Капар Токтошов: Дарактын өлүмү

Дарактын өлүмү Жайдын толук кези. Асман көп-көк, томуктай булуту жок. Аптап. Too да, түз да, талаа да, жадесе жалпак тамдарынын апакай чатырларын аптапка тосуп айыл да ысып-күйүп чыккан. Каякка көз чаптырба аптап ойнойт: акактай тунук күн нуруна шоокумдана, миң түркүн түскө кубулуп оболоп жатты. Жөн оболобой, толкун болуп оболойт. Толкуп Ара-Талааны, Ак-Кудук айылын, аркы Баба-Атаны, бүт айлананы ээлеп турат дым чыгарбай. Теребел тынч. Жок, тынч деле эмес: Орто-Алыштын көк-кашка суусу санжыра кеп баштап, сөзүнүн аягына чыга албай чулдурайт. Чегирткелердин безелене чырылдаганын айтпа! Бирде муңдуу, бирде шаңдуу ыргакка өтүп, бастап койбойт. толугу менен…..