү эң бийик тоо, анын үстүнөн жөн самолёт учуп өтө албайт, истребителдер гана өтөт бу жер менен, кез-кезде гана өтөт, маанилүү тапшырма менен гана өтөт, шашып өтөт, кулакчан тагынып алат учкуч: анысы курусун, ыңылдап-зыңылдап бүт ааламдын үнүн кабылдайт, эр болсоң ошолордун ичинен командирдин үнүн айрып көр, истребителдин учкучтары гана жарайт бул ишке, ошондуктан аларды космоско учурушат, тапшырма ушундай.

«Атаңгөрү, бир эле жолу кулакчынын шыпырып учуп өтсө ээ үстүмдөн. Ырымды угуп бир кайрылса. Жанына алып асманды көрсөтүп түшүрсө. Атаганат, кандай бактылуу болот элем!»

Бала ушундай кыялга батат кээде. Учкусу келип туруп алат дейсиң!.. Жан-дүйнөсү аптыга шаштырып Чакенин терегине чакырат.

Тору байталдын милдети Нурбекте. Күндө бир маал Орто-Алышка откоруп, эки жембаштык чөп оруп кайтат. Ара-чолодо Чакенин терегинин башына чыгып айылын карайт самолёттон карагансып. Айыл алаканга салгандай көрүнөт ал жерден. Үйүн көрөт бала. Үйүн гана эмес эрбең-эрбең этип кирип-чыккан апасынын караанын чалат.

Эх, кандай кызык ошо маал!

…Самолеттун карааны көрүнбөй калганда тору байталды жайдак минип Ара-Талаага ашыкты Нурбек.

Жетээр менен теректи карай чуркады. Күндө олтурчу ордуна чыкты. Чыгып келатып жаңыдан илинген сүрөттү тамшана карап алды. Чын эле сымбаттуу, чырайлуу бийкеч экен. Кысынып-кымтынып койбой бактылуу жылмаят…

«Штурвалга» жаңыдан көчүк басканда тааныш үн кулакка шак этти.

–Шву-уу-ууу!

Кичинекей жүрөгү оозуна келе түштү аптыктырып. Кайда олтурганын унутуп тура калды. Асман бетин жара тилип эки самолёт жарышып баратыптыр.

«Бүгүн кандай эле жарышып учуп калышкан? Душман кол салдыбы же бир нерсе издеп жүрүшөбү?» деп ойлоду бала. «Удаа-удаа учуп калганына караганда маанилүү иш болгон».

Көзгө илешпей учкан кош караанды ээрчий карады бала.

–Карс!

«Самолет жарылды!» – кулагы тунуп, мээсин ток ургандай ой ушу болду.

–«Учкуч аман калгай эле?!»

Аалам астын-үстүн болуп көзү караңгылады. Коюу көлөкө таркаар замат караса самолёттор жарышкан тейде кетип баратыптыр.

–Шву-уу – ууу!

Эс ала түштү.

Бут алдындагы бутак сынып кулаганын, кемселинин этегинен учтуу бутакка илинип токтогонун, өзөрө түшүп оңолгонун, деми кысылып, аркасы чыдатпай ачышып жатканын боолголоду бир топтон соң. «Эчтеке эмес, – деди ичинен. –Самолёт аман калды. Эми учкучтар тапшырмасын сөзсүз аткарат!»

Эти ооруп, кыйналып турганына карабай учкучтарды кырсыктан арачалаганына ичи жылып, ичи ысыйт. Бала болуп башына жүн чыкканы жасаган жалгыз эрдиги ушу!

…Закым мезгил, өктөм мезгил өтө берди токтобой. Бир маалда өңгүрөп ыйлап ийди бала. Көпкө ыйлады. Анан солуктап басылды…

Дарманы кетип шайы оойт. Күч топтоп жашыл толкун ичинен тааныш караан издеди кайрадан. Эрбеңдеген бирдеме көрүнгөнсүйт. Апасы го?! Аптыга кыйкырды бала.

–Апа-а!

Кардыккан алсыз үн алыс кетпей аптапка аралашып өчтү. Ачка толкун үн менен кошо эмелеки эрбеңдеген караанды да жалмап-жутуп жибериптир. Ындыны өчө түштү ошондо. Ою тумандап сымаптын тамчысындай чачырады.

«Мага эми баары бир…»

*****

Жакын жерден бөдөнө сайрады.

–Быт-пыл-дык! Быт… пыл… дык…

Чегирткелер безелене чыркырайт. Алыстан-алыстан торгой үнү, тыным албай тытыраган мотор үнү келет. Бирөө ушалап жаткансып жалбырактар жарыша шыбырайт.

–Шбр… шбр… бр-р.. р-р…

Жок, жалбырактар шыбырабай эле сүйлөп жатат.

«Кызык! – Бала таң калды ичинен. – Дарак да сүйлөйбү? Буга чейин билбегенин кара!»

Бүт дитин коюп, ааламдын эсепсиз көп үндөрүнүн арасынан учкучтар командирдин үнүн тыңшагандай тыңшай баштады терек үнүн.

«Жалгыздык! Көкөй кескен жалгыздык! Кыйнадың го! Эмне өчүң бар? Качан алып бүтөсүң аныңды? – Терек кыйкырып жатты баланын кулагын тундуруп. Тарсылдагы жарылчудай дүңгүрөйт. – Канча суу ичтим, канча кылым карыттым, канча жомок уктум? Менин жомогумду ким угат?»

«Мен угам» дегенсиди бала. Терек сөзүн улантты.

«Аптапта адамдарга көлөкө тартууладым. Адашканга жол көрсөтүп Ак-Кудукка чакырдым. Ара-Талаага жалгыз өзүм көрк болуп журтта калган каракчыдай түн күзөтөм. Качан бүтөт бу өзү?»

«Жомок айтам деди эле, качан айтат ыя?» – Баланын башына элдир-селдир ой келди.

«Бала артынан бала көрүп, бирок бир да бирөөнү кармана албай кожоюнум Чаке өттү дүйнөдөн. Элдикиндей, атасы азан чакырып койгон аты бар эле Чалкан деген. Мээнеткеч, уста, акылга карк адам эле. «Какыраган кара Кочкорго да бак өсмөкпү?» деп шылдыңдаганга карабай мени Чүйдөн баласындай бапестеп көтөрүп келген. Кара Кочкорду гүлдөгөн Кочкор кылмак кыялында. Кудайдын ичи мынча тар болбосо эмне болмок! Бала артынан бала берип, бирок бир көрсөтүп, моокум кана жыттатпай, бал тилинен таттырбай кайра алып турду го чиркин!

Бу жалганда мен татпаган таттуу, мен татпаган ачуу калдыбы?! Эң таттуусу да, эң ачуусу да элдин тили экен. Эптеп бала көрсөм деген илгери үмүт менен аялына үйрүлөр эле жарыктык Чакем. Анысын намыска бек, түркөй журт кайдан жактырсын?.. Бешик тойдун кешиги сууй электе кара түнгө кабылып көр кучактаган Чалканды табалашты: «Баягы курган Чалкан баласын чагып алыптыр. Көзү жаман иттин, карап эле койсо ымыркайдан жан кетет» дешип. Ал келатса бала-чакасын курумшуга орой катып далдоого качышат. Жан-дүйнөсү жалгыздыктан жапа чеккен эмени ошентип ого бетер жалгызсынтты калайык.

Жашоого, жашка сук, жайдары жан эле Чакем. Арманы тоо болсо да, үмүткө тойбос, ындыны өчүп кайгыга алдырбас кайратман эле. Эмне болду, билбейм, бир күнү кечке жуук короосу толо теректи жыгып, жалгыз мени калтырды. Көзүнүн жашы он талаа. Төрөлгөндө бир, ошондо бир ыйлады жарыктык! Алдагы сен илинген бутагыма кыл аркандан сыйыртмак байлап өксүп-өксүп алды. Аркандын илмегин мойнуна салып баш көтөрсө жүзүндө бакыт ойноп турат, тобо! Жаш баланын, наристенин тунук күлкүсү уялаган эриндерин. Көз карашы баёо… Көктү карап кобурайт: «Кечир мени жараткан! Келбестикке баратам. Бу жашоону өлүп жашап, өлбөстүккө аттандым. Ыракмат өмүр сага! Ыракмат Ара-Талаа! Торкому топоңо кош жерибей. Кош Баба-Ата! Урпагыңа кара санабай уул-кызыма барайын. Уруксат бер, батаңды бер! Түпөйүл журт түшүнсүн айтып койгула: Адам болуп төрөлүп, Адам бойдон өтүп барам дүйнөдөн. Чалкан болуп чаксам өз балдарымды чаккандырмын, акыры башка бирөөгө кара санасам тул болоюн! Кызыл көз Кабыл болоюн. Муну кантип далилдейм эл-журтка? Бүгүн кечте Келдикенин наристеси чарчаптыр, «Чалкан чаккан имиш». Анда эмесе чакпас Чалкан болоюн. Келдикенин кара көзү ылайым мен чаккан наристенин акыркысы болсо экен! Кош!..» Бут алдында үйүлгөн кыш кулап аркан керилди. Бутагыма салмак түштү көтөрө алгыс. Бирок көтөрүп турдум айла жок. Жыгылып кетсем деп каалайм, тамырымды кара жер коё бербейт бек кармап. «Бут тоспо! – дейт. – Өлбөскө аттанган адамга…»

…Баланын зээни кейип, боору ооруду даракка. Анын үнү атасынын, тээ жаңыдан эс тарткан кезинде жомок айткан коңур үнүн элестетти. Жомокту ошондо эшиткен… Эсинде калбаптыр. Аны бүгүн терек эске салды кичинекей мээсинин тереңин аңтарып.

Атасын чакырды бала үнүнүн болушунча кыйкырып. Апасын чакырды жанталаша. Келген жок…

*****

Балапанына жем ташыган таранчы уясынын четине коно калып жылаңач кызыл эттерин элжирей карады да, «чыйт» эттире заңдап алды. Анысы түп-түз баланын куйкаланган башына шалп этти.

«Капырай! Терек ыйлап атабы? – Баланын эси дендароо. – Дарак да ыйлайт турбайбы?» – Көзү тунарып, канга боёлгон шоола менен Кабылдын – Кызыл көздүн элеси көрүнөт. …

Дүйнөгө Адам-ата менен Обо-эне жаралып күн кечирди. Жылдар өттү. Эгиз уулдуу болушту Абыл, Кабыл аттуу. Андан соң эгиз кыз төрөлдү: биринин өңү серт, экинчиси айдай-күндөй ажардуу. Мезгил жетип ата-эне уулдарын үйлөнтүштү: Абыл сулуу карындашы менен кол кармашты, Кабылга өңү серти буюруптур.

–Ак никеңер кабыл болуп, тукумуңар өссүн! – деп бата беришти ата-эне. Эки уулуна эки жерден түнөк таап өздөрүнчө бөлүштү. Келечекке үмүттүү карап бактылуу өмүр сүрөт.

Түгөйү менен Абыл бактылуу жашады катар-катар уул-кыз таап. Бир гана Кабыл бул чөлкөмдө өзүн бактысыз сезет. Басса-турса сулуу карындашынын элеси ээрчип, санаасы сан.

Кайсы күнү белгисиз бир заманда картаң шайтан Арус (шайтан-шабырдын түпкү атасы) Кабылдын жан-дүйнөсүндөгү бүдөмүк ойду сезип калды:

–Адамым, акылманым, – деди ал назик үн менен: – Эмне мынча ойлонуп калгансың?

Кабыл чочуп кетти:

–Эч нерсе болгон жок. Агама ниетим түз!..

Ошентип жаңылды Кабыл. Алдыртан сырын тарттырып шайтандын жетегине түштү.

–Агаңы өлтүрсөң сулуу сеники, – Арус кеңеш берди. – Адилеттик сен тарапта.

…Абыл бурула берип катуу онтоду да, чагылган тийгендей кулады. Кабыл күч менен урган таш анын баш сөөгүн талкалап, баштын сынган жеринен мээ килкилдеп чыга түшүптүр.

Асман чарт экиге жарылып, чагылган оту жердин бетин саймалады. Шатырата жамгыр төгүп, жамгыр аралаш карт шайтандын – Арустун каны сапырылды. Көз ирмемде жашыл аалам жошо болду.

Адам-ата окуяны карт жүрөгү менен таамай сезип, акыркы деми менен уулун каргоого үлгүрдү.

Обо-эне эстен танды. Ага бу түндүгү ачык асманы, түбү түптүү жери бар жалгыз жалган тар болуп турду ошо чакта.

Дүйнө бир саам алай-дүлөй. Асман жер үн алыша терең кайгыга баткан… Бул адамды адам өлтүргөн катаал, татаал, таш боор доордун башталышы болчу!

Кабылдын кулагына атасынын каргышы, энесинин зар какшаганы, аял-балдарынын жоктоп ыйлаганы угулду. Агасынын сөөгүн көтөрүп качып жөнөдү. Качып кете берди… кете берди. Бирок ал үндөрдөн качып кутула албады. Кайда барбасын кулагына жаңырат…

Ошентип үч жүз жыл дүйнө кезди. Кабыл арып болду, карып болду. Ич дүйнөсүн шайтандарга талатып, көздөрү шайтандыкындай кызарып кеткен. Ошондуктан жан-жандыктын бардыгы кызыл көздөн коркуп, жанына жакын жолотпой качар эле…

Акыры жер кезип качып баратып дарыяга түшүп кетти да, балыктарга жем болду Кабыл.

*****

Чексиздикке чекит боло токтой калып бала чоң атасынын ушул жомогун эстеди. Мындай жомокторду кулагына кыттай куюп кайра-кайра айтар эле ал киши. Анан бир күнү каяккадыр сапар алып кайткан эмес…

Көргөн түшү ушул жерден чорт үзүлүп ойгонуп кетти бала. Көзүндөгү кочкул-кызыл күүгүм ачык-жашылга айланып эсине келди.

Башы лукулдап салмагы арткан. Мээсин кан тээп акырын сыздатууда. Жок дегенде башына күн тийбесе эмне?! Ала качып катаар жер жок. Ааламдагы анын үлүшү ушу: ары да, бери да кете албайт. Тар болбосоң коё кал а!

Аптаптын арасынан караан издеди бала акыркы күчүн топтоп. Чааралакей тарткан көзүнө дегеле эч нерсе илинбеди.

Атасынан, апасынан, баарынан үмүтү үзүлгөн соң бала учкучту эстеди. Жарылган эриндерин жансыз кыбыратып жалынып коёт:

–Учкуч байке! Келчи бери. Келип бошотуп алсаң. Айтканыңды аткарып ар убак жаныңда жүрөм. Экөөбүз аалам мейкиндигинен чоң атамды, Чакени издейбиз. Оттон качпас баатыр болом байке сени менен. Келчи батыраак!

–Чр-люй! Чр-рр… – Уясына жем ташыган таранчы бутакка конуп чырылдайт. Тептегерек көздөрүн ойноктотуп баланы кайдыгер карап алат да, сайраганын улантат. – Чр-люй! Чыр-рр…

Бала чымчыкка саам алаксып, анан учкучту чакыра баштады кайрадан:

–Сен кайдасың учкуч байке? Алыста-алыстасыңбы? Бирок сенин самолётуң баарынан күлүк, баарынан ылдам эмеспи. Азыр учсаң азыр жетип келесиң…

–Чр-люй! Чр-рр…

Баланын үнүн чымчыктын үнү басып кетти. Көзүнөн аккан жаш чекесине, андан ары чачынын арасына агып, кытыгылап тоголонот.

–Чр-люй! Чр-рр…

Чымчык өчөшкөндөй чырылдады. Катуу оорудан бала чыдай албай көзүн жуумп жиберди… Денесине канат бүтүп жашыл ааламдан суурулуп, кыпкызыл мейкинге – аалам мейкинине атып чыкты. Чыкты да учу-кыйры белгисиз дүйнө кезип жа-ай каалгып, өрттөй ысык шамал жиреп учуп жөнөдү…

Дүйнө бүтүн жашыл толкунга айланып, толкун ичинде жалгыз терек жетимсирей бой керет. Башында бутакка илинип салаңдаган тестиер баланын жансыз денеси. Аны чочутуп ойготуп албайын дегенсип жалгыз чымчык дүлөй үн салат:

–Чрр-люй! Чрр-р-р!

*****

Айылдан чыккан беш-алты караан адегенде мүрзөгө кайрылып, баланын сөөгүн жашыра салып эле Чакенин жалгыз терегин карай бет алды.

–Эн-неңди урайын!.. Өлсө да жөн жатпайт экен го! – деп ызырынып келатты атасы ичинен сөгүнүп. Жанындагылардын да жаалы көзгө чыгып, дегеле тоону томкоруп, ойду омкорчудай ачуулуу. Терекке жакындаганда текирең-таскакка өтүштү. Адегенде келип токтогон баланын атасы аттан секирип түшүп эле күү менен терекке балта матады.

–Тоңк!.. Тоңк!..

Чамынды чачырады. Ары жагынан бирөө, бери жагынан бирөө кериле балта шилтейт. Колдон колго өтүп балтада тыным болгон жок. Бир маалда картаң терек оор онтоп алып кыңая баштады. Анан күп этип кулап түштү.

Ошондо гана тыным алды көп караан. Чекедеги терди колдун сырты менен шилеп, жыгылган терекке каз-катар көчүк басышты башты салаңдатып. Эч кимиси үн каткан жок. Энтиккен дем басылайын деп калганда арасынан бирөө күңк этти.

–Куран окуп коёлучу ээ?.. Куран окулуп, «экинчи эч кимдин наристеси чарчабасын» деген бата тартылды.

«Адамдай кызык жан жок экен дүйнөдө, – деп ойлоп койду терек жаны чыгып баратып. – Бейкүнөө мени өлтүрүштү, мага кошуп чымчыктардын балапандарын өлтүрүштү. Өзгөнү өлтүрүп жатып өздөрүнө өмүр тилешет…»